Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:23

Дүйнө

Ооганстандагы кырдаал дүйнө коомчулугунун көңүлүндө

28-январда Лондондо башталган конференцияны утурлап, Ооганстанга кошуна өлкөлөрдүн Стамбул шаарында өткөн жыйынында лидерлер ооган президенти Хамид Карзайдын талиптер менен элдешүүнү көздөгөн планын колдоп чыгышты.

Текст көлөмү - +
Ооганстан, Пакистан, Кытай, Иран, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген ырасмий өкүлдөрдүн катышуусунда, Түркиянын президенти Абдулла Гүл Стамбул шаарында маанилүү жыйын өткөрдү.

Жыйынга байкоочу катары АКШ, Британия, Орусия, Евробиримдик жана НАТОнун өкүлдөрү да катышты. Жыйын соңунда катышуучулар орток бир билдирүү жарыялап, анда ооган коомчулугунда кайрадан жарашуу жараянына жана ал жараяндын чеги ичинде талиптердин, “ал-Каида” жана башка террордук уюмдар менен катышы болбогон катмарын кайра коомго интеграциялоону көздөгөн ооган жетекчилигинин планына колдоо билдирилди.

Ооган президенти Хамид Карзай талиптердин арасында ошондой миңдеген кишилер болгонун билдирди:

- Талиптерди коомчулукка кайра интеграциялоо жөнүндөгү бул аракеттерге биздин өнөктөштөрүбүздүн, өзгөчө АКШ менен Британиянын колдоосу бар. Аны биздин кошуналарыбыз да колдоодо.

Вашингтондо Ак үйдүн басма сөз өкүлү Роберт Гиббс бул тууралуу жасаган баяндамасында, Иракта да ушул өңдүү элдешүү схемалары түркүн фракциялар менен иштелип чыкканын, эгерде фракциялар Ооганстандын Конституциясына баш ийип, зордук-зомбулуктан баш тартышса, АКШ Ооганстанда да ушул өңдүү демилгелерге оң караарын баяндады.

25-январда маалымат жыйынында сүйлөгөн Пакистандын президенти Асиф Али Зардари да элдешүүлөрдү колдогон пикирин айтты:

- Эч бир демократиялуу өкмөт же партия такай согуш жөнүндө гана айта албайт. Биз тынчтык жөнүндө сүйлөшүбүз талап кылынат. Эгерде элдешүүнү каалаган же азыркы жолунан кайткысы келген кишилер бар болсо, демократия ар дайым аларга кучагын ачып тосуп алат.

Карзайдын элдешүү планы ушул аптанын башында Стамбулда Түркиянын президенти Абдулла Гүл, ооган президенти Хамид Карзай жана Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин ортосунда өткөн саммитте да талкууга алынды.

Алгачкы саммит 2007-жылы Стамбулда өткөнүн эске салган президент Абдулла Гүл, бул жыйындарда 3 бир тууган өлкөнү кызыктырган кеңири көлөмдүү, чын ыкластуу жана үзүрдүү сүйлөшүүлөр болгонун, тынчтык жана бир туугандык мамилелердин орнотулушу үчүн кызматташтыкты күчөтүүнүн чаралары бул кийинки саммитте да талкууга алынып, конкреттүү кадамдар ташталганын билдирди.

НАТОнун мүчөсү катары Түркия Ооганстанда АКШдан кийинки эң чоң аскерий күчкө ээ. Түрк аскерлери согуштук операцияларга катышпай эле, коопсуздукту сактоого арналган жалпы күзөттүк жумуштарды аткарууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)