Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:31

Кыргызстан

Апта окуясы: У.Барыктабасовдун кармалышы

Апта башынан бери Бишкек шаарын түрдүү кеп-сөздөр аралап, 5-августта шаарда митинг болору, баш-аламандыктар орун алары айтылып, тынчсыздануулар көбөйүп кеткен. 5-августта “Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү Урмат Барыктабасов Бишкекте курултай өткөрүүгө аракет кылып, натыйжада анын тарапкерлери кууп таркатылды. Анын өзү кармалып, жанынан курал-жарактар чыкты.

Урмат Барыктабасов менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев сүйлөшүү жүргүзүп атат. 05.08.2010
x
Урмат Барыктабасов менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев сүйлөшүү жүргүзүп атат. 05.08.2010
Текст көлөмү - +
У.Барктабасов деген ким?

Урмат Барктабасов - көпчүлүк үчүн табышмактуу фигура. Ал 1963-жылы 15-сентябрда Балыкчыда төрөлгөн. 1985-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында Политехникалык институтту бүтүрүп, жол куруучу деген кесипти алып чыккан.

Өзүнүн өмүр-баянында ал 1990-жылдан тарта бизнес кыла баштаганын, 1991-жылы эле долларлуу миллионерге айланганын, ошондон бери миңдеген кыргызстандыктарды бутуна тургузганын айтат. 1995-жылы ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, бийликтин кысымынан улам Казакстанга качканын, бирок ал жакта да ийгиликтүү ишкерлик кылып кеткенин, 1999-жылы кайра Кыргызстанга келип, “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасын башкарганын, 2003-жылы Казакстандагы “Астанаэнергосервис” мамлекеттик холдингин жетектегенин баса белгилейт.

У.Барыктабасов өзүн таанытууда гезит-журналдардан башка Facebook, Twitter сыяктуу интернеттеги социалдык тармактарды да кеңири пайдаланып келет.

А.Бекназаров
Ошентсе да анын кандай жол менен байыганы бүдөмүк экенин жана шек туудурарын айткандар бар. Анын Кыргызстандагы жана чет элдеги ийгиликтери тууралуу өзү жана партиясы тараткан маалыматтардан башка эч кандай маалыматтын жоктугунун өзү эле шек санатпай койбойт дешет. Маселен “БЭК” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров мындан 2-3 жыл мурда эле У.Барыктабасовго каршы бир катар кылмыш иштери бар экенин айткан болчу. Ал эми Казакстандын Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттиги У.Барыктабасовго издөө жарыялады. Анын изделип атканын www.finpol.kz интернет сайтында көрүүгө болот.

“Интербилим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында, У.Барктабасовдун Казакстандын жараны болуп туруп Кыргызстанда курултай уюштурам дегени, аткарылгыс талаптарды коюп атканы, 7-апрель же июндагы коогалаңда элге жардам бергендин ордуна эми бийликти тартып алууга умтулганы - анын кандай адам экендигинен кабар берет.
А.Сасыкбаева

У.Барыктабасов алгачкы жолу 2005-жылдагы президенттик шайлоонун алдында коомчулукка белгилүү болуп, президенттикке талапкер катары кыска аралыкта тааныла алган. Акчанын күчү менен шайлоо алдында кымбатка бааланган түрдүү кампанияларды уюштуруп, бир катар саясатчыларды өзүнө имерген. Бирок анын Казакстандын жараны экендиги аныкталып, Борбордук шайлоо комиссиясы аны президенттикке талапкерлер тизмесинен алып салган. 2005-жылдын 17-июнунда анын тарапкерлери митинг өткөрүп, өкмөт үйүнө кирип барышкан. Натыйжада күч органдары аларды кууп таркатып, У.Барктабасов өзү өлкөдөн качып кеткен. Ага карата “мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган”, “куралдарды мыйзамсыз сактаган” деген сыяктуу айыптар тагылып, кылмыш иши козголгон.

7-апрелде К.Бакиевдин бийлиги кулап, 13-июнда түштүктө коогалаң болуп аткан маалда ал Бишкекке кайрадан кайтып келип, ошондон бери Балыкчы шаарында жаткан.

5-август: У.Барктабасовду кармоо операциясы!

