Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:41

Дүйнө

Белоруста интернет көзөмөлгө алынат

Белорус президенти Александр Лукашенко 1-февралда интернет чөйрөсүн тартипке салуу тууралуу жарлык чыгарды. Өкмөт жаңы эрежелер өлкөдө экономиканы өнүктүргөнгө көмөктөшөт деп ишенет. Бирок Евросоюз бул чечимди "туура эмес багыттагы кадам" катары баалады.

Интернетке көзөмөл киргизүү тууралуу президент Лукашенконун жарлыгына "кыл калемдүү" сатириктер дароо саясий шакаба менен жооп беришти.
x
Интернетке көзөмөл киргизүү тууралуу президент Лукашенконун жарлыгына "кыл калемдүү" сатириктер дароо саясий шакаба менен жооп беришти.
Текст көлөмү - +
Лукашенконун жарлыгына ылайык интернет чөйрөсүндө калкка кызмат көрсөткөн бардык уюмдар, мекемелер жана ишканалар мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт. Мындан тышкары интернет жайлары, сайт ээлери алардын кызматынан пайдаланган бардык адамдар, алардын кандай маалыматтарга кызыкканы тууралуу коопсуздук органдарына маалы-маалы менен очет берип турганга милдеттендирилет. Зарылдыгы чыккан учурда КГБ, ички иштер министрлиги жана мамлекеттик контрол комитети өз алдынча тинтүү-иликтөө иштерин өткөрүшөт. Бул үчүн соттун же прокуратура органдарынын уруксаты талап кылынбайт. Президенттин кеңсесине караган оперативдүү аналитика борбору да ушундай укукка ээ болду.

Өкмөт чиновниктери бул эрежелердин маанисин чечмелеп, интернеттин жардамы менен экономиканы өнүктүргөнгө өбөлгө түзүлөт, коомдун моралдык принциптери, автордук укуктар корголот деп түшүндүрүштү.

Көз карандысыз эксперттер болсо баарыдан мурда мамлекетке карабаган маалымат-аналитика борборлору менен оппозициядагы партиялардын, жаранчыл уюмдардын сайттарына "кара кулпу" салынарын, калгандарынын мойнуна "каргы" илинерин жосмолдоп жатышат.

"Мамлекет интернет дүйнөсүндөгү иштерди текши териштирип-тескеп тургусу келет, калк алардан окуп, казып-таап жаткан маалыматтарды чыпкадан өткөрүп, "зыяндуу" көрүнгөндөрүн элге чыгарбай жок кылып турууну каалайт. Жарлык атүгүл жазалоо чараларын күчөткөнгө жол берет",- деп билдирди белорус журналисттер бирикмесиндеги жетекчилердин бири Андрей Александров.

Жарлык быйыл 1-июлдан тартып күчүнө кирет.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар Лукашенконун чечимин "коомдун моралын коргоо максатына" жамынган амалкөй цензура катары баалашты.

"Президент өз жарлыгын өлкөдөгү интернет эркиндигин жакшыртат деп эсептейт. Чынында болсо интернетти көзөмөлдөө ишин күчөтөт. Бул диссиденттер менен өкмөттү сындаган активисттердин сары изине чөп салган эле ыкма эмес, ошондой эле ырасмий маалымат каражаттарынан таба албаган кабарларды интернеттен издеген адамдарды опузалап, жүрөгүнүн сары суусун алуунун ыкмасы", -деп айтты "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү Люси Морийон.

Евросоюздун тышкы иштер министри Кэтрин Эштондун кеңсеси да белорус президентинин жарлыгына камтамачылыгын билдирди.

"Интернетке байланыштуу бул жарлык күчүнө кирсе, албетте, ал Белоруссиядагы сөз жана маалымат эркиндигин ого бетер чектейт, -деп айтты "Азаттыкка" кеңсенин башчысы Лутц Гуеллнер. – Бу маселени биз карап чыкканы жатабыз, анткени ал туура эмес багыттагы кадам болуп саналат".

"Чыгыштагы өнөктөштүк" программасына кошулган Белоруссиядагы эркин маалымат жана басма сөз маселесин Брюссел ырасмий Минск менен кызматташуунун башкы шарты катары карайт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда болсо документ менен жаңыдан тааныша башташты.

"Биздин мекеме да бул жөнүндө кабардар, азыр жарлыкты кунт коюп окуп, талдап жатабыз. Буга биртке убакыт керек болот, ошондон соң өз бүтүмүбүздү айтабыз",- деп кабарлады "Азаттыкка" уюмдун өкүлү Роланд Блесс.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: chingiz
05.02.2010 17:45
Albette tuura emes, ani Bizde da kilganga araket jasap jatishpaybi, jash sayasatchilardi, opozitsiyani jok kilish uchun atilgan kadam bular. 21. kilimda 19 kilimdi engegen adamdardin kadami.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)