Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:36

Кыргызстан

Эксперимент!

Эгерде электр кубатына жана жылуулукка болгон тарифти туура эмес эсептешкен болсо, анда тиешелүү тараптарга катаал чаралар көрүлмөкчү. Президент Курманбек Бакиев кечээ ушундай деп, уулу башкарган Өнүктүрүү агенттигине жана өкмөткө тарифтин тууралыгын текшерүү боюнча тапшырма берди.

Текст көлөмү - +
Президент өз уулу Максим Бакиев башкарган Өнүктүрүү агенттигине жана өкмөткө жылуулук боюнча тарифтин тууралыгын текшерүү боюнча тапшырма берди. Оппозиция өкүлдөрү муну - өкмөттү тилдеп, Өнүктүрүү агенттигинин аброюн арттырууга багытталган жүрүш катары баалашууда.

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги жүргүзгөн текшерүү жылуулукка болгон тарифтер туура эмес көтөрүлгөн деген жыйынтык чыгарса - тиешелүү өкмөт мүчөлөрү жана өкмөт башчы кандай жаза алышы мүмкүн? “Өкмөт тарифти туура эмес көтөргөн, аны М.Бакиев башкарган агенттик аныктап, кайра мурдагы калыбына келтирди”,- деген саясат жүрүп аткан жокпу? Кыргыз өкмөтү баары жогуна күнөөлүү болуп, тил угуп отуруп калчу кол бала бойдон калып атабы?

Президент К.Бакиевдин жылуулукка болгон тарифтин тууралыгы боюнча кечээки сөзүнөн кийин дал ушул сыяктуу суроолор кайрадан козголуп, өкмөт мурдагы президенттин тушундагыдай эле туура эмес иштердин бардыгына күнөөлүү болуп чыкчу схема кадимкидей эле иштеп атканы айтылууда.

Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин жетектөөчү адиси Мирбек Маматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, жылуулукту, электр энергиясын жана ысык суунун тарифтерин көтөрүүдө бардык факторлор эске алынганын, алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде гана ушундай жасалганын, эгерде тарифтер көтөрүлбөсө энерго компаниялар чыгашага иштеп, алардын жабдуулары бир күнү жарактан чыгып калмактыгын билдирди. Жылуулукка тарифтин көтөрүлүшү боюнча ал буларды айтты:

- Жылуулуктун тарифин ала турган болсок, бул жер аны элге чейин жеткирип берүү проблемасы бар да. Жеткирип берүү проблемасы, аны өндүрүү проблемасындай эле чыгашалуу нерсе. Мисалы, бул жыл үчүн болгон эсеп боюнча ТЭЦтен 380 сомдон алышат жылуулукту. Ага өздөрүнүн чыгымы кошулган бааны коюшат. Анан чыгаша жагын кошкондо 1050 сом чыгып атат. Эми бул жерде техникалык жоготуулар да өтө көп. Андан тышкары колдонулбай калган жылуулук деген болот. Маселен, алар өндүргөн бардык жылуулук кардарга жете бербейт. Жолдо кайсы бир бөлүгү жоголот. Көп жылдардан бери жылуулук жеткирүү линиялары да абдан эскирген. Алардын буга чейин акчасы да жетмек эмес оңдоого. Тариф өзүн-өзү актаган эмес. Оор абалга келип калышкан.
Эгер көбүрөөк толкундоо болуп кетсе, анда Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси чыгып тарифтерди төмөндөтүшү мүмкүн. Анда М.Бакиев эле жакшы киши болуп көрүнөт, Д.Үсөновду отставкага кетирип, ошого баарын шылтап салышат болушу керек.
 
Марс Сариев


Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, тарифтердин көтөрүлүүсү президенттин деңгээлинде эле чечилген нерсе жана аны өлкө башчы деле жакшы билсе керек. Бирок жаз жакындап, оппозиция да жандана баштаганда энергетика тармагындагы эксперименттерди кайрадан ойноонун варианттары караштырылууда. Талдоочунун айтымында, кандай болсо да Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси элге жакшы көрүнө тургандай вариант каралган. Маселен, эл толкуп кетсе тарифтер үчүн өкмөт күнөөлүү деп табылып, аны дал ошол Өнүктүрүү агенттиги аныктайт:

- Акаев убагындай эле өкмөттүн башындагы кишилер кол бала болуп калышты. Азыр чын эле эл нааразы. Элдин жазында чыга тургандай маанайы бар. Байкап атасыңар, эгер оппозиция өзүнүн курултайын өткөрсө абдан эле көп кишилерди топтойт. Аларды эл колдоп кетет. Ошону президент көрүп туруп өзүнчө вариант даярдап атат.