У.Барыктабасовду кармоо операциясы. 05.08.2010
Ошентип 5-августка пландалган “Мекен туу” партиясынын лидери У.Барыктабасовдун Бишкектеги курултайы болбой калды. Аталган курултайга чейин “5-августта бийлик алмашат экен”, “баш-аламандык болот экен” деген сыяктуу кеп сөздөр таркап, өлкөнүн күч органдары Бишкекке кирген чоң жолдордун баарын катуу кайтарып, жалпы тогуз өткөрмө бекеттерин коюшкан. 5-августта саат эртең мененки 10:00дө Балыкчы шаарынан ондогон жеңил унааларга, кичи жана ири автобустарга түшкөн миңге жакын У.Барыктабасовдун тарапкерлери Бишкекти көздөй чыгышкан. Ал арада Бишкектеги Горький атындагы гүл бакта 2000 чамалуу адам топтолуп, курултайды баштоо үчүн У.Барыктабасовду күтүп калышкан.

Өлкөнүн күч органдары болсо Бишкектин кире беришиндеги Ново-Покровка айылынын жанында Балыкчы-Бишкек жолун тосуп, аскердик унааларды, атайын бөлүктөрдүн аскерлерин, милицияны жолго тизип койду. Балыкчыдан келаткан У.Барыктабасовдун авто колоннасы аталган тосмого келип такалып, бийлик өкүлдөрү аларды тынч таркатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты.

Т.Тургуналиев
Сүйлөшүүгө түштөн кийин президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев келип, жарым саатча У.Барыктабасов менен сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүдөн кийин Т.Тургуналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, К.Барыктабасов бийликке үч талап койгонун билдирген. Биринчиси, токтоосуз түрдө премьер-министр болуу, экинчиси, ага карата козголгон кылмыш иштерин дароо жабуу, үчүнчүсү, курултайга тоскоол болбоо талабы. Мындай талаптарды анын Бишкек шаарына чогулган тарапкерлери да айтып турушту.

“Мекен туу” партиясынын негиздөөчүсү менен Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев да сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылды. Бирок аталган сүйлөшүүлөр натыйжасын бербей, жолду ачууну талап кылгандар түш оой тосмодо турган күч органдарын таш менен ургулай башташты. Жыйынтыкта алар толугу менен кууп-таркатылып, курултайчыларга каршы көздөн жаш агызчу газ, кулак тундурган гранаталар колдонулду.

Күч органдары болсо У.Барктабасов менен кошо 27 адамды кармап, алардын жанынан автоматтар, тапанчалар, мылтыктар, гранаталар, ок-дарылар чыкты. Ошентип апта башынан бери бийликтин тынчын алып, “5-август күнү бийликти тартып алат” делип аткан У.Барктабасовду кармоо операциясы ишке ашты.

5-август күнү бийликти басып алуу пландалганбы?

5-августка чейин эле күч структураларынын жетекчилери У.Барктабасовдун Бишкектеги курултайы учурунда баш-аламандыктар уюштурулушу мүмкүн экенин айтып, даярдыктарды көрө башташкан. Башкы прокуратура болсо У.Барктабасов алты жолу тергөөгө келбей койгонун айтып, соттун санкциясы боюнча ага издөө салынганын билдирген. Санкциянын негизинде Балыкчыдагы “Мекен туу” партиясынын штабына барган милициянын үч кызматкеринин кызматтык куралдарын У.Барктабасовдун адамдары 4-август күнү тартып алышкан.

5-август күнү кечке жуук ал кармалгандан кийин президент Роза Отунбаева баштаган күч органдарынын жетекчилери маалымат жыйынын өткөрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, У.Барктабасов тынч курултай өткөрөм демиш болуп бийликти күч менен басып алууну көздөгөн. Анын бул планын ишке ашырууну Бакиевдердин үй-бүлөсү каржылап турган:

- Курманбек Бакиевдин туугандарынын түздөн-түз байланышы бар. Каражаттар ошол жактан келген. Мындан үч күн мурда келген. Каражаттар бизге кайсы жол менен келгени, ким алып келип, кантип таратканынын бардыгы белгилүү. Биз бул боюнча иликтөө жүргүзүп атабыз. Анын бардыгы тергөө учурунда ачыкка чыгат.

