Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:29

Кыргызстан

Март ыңкылабына беш жыл. Убадалар аткарылдыбы?

Мындан туура беш жыл мурда Аскар Акаевдин бийлиги кулатылып, бириккен оппозициянын колдоосу менен Курманбек Бакиевге оомат оогон. Андан бери эмнелер өзгөрдү? Президент К.Бакиев ошондогу убадаларын аткардыбы?

2005-жылдын 24-марты, Бишкек.
Текст көлөмү - +

2005-жылдын 24-мартында миңдеген элдин толкунуна туруштук бере албай Аскар Акаев башындагы бийлик “ак үйдү” таштай качты. Бириккен оппозиция Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоп, кыйласы жогорку кызматтарды ээлеп калышты. Бирок көп өтпөй эле К.Бакиев менен 2005-жылы үзөңгүлөш жүргөндөр бийликтен четтей баштады.
 


Президент үзөңгүлөштөрүнөн эмнеге кол үздү?

2005-жылы келген жаңы бийликте “ыңкылапчы” лидерлердин кыйласы чоң кызматтарга отурушту. Азимбек Бекназаров Генералдык прокурор, Роза Отунбаева Тышкы иштер министри, Исмаил Исаков Коргоо министри, Досбол Нур уулу Билим берүү министри, Анвар Артыков Ош облусунун губернатору ж.б. Ал эми мурунку президент Аскар Акаевдин доорунда эле оппозицияда жүргөн дагы бир топ лөктөр Жогорку Кеңешке депутат болуп келишти.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, президенттин өз үзөңгүлөштөрүн четке сүрө баштоосуна анын мурдагы бийлик тушундагы акча ресурстарын колго кармап тургандар менен биригип, мурдагы эле бийликтин саясатын уланта баштоосу себепчи болду. Анын үстүнө 24-марттан кийин чогуу бийликке келгендер президент К.Бакиевди кайра-кайра демитип, демократиялык коом куруу үчүн эл алдында сөз бердиртип, көп учурда тең ата мамиле кылышканы ага жакпаса керек:
 

Марс Сариев

- Менимче 2005-жылдан кийин К.Бакиев мурдагы эле Акаевдин доорунан калган мафиялык топтордун, каржы ресурстарын кармап тургандардын койнуна кирип кетти да. Мындай айтканда ыңкылап максатына жетпей калды.

Ошондой эле М.Сариевдин айтымында, президенттин берген убадаларын бат эле унутушуна анын үй-бүлөсү да себепчи болгондой. Анткени 24-марттан кийин президенттин ага-туугандары, балдары бийликке батыл аралашып кетти.

Президенттин убадалары жана реалдуулук...

Президент К.Бакиевдин 2005-2006-жылдардагы убадалары өзгөчө көңүл бурарлык. Саясий күчтөрдүн кысымы алдында ал бир канча жолу эл алдында чоң-чоң убадаларды берип, мурдагы президенттин каталарын кайталабай турганын, үй-бүлө мүчөлөрүн саясатка аралаштырбасын, өлкөнү демократиялык нукка бурарын айткан. 2006-жылы өлкөнүн башкы теле каналына интервью берип атып ал мындай деген эле:
Максим Бакиев

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Бирок бүгүнкү күнү реалдуулук таптакыр башка нерселерди айтып турат. Президенттин кичүү уулу Максим Бакиев “жогорку өкмөт” атыккан Өнүктүрүү агенттигин башкарып калды. Чоң жыйындарда премьер-министр Данияр Үсөнов анын оң жагынан орун ээлеп, сөзүн угууга аргасыз. Ал эми президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси. Көптөгөн жан сакчылардан тышкары мурдагы Улуттук гвартиянын аскерлерин, “Арстан” сыяктуу элиталык аскер бөлүктөрүн түз тейлейт. Ал эми оппозиция өкүлдөрү аны бүтүндөй күч органдарын былкылдатпай башкарып атканын айтышат. Булардан тышкары президенттин башка ага-инилери, улуу баласы да чоң кызматта.

Ыңкылаптан “Кеңешме демократиясына” кеткен жол...

