Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Казакстан: “Тырмактууга тептирбей бапестеген” кайын атага жооп


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “Кесеп кайын ата” (“Крестный тесть”) аттуу китеби көптөн бери созулуп келаткан үй-бүлөлүк жаңжалдын отуна май тамызгандай болду.

Рахат Алиев өз китебинде президентти диктатор деп атап, кайын атасын жана анын айланасындагылардын сырларын ачкан. Казакстандын башкы прокуратурасы Рахат Алиевди кызмат абалынан пайдаланып кат алышууда, телефон сүйлөшүүлөрүндө жана башка мааалыматтарда камтылган сырды шардана кылды деп кылмыш ишин козгоду. Мындан тышкары прокуратура гезит, журналдарды китептеги маалыматты басып чыгаруу үчүн кылмыш жазасы караларын эскертти.

“Кесеп кайын ата”
аттуу китебинде президенттин мурдагы күйөө баласы, көп жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеген Рахат Алиев Назарбаевдин жеке турмушун жана мамлекеттик сырларды ачкандай болду.

Учурда Австриянын Вена шаарында бозгунда жүргөн Алиев өз мекенинде 40 жылга эркинен ажыратылган. Ага коррупцияга жана адам уурдоого тийешеси бар, мамлекеттик чыккынчылык кылган деген айып тагылган.

540 барактан турган китеп - орус жана немис тилдеринде жарык көрдү. Казакстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сырларды шардана кылды деген айып менен Алиевге каршы дагы бир кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Сапарбек Нурпейисов китептеги маалыматты басып чыгарган массалык маалымат каражаттары да кылмыш жообуна тартыларын эскертти:

- Эгерде бизге казак жараны бул китепти сатып алганы, же сатканы тууралуу маалымат түшсө, ал кылмышкер Рахат Алиев менен кызматташкандыгы үчүн сот жообуна тартылат. Бул китепте мамлекеттик сырлар камтылган. Бул сырларды билүүгө уруксаты жок адам китептин мазмуну менен таанышууга укугу жок.

Назарбаев мурдагы күйөө баласы Алиевден ушундай кадамды күттү болду бекен...
“Кесеп кайын ата” аттуу китебинде Рахат Алиев өзүн “белгилүү саясий ишмер, Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси, Казакстандын ЕККУ, БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы чабарманы, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жогорку өкүлү” деп тааныштырган.

Китепте Алиев менен Назарбаевдин бетме-бет сүйлөшүүлөрү үтүр-чекитине чейин жазылган. Алиев бир жолу Назарбаев менен сүйлөшүүгө диктафонду жашыруун ала барганын айтат. Китепте Назарбаевдин башка өлкөнүн лидерлери, ырасмий адамдары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү, жашыруун каттардын копиялары да тиркелген.

Алиев өз китебин “даректүү роман” деп атап, андагы маалыматтар, келтирилген жүйөлөр жана кишилердин ысымдары турмуштагыдай өзгөртүлбөй берилгенин айтат.

Рамат Алиев өз китебинде “1991-жылдан бери Казакстанды башкарып келаткан Назарбаев алсыз өлкөдөгү демократияны муунтту” деп жазат.

Рахат Алиев “кесеп кайын атага каршы чыгуу мүмкүн эмес. Себеби ал жашыруун полицияны түзүп, коррупциялашкан сот, тергөөчүлөр жана журналисттер анын айтканын айткандай орундатат. Парламент, сот, интернет – булардын бардыгы президенттин көзөмөлүндө. Оппозиция жок кылынды” деп жазат.

“Азаттык” үналгысынын Казак кызматына берген маегинде Рахат Алиев бул китептин айланасындагы чууну мындайча чечмелейт:

- Мага каршы дагы бир кылмыш ишинин козголушу – бул китепте келтирилген жүйөлөр чындык болгонун дагы бир ирээт тастыктайт.

Алиев “Кесеп кайын ата” аттуу китебинде “2012-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу нийетимди билдиргеним үчүн жана Назарбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу чечимине каршы чыкканым үчүн мен номур биринчи душман аталдым” деп жазат.

Китептин автору президент өз атаандаштарын жок кылуу ыкмасын мыкты өздөштүргөнүн, Казакстандын Коопсуздук кызматы белгилүү оппозиционер Алтынбек Сарсенбаев жана анын эки өнөктөшүн өлтүргөн деп ырастайт.

Президенттин жеке турмушуна да токтолгон Алиев өз китебинде Назарбаев президенттик орунду 28 жаштагы үчүнчү аялынын баласына өткөрүп берүү тууралуу нийети болгонун жазат. Алиев 2035-жылы ал бала 30 жашка толгондо Назарбаев аны мураскор деп жарыяларын айтат.

Алиев өзүн чоң кызматтарга коюп, “тырмактууга тептирбей, мүйүздүүгө сүздүрбөй бапестеген кайын атасы, президент Назарбаевди коркунучтуу, ачкөз, тайманбас жана ырайымсыз адам катары сүрөттөйт.

XS
SM
MD
LG