Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:22

Эл үнү / Коом

Ооганстандагы соңку таш бараң шарият жаатында талашты курчутту

Исламдык диниятчылар жана окумуштуулар Түндүк Ооганстандагы жаш жубайларды таш бараңга алып өлтүрүү окуясын катуу айыптады. Ал экөөнө жергиликтүү талиптер «ала жипти аттаган» деген доо койгон.

Ооганстандын конституциясы исламды мамлекеттик дин катары белгилеп, бардык мыйзамдар ислам менен тыгыз байланышта экенин ырастайт.
x
Ооганстандын конституциясы исламды мамлекеттик дин катары белгилеп, бардык мыйзамдар ислам менен тыгыз байланышта экенин ырастайт.
Текст көлөмү - +
«Азаттык» үналгысынын кабарчысы Абубакар Сыдыки билдиргендей, мындай өлүм жазасы Ооганстандагы шариятка негизделген мыйзамды түшүндүрүү жаатында кызуу талкууну ого бетер курчутту.

15-августта Түндүк-Чыгыш Ооганстандагы Кундуз аймагында жергиликтүү талиптердин буйругу менен жаш жубайлар таш бараңга дуушар болгон. Аларга «ала жипти аттаган» деген айып коюлган.

Өлкөнүн президенти Хамид Карзай мыйзамсыз куралчан топ тарабынан жүзөгө ашырылган бул таш бараңга алуу окуясын «кечиримсиз кылмыш» деп айыптап, «бул эки жашты сот иши жок эле өлтүрүү эч кандай адамдык да, исламдык да эрежелерге жатпайт», - деди.

Талиптер мындан мурдараак айылынан жашынып качып кетип никелешкен жаш келинди жана жигитти айылдарына азгырып чакырып алып, жубайлар келээр замат колго түшүрүшкөн. Андан кийин жергиликтүү молдолордун кеңешин чакыра калып, жаштарды өлүм жазасына тартышкан.

Кошумчалап айта кетсек, өткөн аптада 350 диниятчы Кабулда чогулуп, «Худоод» деп аталган катаал шарияттык тартипке негизделген кылмыш кодексин кабыл алууну талап кылышкан. Ал эми өлкөнүн конституциясында ансыз дагы «бардык мыйзамдар шариятка ылайык болушу зарыл» деген талап киргизилген болчу.

Ошондон улам, «Шарият – бул өзгөчө эрежелердин тизмесиби же ар кандай түшүндүрмөгө жол берген татаал салтты камтыган адатпы?» деген көйгөйлүү суроо туулат.

Ооганстандын конституциясы исламды мамлекеттик дин катары белгилеп, бардык мыйзамдар ислам менен тыгыз байланышта экенин ырастайт. Бирок ошол эле учурда, Ооган баш мыйзамы Адам укуктары боюнча Дүйнөлүк Жалпы декларация жана башка эл аралык келишимдер да өлкөдө урматталаарын тастыктаган.

«Азаттык» үналгысынын Ооган кызматына маек курган диниятчы Маулви Абдул Насир таш бараңга алуу жазасын айыптап, «мындай жергиликтүү соттук чечим чыгаруу учурлары таптакыр туура эмес» деп билдирди.


«Исламдык мыйзамга - Шариятка караганда, эгерде айыпталуучу «ала жипти аттадым» деп өзү кылмышты мойнуна алса гана сот жазалоочу өкүм чыгара алат. Мындан тышкары, анын кылмышын тастыктаган төрт күбө болушу зарыл. Эгерде күбө жок болсо, мойнуна алган адам баары бир күнөөлүү деп табылбайт. Күбөлөрдүн бардыгы тең мындан мурун эч бир укук бузууларга аралашпаган, аты таза адамдар болушу керек», - деди Маулви Абдул Насир.

Кабулдун Жогорку Сотунун өкүлү Маулви Сыдыкулла Муслим «өлкөдөгү шариятка негизделген мыйзам адам укуктарына карама-каршы турбайт жана исламдык мыйзамдарды борбордук бийлик гана ишке ашырышы керек» деген оюн айтты.