Президент Р.Отунбаева да У.Барыктабасовдун жалгыз гана мүдөөсү – бийликке келүү болгонун ачыктады:

Р.Отунбаева
- Шайлоого баралы деп турабыз, шайлоо жакшы өтсүн. Эл азыр кандай болот деп бизден да сурап атат. Биз коопсуздукту камсыз кылабыз. Андан кам санабай эле койгула. Анын өзү кылмышкер экени боюнча бизде иштери бар. Бул экинчи жолу ушундай жолго барып атат. Беш жыл бир жерде жүрдү, бир жактан учуп келип эле анан “бийлик мага арналган, мен бийликти алышым керек, отуруп калышым керек” десе эле биз аны алып келишибиз керекпи? Бийликти күч менен тартып алам деген аракеттерине биз ушундай жооп бергенибиз туура деп эсептейм.

“Мекен туу” партиясынын лидерлери бийлик коюп аткан айыптардын бардыгын четке кагып, 5-августта тынч курултай өткөрүүнү гана көздөшкөнүн айтышат. Аталган партиянын төрагасы Кенжалы Сарымсаковдун айтымында, 2005-жылы бийликтегилер У.Барыктабасовго каршы жасалма кылмыш ишин козгоп, аны жөн жеринен куугунтукка алышкан. Азыркы бийлик да партия лидери тууралуу туура эмес маалымат таратып, тынч курултайды каралады:

- Эмнеге бийлик дүрбөп, ушунчалык элди дүрбөлөңгө салып, “куралчан келет экен, тигинтет экен, минтет экен, басып алат экен” деп эфир аркылуу айтып атканы мени таң калтырып атат. Мен бул боюнча атайын маалымат жыйын өткөрүп айттым. Курултайда жөн гана кеңешелик, чогулуп элге айталык дегендей эле сөз болмок.

У.Барыктабасов
У.Барыктабасов өзү да 5-августтун алдында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, так талашпай эле элдин таламын талашып атканын, эл бүгүнкү күнү калыстыкка, адилеттикке муктаж болуп турганын айткан.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев билдиргендей, У.Барыктабасовго каршы Казакстанда да кылмыш иши козголгон. Бирок анын Кыргызстанда да кылмыш иштери болгондуктан азырынча аны өткөрүп берүү маселеси каралбайт:

- У.Барыктабасовдун Казакстандын жараны экени тууралуу массалык маалымат каражаттарына тарап кетпедиби. Бул маселе азыркы күндө биздин карообузда эмес. Бирок Казакстандын прокуратурасы тарабынан “У.Барыктабасов Казакстандын жараны, ал кылмыш жасаган. Эгер сиздер тарабынан кармалса, бизге кабар берип коюңуздар”,- деп айтылган Казакстан тараптын кагазы бизде бар. Биз эми аны кармадык. Бул маселени биз Казакстандын прокуратурасы менен дагы талкуулайбыз. Азырынча ал маселе жок. Биздеги кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүшү керек. Андан кийин гана каралышы керек.

Эми У.Барыктабасовго каршы 2005-жылы козголгон кылмыш иштерине азыркысы кошулду. Азыр ага “бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган”, “массалык баш аламандык уюштурган”, “куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн” деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголууда. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Б.Ибраев билдиргендей, мурда У.Барыктабасовдун жогорудагылардан башка да кылмыш иштери болгон. Эми прокуратура ошол кылмыш иштерди да кайра карап, ачуусу мүмкүн.
Т.Акун

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун У.Барыктабасовдун кармалышы боюнча билдирүү таратып, күч органдары анын укуктарын тебелегенин айтат. Акыйкатчы өз билдирүүсүндө У.Барыктабасовдун токтоосуз түрдө премьер-министр болуу талабын, референдум жана парламенттик система тууралуу пикирлерин колдобой турганын, бирок 2005-жылы бийлик У.Барыктабасовдон корккондуктан ага бут тосушту деп эсептээрин, ошол себептүү Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкуловдор сыяктуу эле аны да актап койсо болмоктугун баса белгилейт.