Былтыртан бери президент К.Бакиев башкарууну реформалоо багытын баштап, Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүүгө камынууда. Анда Өнүктүрүү агенттиги сыяктуу жаңы түзүмдөр пайда болуп, президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса анын милдетин аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш аныктаары жазылган. Анткен менен баш мыйзамда жок болсо да Өнүктүрүү агенттиги сыяктуу мамлекеттик түзүмдөр кадимкидей иштөөдө. Бийлик демилгеси менен чакырылган Ынтымак курултайы деле ошол саясаттын уландысы дешет.

Кечээ президент Ынтымак курултайында сүйлөп жатып, дүйөдө батыштык үлгүдөгү шайлоолорго, адам укуктарына негизделген демократиянын тууралыгы талкууга түшүп атканын, жамааттык жоопкерчиликке негизделген кыргыз коомчулугуна оңой менен батыштык үлгү сиңбей турганын айтты. Андыктан ал Кыргызстанга “кеңешме демократия” керектигин, шайлоолор элди тажатып бүткөнүн баса белгиледи:
Ынтымак курултайынын катышуучулары. Бишкек, 23.03.10

- Шайлоолор чөнтөкчүлөрдүн марафонун элестетип баратат. Шайлоону көпчүлүк белен аш менен бекер акчага туналы деп күтүшөт. Ошентип, белен аш менен бекер ооктатка тап идеология өкүм сүрүүдө. Миллиондогон байлык талаага чачылып, шайлоонун кадыры кетип бүттү.

Дал ушул себептен улам президент Кытай сыяктуу катаал системасы бар өлкөнүн жолуна түшкөндөй сезилет. Талдоочу М.Сариевдин баамында, бүгүнкү бийлик Ынтымак курултайына “кеңешме демократиясын” байлап, өлкөнү Түркмөнбашы сыяктуу башкаргысы келгендей түр көрсөтүүдө. Анын бул планы ишке ашып кетсе, президент кокус милдетин аткара албай калса өлкө башчысынын милдетин аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш аркылуу аныктап, андан ары шайлоого чыгарбай эле курултай аркылуу тандай койчу заман эртең эле келип калышы ыктымал.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү, 2005-жылдагы митингдердин уюштуруучуларынын бири, белгилүү саясий ишмер Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, ошол 24-марттан кийин К.Бакиевдин үзөңгүлөштөрү ага ишенген эле. Анын үстүнө ал да байма-бай убадаларды берип, башкарууну бир колго топтоп албасын айтып келген. “Тилекке каршы убакыттын өтүшү менен ал бала-чакасынын, ага-туугандарынын, эл-аралык алдамчыларынын сөзүнөн чыга албай калды окшойт”,- дейт Т.Тургуналиев.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мопс каяктан: РФ
27.03.2010 22:31
Ажо билбепмин,укпапмын деп кутулганга өттү.Эмнеге? Жалганды эмнеге айтат??? Качанга чейин бул кайталанат? Д.Үсөновун карасанар,ал дагы билбейм,укпадым дейт.Ой,айланайындар,анда тез иштен кеткиле,мынча жинди оюн ойнойсуңар? Эл эмне мал болуп калганбы Силерге?

кимден: Актилек
25.03.2010 13:08
Тегирменчи, сага ишенейин десем болбой атат. Факт деген өжөр нерсе экен. Ал теңирден тескери болуп атпайбы, Бакиев экөөңөрдүн айтканыңардан. Келечектин айтканындай кылып Орусия парламентине кайрылуу жасаш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.03.2010 01:21
Улуу даражалуу мырза ПРЕЗИДЕНТ,убагында дүйнөгө таанымал, миңдеген эсе жогору турган диктаторлор өткөн,карап көрсөк баары тең трагедия менен аяктаптыр өмүрлөрүн.Сиздин болсо эми жашыңыз деле келип калды,ден соолугуңуз деле көп түзүк эместей,тарыхка жаман атты болуп кирбей,элиңден кечирим сурап анан эс алууга кете берсеңчи.
Максимиңди мураскор кылам деп,балапан балаңдын тагдырына балта чаппа,эл аны эми бийлике жолотпойт,болбой эле барып алса өмүр бою көлөкөсүнөн коркуп жашай турган болот.

