Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:17

Дүйнө

Маржанын сабагы: коррупция талиптерден да жаман жоо

НАТОнун аскерлери өткөн айдын этегинде Гилменд провинциясындагы Маржа шаарын талиптерден бошотушкан эле. Өткөн аптада бул жерде президент Хамид Карзай болуп, жергиликтүү калк менен жолугушту жана алардан бир топ ачуу сөздөрдү укту.

Хамид Карзай маржалыктардын суроолоруна жооп берип жатат.
x
Хамид Карзай маржалыктардын суроолоруна жооп берип жатат.
Текст көлөмү - +
Карзай менен жолугушуу учурунда жергиликтүү калктын атынан сөз сүйлөп, бу жердеги абройлуу тургундардын бири Азизулла Хан: "Биз сиздин кызматтан кетишиңизди талап кылбайбыз, бирок элдин чыдамы түгөнүп баратат",-деп эскертти.

Иш жүзүндө сегиз жыл бою маржалыктар талиптердин кол алдында турганын, алар далай кишилердин өмүрүнө забын болгонун айтып, Хан өкмөттөн коопсуздукту камсыз кылууну, жергиликтүү калктын тарткан чыгымын толтурууну, мектептерди, ооруканаларды жана сугат өстөндөрүн кайра тикелеп берүүнү талап кылды.

Дээрлик эки сааттан ашык маржалыктардын арыз-арманын уккан Карзай жолугушуудан соң журналисттерге кайрылып: "Алар өздөрүн кароосуз калгандай сезишкен, бул көп жагынан туура", -деп айтты. Карзай алардын проблемаларын чечкенге өкмөт жардам көрсөтүп, эң башкысы калктын коопсуздугун камсыз кылышы керектигин моюнга алды.

Маржанын жаңы шайланган губернатору Хажи Абдул Захир талиптер эми шаарга кайтып келеби-жокпу, бул өкмөттүн ишине жараша болорун эске салды. Эгер бийликтер айткан убадаларын аткарып, көп иштерди кайра курса, анда талиптерди эл бут бастырбайт, кокус мурдагыдай эле өкмөт маржалыктарга далысын салып кетсе, анда "Талибан" өз амирин кайра орнотот.

Маржаны үч жыл бою талиптер кармап турду. Сексен миңдей тургундун 25 миңдейи жер которуп кетишти, уруш-талашта ондогон адамдар өлдү. НАТОлук өкүлдөр да эмки маселе элдин ишенимине кирүүдө турганын айтып жатышат.

Коалициялык контингент "Талибандын" башкы чебине айланып калган бул элеткалааны ыгым-чыгымсыз алды. Салыштырмалуу бул ийгиликке шыктанган НАТОнун күчтөрү эми Кандагарды да талиптерден тазалаганы жатат.

Бирок Маржадагы иштердин ийгилигине айланып келип эле өкмөт өзү, анын ашкере коррупцияланган чиновниктери бут тосуп коюшу мүмкүн. Талиптер кетер замат мурда алдым-жуттумдугу менен таанылган адамдар жергиликтүү бийликке умтула баштады. Алардын баарын көрө турган көздөрү жок экенин маржалыктар Карзайга ачык айтты.

Эл аралык контингент түштүк Ооганстандагы көп шаарларды жана аймактарды талиптерден тазалашы мүмкүн. Бирок алардын ордуна келип жаткан коррупцияны токтото алар курал коалицияда жок. Ушундан улам батыштагы айрым басылмалар коррупцияны талиптерге тең келген, балким, андан да ашкан жоо деп жазышты. Мындан Карзайдын эле кадыры түшсө бир жөн эле, жемкорлуктун кеңири жайылган масштабы бүткүл өлкөдөгү аракеттердин натыйжасын жокко чыгарып, түбү келип Батышка карапайым калктын ишенимин кетирүүдө.

Маржанын тажрыйбасынан Карзайдын өкмөтү кандай сабак алат, кандай тыянак чыгарат, алдыда жалпы түштүк аймактарда, анын ичинде Кандагарда башталганы жаткан аскерий операциялардын саясий үзүрү көп жагынан ушуга жараша болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Япончик
10.03.2010 03:49
Антинародная пропаганда что ли?

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)