Мына, тарифтер боюнча аудит жүрөт деп атат. Апрелде бүтөт дешет. Анан митингдер башталып, оппозиция тарифтерди да карай баштаганда бийлик айтат, “мына аудит өткөрүп атабыз” деп. Ошентип байкап атышат элдин маанайын. Эгер көбүрөөк толкундоо болуп кетсе, анда Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси чыгып тарифтерди төмөндөтүшү мүмкүн. Анда М. Бакиев эле жакшы киши болуп көрүнөт, Д.Ү сөновду кетирип, ошого баарын шылтап салышат болушу керек.


Оппозиция өкүлдөрү болсо тарифтердин көтөрүлүшү энергетика тармагын сатуу максаты менен байланышканын, бийлик элдин үстүнөн ушул сыяктуу түрдүү эксперименттерди жүргүзүп келатканын, эгер эл каршы болбосо өлкөнүн бардык байлыгы сатылып кетерин айтып келатышат. Ал арада Өнүктүрүү агенттигине тарифтердин көтөрүлүшү боюнча аудит өткөрүү тапшырмасы берилди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: rat каяктан: koreya
28.02.2010 16:48
Emi Bakiev akabyz kantip kelse oshentip ketet.Akaev kantip keldi ele,al jon ele je oruscha aytkanda sluchaino ele kelgen.A Bakiev kantip keldi ele esteylikchi revolusia mn kelge bul kishige revolusia kerek.Elim oigongun jok bolup ketishibiz mumkun Bakievder mne kachyp ketet biz kalabyz dagy karyzybyz mn!!!

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
24.02.2010 20:13
Жалпы эл ынтымактуу болуп Арзыматтарды укпай жана аларга алданбаса эле бардыгы жакшы болот.

кимден: Адыл каяктан: ОШ
20.02.2010 17:30
Эмне элди экспермент кылгандай энесинин оюунубу,керек болсо Эл Бакиевтерди Экспермент кылып койбосун.

кимден: Нурлан каяктан: Сузак
20.02.2010 17:20
Элди Экспермент кылгандай эмне эл Бакиевтерге бир куралбы,буларга эч ким ишенбейт жада калса сузактык катары айтайын Ырыс айылы ишенбейт аны айыл өкмөт үкасы жакшы билет...

кимден: Күйдүргү каяктан: Тезекстан
20.02.2010 09:16
Бул бир анекдотко окшоп жатат:
Боюнда бар аял күйөөсүнө айтат экен:
- Түндө түш көрдүм, түшүмдө өңү кара "негр" бала төрөптүрмүн, анысы анан эки баштуу экен. Коркуп жатам, - дептир. Анда күйөөсү, түшкө ар кайсы нерсе кире берет деп сооротуп коёт. Убакыт маалы келип аял төрөйт. Күйөөсү төрөтканага барат. Акушер айым чыгып:
- Кандай деп айтышты да билбей турам, мындайлар кээде боло берет, аялыңыз "негр" бала төрөдү,-дейт.
- Эки баштуу бекен?
- Жок кадимкидей эле, бир эле баштуу.
- У-уф, кудайга шүгүр, -деген экен.

кимден: Gulnura каяктан: Stanbul
20.02.2010 01:03
elektir energiyanin atrifterin kimbattaganin azkelgensip ochurupta jatpaysizdarbi?bul emnedegen aybaynchilik?anda ochurbogulo?Ajo kayaktagi eksperementti aytip jatasiz?Baarin satip butunorgo?emi elindi satasinbi?baardik tarifterdi kimbattatip eldi kiynap butunorgo?Medvedivdagi Bekerinen Kyrgyzstanga ish sapari menen kelgen jok da tuurabi?Kambarat Gesine keldi ozunorcho kelishim tuzgonsunorda,munu el bilbeseda Kuday bilet?Kaysi ubak bolbosun bul kilgan jooruktarinizga joop beresiz

кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: B
19.02.2010 22:04
Preziden, balasynan elektr energiyaga bolgon kymbattonu, jana "Tunduk elektr" ishkanasynyn tekeyden arzan satylgany jonundo da tekshertuu jurguzdurbodu da.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)