кимден: КЕЛЕЧЕК каяктан: ЭВОЛЮЦИЯ
24.03.2010 23:18
Биз, Кыргызстан элинин Ынтымак Курултайынын делегаттары, өлкөдөгү абалды жана анын өнүгүү көйгөйлөрүн . Президент менен Өкмөткө сунуштарды кабыл алдык:
Кыргызстандын бирдиктүү элин түзүү зарылдыгына Президенттин жана биздин жалпы элибиздин көңүлү өзгөчө бурулсун
• Президентке башкаруу реформасын улантуу, аны жер-жерлерде жемиштүү башкаруу түзүүгө чейин жеткирүү сунушталсын(((((Бул ынтымык чогулушунун чечими ЭКЕН((((((((((( биздин пикирибиз төмөндөгүдөй(((((Бул бийликке элдик агымдын -селдин агындысы болуп кокусунан келген адам экен! Докладын окудук да"АЗАТТЫКТА" жарыяланып жаткан маалыматка таянсак, БЭК, ЭЛДИК КУРУЛТАЙ КАБЫЛДАП талап койгон 7 маселенин (А.Абдурасуловадан ГЕНЕРАЛ ИСАКОВ тууралуу айткан) бийликте сын пикирлер ара-чолодо айтылымыш болгондо, бийлик бирөөнүн да тындап анализ берүү жок,крулай эле Оппозиция кет дегенден башканы билбейт деп айтса,АНДА бул Бакиев билсин КЫРГЫЗ эң жек көргөн,адамды,же короочуну КЕТ ДЕП айтат. Ал Элдик курултай кет десе злдин атынан, Жалпы копчулук элдин кыргыздын атынан ,колдогон көпчүлүктүн атынан талап кылышууда.Бул бийлик Элдик курултайдын чечимин эсептешмек түгүл угуп даа койбогондуктан КЕТСИН!ЭЛДик курултай жер -жерде эл колдогон эл үчүн иштеген бийлик түзүү бышып жетилиптир, Бүгүн аяктаган чогулуш,Калайык калк бул ынтымак эмес элди бөлүп -жарган "жасалма чогулуш" болуптур!(Бир дагы конкреттүү чечими жок, жалпы курулай декларация) кандай чечим алса да элдин кызыкчылыгын эске алынбаптыр ,юридикалк күчү жок суу кечпеген сунуштар .УЯТ_АБИИР калбаптыр соттолуп-оттолуп атканын билбептирмин дей (АР кудай дын күнү столуна кыргызстан боюнча күч бийлик жазуу түрүндө болгон окуя ларды кабардайтко,тоок уурдаганга чейин,мурунку Коргоо министир кылмыш тергөөсүндө болгонун Кабары, жок болсо президенттин,элди кыргызды ким башкарууда айланйын. Эл ЖУРТэми 21 кылымда кокон хандыгын орнотууга кыргыз сөзсүз бөгөт койолу! Ушул март окуясы ан сезимди кана ойготту,жаныча багыт алып кыянатчы бийликтин өмүрүн кыскарткан зле. Ал эми бүгүн 5-жылдан соң, эки -жакты карагыла,башкасы эмес коңшу тектеш деген эл казак бизди адам оордуна санабай сыйлабай ,өзбек коңшубуз чек арасына кытай сепилин куруп алды!Эл аралык аброй жок ,Улуу орус мамлекети ачык эле ПРездитентинин журум-турумуна карата мамиле курабыздеп ачык жарыя кылышты!Бул март тонкорушун пайдаланган бийликтин анык жузу Жалпы кыргызга чон зыян алып келуудо,экономикалык блокада,ушул темпте кыргызды курутат!Оппозиция эл аралык коомчулукка кайрылуусу ,Россия парламентине кайрылуусу зарыл!Анткени так жить невозможно-кулдук психологияда