«Исламдык мыйзамды изилдегендер шариятты көптөн бери талкуулап келишти. Исламдык мыйзамдын негизинде соттук чечим чыгаруу болсо, сөзсүз мамлекеттин административдик жана сот органдары аркылуу гана жасалышы керек», - деди Муслим мырза.

Каирдеги «Ал-Азхар» университетинин Шарият факултетинин мурдагы деканы профессор Хамид Мохаммад Абу Талиб «Азаттык» үналгысынын Ооган кызматы менен маек курду. Анда ал «кылмыш далилденген болсо дагы, куралчан топтордун эч качан соттук чечим чыгарып, адамдарды өлүм жазасына тартууга укугу жок» деген пикирин айтты.

«Ооганстанды алсак, эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Хамид Карзайдын өкмөтү гана жогорку бийликке ээ. Ошон үчүн жер-жерлерде өзүнөн-өзү башкарып алган куралчан топтордун мүчөлөрү өз алдынча сот иштерин алып барып, мындай чечимдерди чыгара албайт. Анткени алар эл тааныган бийлик эмес. Алар жөн эле мыйзамсыз жол менен айрым жерлерди басып алган куралчан күчтөр. Алардын бийлиги менен эч ким макул эмес», - деп билдирди Абу Талиб мырза.

Хамид Мохаммад Абу Талиб ошондой эле «исламдык жаза кодексин бир гана тынч кырдаалда, жарандардын өздөрүнө жана алардын мүлкүнө бийлик тарабынан коопсуздук камсыз кылынган гана исламдык өлкөдө жүзөгө ашырса болот» деп кошумчалады.

Ооганстандагы талиптер жана башка согушчул топтор өзүнчө исламдык утопияны көздөп, жарандардын макулдугу менен эмес, аларды коркутуп-үркүтүүнүн негизинде гана өздөрү көксөгөн түзүлүштү кайра калыбына келтирүүгө далаалат кылып жатышат. Бирок алар көздөгөн коомдук түзүлүштү көпчүлүк мусулман диниятчылар четке кагып келет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Момун
21.08.2010 14:28
Бул жорук. Анан да Ош окуясында түндөгү азан айтуу, мусулманды муслманга тукурууну кандай түшүнөбүз?

кимден: Бала каяктан: Баткен
19.08.2010 09:30
мындай боло берсе дуйнонун жарым кишилерин таш баранга алуу керек болобу? кандай таш боорчулук. булар ислам динин жаман корсотуп жаткан жокпу

кимден: Рай
19.08.2010 09:16
Эки жаш жубай шарият жолунда нике кыйдырышкан турбайбы. Аларды жазалоо туура эмес деп ойлойм. Алардын никесин кыйган молдо эмне дейт болду экен, ал да жазаланышы керек эле да, тигилер менен чогуу. Мамлекеттик мыйзамдын негизинде ЗАГСка туруп жашап жаткандардын бирөөсү деле, башка мамлекеттерге барып, иштеп же эс алып жүрүшүп, жагып калган аял менен мечитке же молдого барып, бир күндүк, үч күндүк же бир айлык нике кыйдырып жашагандар деле бар го, кайра кетип жатканда талак берип, ажырашып алышкандарчы? Тиги эки жаш шарият жолун аткарып, бир күндүк же бир айлык эмес, түбөлүк жашоо үчүн нике кыйдырып жашоого бел байлашкан көрүнөт. Аларды обу жок эле жазалоо туура эмес болгон. Андан башка шариятка туура келбеген нерселерди жасагандарды ошондой жазалашса болмок. Ошол таш бараңга алган адамдар каапырлар, ичи бузук арамдар деп ойлойм.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2311 - жалпы саны)

Умарали: Түштүктө шалыны (күрүч) отогондо да "сол" сөзү колдонулат. Мисалы: "Күн көтөрүлгөнчө 3-4 сол ... Толук

Сөз таануу