Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:07

Эркиндик

А.Саиповду аткан тапанчанын ээси Тажикстанда

Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев парламенттин Коргонуу, коопсуздук жана соттук-укук боюнча комитетте билдирди. Тапанчанын ээсинин аты-жөнү такталган, ал террордук топтун мүчөсү болуп саналат.

Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарында атып кетишкен
Текст көлөмү - +
Министрдин билдиришинче, 24-февралда Лейлек районунда 16 киллограмм баңгизат менен кыргызстандык атуул кармалган. Анын жанынан табылган «Макаров» үлгүсүндөгү тапанчаны Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунан текшерүүдөн өткөрүшкөндө, ошол тапанчадан журналист Алишер Саипов атылганы анык болгон. Кармалган жаран сурак учурунда ал тапанчаны Тажикстандын тургунунан алгандыгын айткан.

- Азыр Тажикстандагы өзүбүздүн коллегаларыбыз менен иш алып барып жатабыз. Ал кишинин ким экени такталган. Бирок ал кармала элек, издөөдө жүрөт. Ошондуктан азыр көп мааалымат бере албайбыз, -дейт Ички иштер министрлигинин башкы инспектору Рахматилло Ахмедов.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Махмадулло Асадуллоев киши өлтүрүүгө катышы бар кылмышкерди кармоо боюнча бардык аракеттер болуп жатканын билдирди:

-Эгер ошол кылмышты жасаган адам чын эле биздин мамлекетте жүрсө, ал сөзсүз кармалат. Жазасын алат. Биз өзүбүз тараптан эмне талап кылынса, бардык аракетибизди жумшайбыз. Менимче биргелешип бул проблеманы чече алабыз.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин айтуусунда, Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу айтылган версиялар таң каларлык болуп жатат. Ал кылмыштын бетининин ачылышы күмөн экендигин белгилейт:

- Ким атканын эч ким билбейт. Балким ошончо айтылган версиянын бири туурадыр, ким билет. Эми күтө туралы. Балким, жакында кармашаттыр, сот иши жүрөттүр. Сотто алар фактылар, материалдарды көрсөтөт да. Биз ошондо “бул же кылмыш ишинин бетин жабуунунун эле аракети же чын эле кылмышкер табылды” деп ачык айта алабыз. Азыр ар кайсы версиялар айтылып, журналисттердин эмес, кайсынынсына ишенебиз деп элдин деле башы айланып калды.

Буга чейин Баңгиликке көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Кумар Чалданбаев Лейлекте кармалган атуулдун жанынан алынган тапанчадан журналист Алишер Саипов атылгандыгы аныкталгандан тышкары, 2007-жылдын 14-февралында Бишкектеги "Х.О." деген түнкү клубда болгон атышууда ошол эле тапанчадан ок атылганы далилденгендигин айткан болчу.
«Саясат» гезитинин башкы редактору, 26 жаштагы журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Маркум Саипов өзү негиздеген “Саясат” гезитинде Анжиян окуясына байланыштуу өзбек бийлигинин авторитардык тартибин сындаган макалалар жарыялап жүргөн.

Ушундан улам анын киши колдуу болушуна Өзбекстандын коопсуздук кызматынын түздөн түз тиешеси бар деген божомолдор да айтылып келет. Саипов – Кыргызстанда өлтүрүлгөн биринчи журналист. Анын өлүмү боюнча кылмыш ишин президент Курманбек Бакиев жеке көзөмөлүнө алаарын билдирген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акбар каяктан: РФ
03.05.2009 10:26
Өзбек депутаттар эмнеге ишке кызыкпайт?Акча жок да ал жерде-ээ туугандар???!!!

кимден: bakit каяктан: bishkek
01.05.2009 03:04
Мындай информация ачыкка чыгарылбаш керек эле го. Кармалгыча кай жактын тургуну, ким экени жашыруун информация болушу керек эле.
Министр озу баштап бакыйта айтып салды.
Эми аны заказ бергендер ал кылмышкерди озулору тазалап коюшат.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)