кимден: кыргызбай каяктан: Ош
24.03.2010 22:49
Бакиев 15 жыл Акаевдин убагында болгон туура эмес иштерди айтып эми кыйраткандай сөз сүйлөгөндөн уялбайбы!Ошол Акаевдин убагында ар кандай бийлик бутагында олтуруп акырында премер болуп турганда Аксыдагы алты азамат өлгөн! Бакиев кантип президент болгонун да билебиз.Президент болуп эмнени кыйратты?!Элди кыйнап ,жерди ,элдин менчиги болгон көрүнүктүү ишканаларды сатып эми уялбай ынтымак курултайы деп 750 дүжүрлөрдү чогултуп 2 күндөн бери элди алдап жатышат!Анын бир эле мисалын айтайын жанагы Конгантиев деген министри Сариевдер жөнүндө жалган маалымат берди!Үмөталиева өзү келди деп ал аялды млицялар сүйрөп алып бараткан сүрөтүн Азаттыктын сайтынан көрсөңөр болот. Ошондой эле Ошто 25 адам көчөгө чыгып тополоң кылганынан токтоттук, уюштуруучулары качып кетиптир деп калп айты. Ошол уюштуручу деген Келдибаевди таңкы саат 7.30-8.00 чамасында үйүнөн укук коргоо адамдары алып ШИИБдө камап олтурушканын эмнеге айтпайт.Уялбай Алайдан келгендерди тамак алып берип , үч автобус менен үйүнө жеткирдик деп калп айтат.Молдомуса эмне өмүр боюу министр болуп өтөт бекен эртең кылган иштерине жооп берчү күн келет!!!

кимден: Известняк каяктан: россия
24.03.2010 21:37
Бакиевдин интерьюсу КТР .2006 жыл..- Президенттин баласы турат.тигиниси турат.мунусу турат десе ушуга ишенгендер да бар экен.Булар ойлоп атышса керек дагы эле Акаевдин мезгилиндей деп.Менин балдарым.эч качан Кыргызстандагы майда болобу чон болобу.бир дагы бизнеске аралашпайт .Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып. чон баласы кичуу баласы дегендерге ишенбеш керек.Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй бүлөм үчүн кадайдыр бир кызыкчылыктарга барып.жаман иштерди кылганга эч качан барбайм.шарт түзбөйм дагы...... Ушул цитатаны окуп алып Бакиевдин двойниги барбы деген ойго келесиң Болбосо өз оозунан чыккан убадаларын бат эле унуткудай ..... Бул убаданы башка адам эл алдында окуган сыяктуу.Өткөндө бир адам Бакиевге койондой окшош экен деп сүрөтү чыкты эле ошол киши сүйлөп жүрбөсүн жогорудагы убадаларды ....Түшүсөм майнеке болойун.!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.03.2010 21:05
Болору болду, бойосу канды, Элдик курултайдын талаптарын уруп ойногон жок Бакиев. Эми эмне кылабыз, демократияны жерге көмөбүзбү...Урматтуу БЭК жетекчилиги айткыла ачы ушул жолу убадаңар аткарылабы же силерге ишенбей эле койолубу. БиБиСиден Өмүрбектин сүйлөгөнүң угуп иренжип калдык, көрсө акырына чейин Бакиев анча-мынча болсо да уступкага барат деп күтүпсүңөр. Силер эмес, бизге карапайым элге булардын кепке келерине ишенич жок болчу таптакыр.

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
24.03.2010 21:00
Исаковду мунапыс менен чыгар деп эч ким суранган жок.Исаков акталсын деп жатабыз.Менин талабым: 1) Бакиев тезинен Исаковду актасын 2) Исаковдон кечирим сурасын 3) Кыргыз элинен кечирим сурасын 4) Кызматтан кетсин 5) Мыйзам алдында жоопко тартылсын

кимден: Тегирменчи25 каяктан: Москва
24.03.2010 20:17
Ажобуз чындыкты айтып атат. Үйбүлөөсүн, улуу бала, кичүү баласын бийликтен аябай эле алыс кармап атат го, эми мындан ары алыс каякка кармамак эле. Эл деген ушундай да, Ажонун айтканына ишенбей, көргөн көздөрүнө ишентип атышпайбы. Бакиев "аралашпайт" дедиби, значит аралашкан жок...

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)