Акыйкатчы ошондой эле К.Бакиев учурунда оппозиция Түп районунда курултай өткөрмөкчү болгонун эске салып, анда да күч органдары курултайды өткөртпөй койгонун, ошондогу оппозиционерлер деле жандарында курал алып жүрүшкөнүн белгилейт. Ошол себептүү 5-августтагы күч органдарынын аракети Акаев менен Бакиевдин маалындагыдан айырмасы жок болуп атканын билдирет.

Кантсе да чет жерлерде жашырынып жүрүп бийлик кулаган маалда пайда боло калчу, кыска аралыкта тарапкерлерин көчөгө чыгара койчу, өзүн улуттун бирден бир лидери атап жүргөн У.Барыктабасов кармалып, камакка алынды. Кыргызстанда, Казакстанда да бир катар кылмыш иштери козголуп, өтө олуттуу айыптар тагылган У.Барыктабасов бул жолу буйтап кетүүгө үлгүрбөдү. Кокус эле ири суммадагы каражат жең алдынан сунулуп кетпесе, жакын арада ал темир тордон чыкпай турган өңдүү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: немис каяктан: Германия
17.08.2010 15:03
7 апрелдеги коогалангадан кийин болгон Азаттыкка берген интервьюсунда Барктабасовко коп ишеничтер туулду эле. Мен ойлогом Барктабасов бизнести билген, экономиканы тушунгон инсан деп. Менин жеке оюмда анын 5-августагы кылган иш аракетин туура эмес деп кором. Андан коро, биринчиден, кыргыз элине, жерине пайда келтирген иши менен корунсо болбок (мисалы: завод, фабрикаларды акчып, жумуш оундарын камсыз кылып, айлык майаналарын жогору кылып). Кыргызстанга азыркы кундо экономикалык онугуу керек!!! Саясатты токтотуу керек!!! Саясат элдин жашоосун ондобойт!!!

кимден: кыргыз каяктан: россия
13.08.2010 20:22
Азыркылар эмне кыларын билбей айласы кеткен маалда Урматты камай салышты, мурун дагы Бакиев журогу тушуп кучко салып, ага карата кылмыш ишин козгото койуп жолун тоскон,андан жаман иштерди кылгандарды деле актап салышты го,ал эми азыркылар болсо абийиринердин кеткени, билип койгула Урматтын бучкагына дагы тен келе албайсынар анткени ал чыныгы адам журогу таза эл учун кызмат кыла турган инсан, жолун тоспосонор болмок чон жанылдынар. Оздору суудай таптаза болсо бир жон эле.Силердин ду журогунор тушту окшойт, акенерди окутмак мындайча айтканда кустурмак.

кимден: Нуриза каяктан: Бишкек
10.08.2010 13:37
Ой, эми эмне болуп кетебиз ыя? жаны гана эл тынчып келе жатса, кайра-кайра максатсыз мансапка умтулушуп, анчалык эле бийлике келгин келсе биринчи кезекте элине ак ниетинден кызмат кыл, таттыктуулугунду корсот, ак, так эмгегин учун эл озу эле которуп алат.

кимден: Бурул каяктан: Талас
10.08.2010 09:56
Туугандар, Агалар кечээ кунку кандын боёгу кана электе, Кыргызым аксап, буттан тура албай жатса кайта-кайта ызы-чуу кыла бергенинер туурабы? Кыргызым сага куйуп айтам, суйуп айтам АЛДАНБА! Кайдан-жайдан пайда болгон патриоттор Кыргызстан ушундай оор абалда турганда ого бетер чала бербегилечи, буга окшогон жаман нерселер улана берсе келечегибиз эмне болот? Козунорду ачкылачы Туугандар? Озунор деле ойлонсонор боло, ойгонсонор боло...

кимден: Баатыр каяктан: Москва
10.08.2010 01:10
" Бийлик !- кийиз казыкты жерге киргизет", таарынбагыла.Эл оозуна алыныштын өзү чоң дөөлөт,акчасын элге таркатып, кайра кечкен инсан,кыргызга иштеп берем !-деп чет өлкөдөн келсе,тынч курултай өткөрөм десе,аскерлерди тизип,элдик кошунду коюп талабын укпайбы?-бийлик.Бакиевдерден каржыланган дегениңер,курал табылды !- деп жатканыңарды жалаа десе болот.Бакиевден куугунтук жеген , элге ата болом ! -деген инсан, андай пастыкка барбаса керек.Казактар сурап жатат деген сөзүңөр!-пландагы нерсе, Казактар силердей келесоо эмес,дүйнөлүк аренада орду бар өлкө , Урматты беш жыл мурда интерпол аркылуу таптырып ордуна коюп коймок.Элиңерди келесоо кылбагыла! Бир мыкты Бакевдерди да, силерди да, бир кончко тыгайын!- деди эле сыйртмак салдыңар.Рахмат силерге! Канга забын болгон силерсиңер,Бакиевдер !-,кун сураар,күн келет.Күндүгүңөрдүн, түштүгүнө жорго минип тургула!-эсептешер эл бар!-

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.08.2010 23:03
Ак ит кара ит баары бир ит дегендей ким болсо да баары бир эмеспи эптеп мамлекетти жана анын суверенитетин сактап калса болду бизге маанилуу ушул нерсе. Туугандар, бир боорлор! Башка элдердин тарыхын окусаныздар башкалар эркиндик учун кылымдап кан тогушкон кее бироолору ушул кунго чейин а биз оной келген нерсенин баркына жете албай жатабыз бири бирибизди кырып. Барктабасовду уккан да коргон да эмесмин (мага кызык эмес) бирок укмуш тан калдым баракелде атын чыкпаса жер ортто!!! Элибиз жерибиз кансырап коогалан таркабай турганда "мен премьер министр боло койчумун" дегенине, "эр" экенсин! Деги татыктуубу? Синирген эмгеги барбы? Деги "курултай" деген создун маанисин билеби? А балким казакча котормосун окугандыр? Айтор тизгин талашкан эле адамдар! Бороонду кундо б.к кычайт деген ушу да! (айып этпениздер агайын за мой французск) Жогоруда эр Тоштук жазгандай Мекенине келерди эстесен зеенин кейийт! Кандай болсо да кылымдардын тупкурундо Ата Баба алып келип калтырган Мекенди сактайлы Агайын тууган!

кимден: Таалай каяктан: Россия
09.08.2010 20:18
УӨ өздөрү эмне кылып жатканын билбейт.У.Барктабасов курултай өткөрсө анын программасын эл укса шайлоодо эл ушуну колдоп жиберет деп коркушту окшойт.

кимден: Бурул каяктан: Талас
09.08.2010 13:15
Мен У.Барктабасовду ото жакшы билбесем да, коруп, ага суроо берип, суйлошуп калгам. Чынымды айтсам ото ишенич пайда кыла турган деле адам эмес экен. Анын кантип байыганын, ким болуп иштегени менен деле ишим жок! Азыр Кыргызстандагы оор абалдан пайдаланып бийликке жулкунушун он ойлонсом да тушунбой койдум. Э Туугандар бийлик дегенибиз "проходной двор" эмес да! 1000-2000 адамдын башын айландырып, кыйкыртып коюп эле бийликке келе берсе болот бекен? Эсинерди жыйгылачы! Намысынарды, уяттынарды ойготкулачы уктап журуп ушул кунго жеттик го!!!

кимден: Zina каяктан: USA
09.08.2010 10:39
Men Urmat Barktabasovdu taanybaim Ugup jurgonum bolboso. Birok jogorkulardy okup oturup azyrky biyliktin murunkulardan kymyndai da ayirmasy jok ekenin baikadym. Antkeni bular da Urmat Barktabasovdon olorcho korkot eken. Bolboso, eger ozdoruno ishense mynchalyk yzy-chuu kylmak emes. Bilkbeim aitor echkimge dele ishenich bolboi kaldy ...

кимден: Балыкчылык
09.08.2010 08:00
Барктабасов чынында эле коп адамды бутуна тургузган убагында. Ал прагматик. бизнести да иштетет, жумуш ордун да тузот. эл эмне учун колдойт аны билесинерби? ал коп суйлобойт, так иш аракет кылат, анан кыргызга коп боор тартат. ал колдук ШОК жигит. кее бир коп суйлогон пайдасы жок саясатчылар журбойбу башынарды айлантып? алардан Барктабасовдун айырмасы чон. Коп саясатчынын колунан кокон тыйын келбейт, Барктабасов болсо эркек
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)