Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:06

Басма сөз

ASIASAT3-D жандоочусунун учурдагы символдук тездиги

“Азаттык үналгысынын" бардык берүүлөрүн АзияСат3-Д (ASIASAT3-D) жасалма жандоочусу аркылуу кармап угууга чакырабыз.

Сүрөттө: Космос мейкиндигине чыгарылган Hubble космос телескобу. 2009-жылдын 13-майы. NASA.
Текст көлөмү - +
Урматтуу угармандар!

“Азаттык үналгысынын" бардык берүүлөрүн АзияСат3-Д (ASIASAT3-D) жасалма жандоочусу (сателлити) аркылуу да кармап угууга болоорун эсиңиздерге сала кетели.

Бул жасалма жандоочунун учурдагы символдук тездиги - 26.5 MS/s.

Демек, берүүбүздү ASIASAT3-D жасалма жандоочусу аркылуу кармоо үчүн Символдук тездиктин мурдагы көрсөткүчүн 26.5 MS/s деген жаңы көрсөткүч менен алмаштырууңуз зарыл. Ансыз биздин уктурууну ASIASAT3-D жасалма жандоочусу аркылуу кармап уга албай каласыз.

Жыштык көрсөткүчүн сателлит сигналын кармоочу аспабыңызга киргизгенде да өзгөчө көңүл бурчу нерсе – бул анын жыштыгынын (Frequency) көрсөткүчүн так киргизүү зарылдыгы:

ЖЫШТЫК - FREQ: 4040 MHz

Эгерде сателлит сигналын кармоочу аспабыңыз бул көрсөткүчтү (4040 мегагерц) андан миң эсе жогору болгон гигагерц (GHz) жыштык өлчөмү аркылуу санаса, анда бул санды аспабыңызга 0404 кылып териңиз (бул 4.04 гигагерц дегенди туюнтат).

Видео тасма: АзиаСат3-Д: жаңы символдук тездиги




Бул чакан видео тасмада сателлиттик кабылдама аспапты “бурап”, АзиаСат3-Д (AsiaSat3-D) жасалма жандоочусунун символдук тездиги (Symbol rate) көрсөткүчүн 26.5 MS/s деген жаңы көрсөткүчкө өзгөртүү иш-чарасынын айрым урунттуу учурлары чагылдырылган.


Калган техникалык көрсөткүчтөр мурдагысындай кала бермекчи.


Бул техникалык көрсөткүч маалыматты биздин интернет барагыбыздын “Угуу усулу” куржунунан таба аласыз.

ASIASAT3-D
Орбиталык орду - Orbital Location: 105.0 даражадагы Чыгыш узундугу - 105.0 Degrees East
УЮЛДУК ЖАГДАЙЫ - POLARIZATION: Горизонталдык - Horizontal
ЖЫШТЫК - FREQ: 4040 MHz
L-Band Frequency: 1110 MHz (Typical)
FEC: 1/2
Символ тездиги - SYMBOL RATE: - 26.5 MS/s
Network Identification (ID): 1
Channels ASD-1 - 12 and 17 - 24
Video + PCR PID 7160
Channels ASD-13 - 16 and 25 - 32
Video + PCR PID 7260
Channels ASD-33 - 40
Video + PCR PID 7560


Мындан тышкары, “Азаттык үналгысынын” берүүлөрүн “Хотбөрд-8” (HOTBIRD 8) жасалма жандоочусу аркылуу жана интернеттен да кармап угууга болот.


Ал эми уюлфон (чөнтөк телефону) аркылуу интернетке кирип, “Азаттыктын” соңку жергиликтүү жана эл аралык кабарларын окугуңуз келсе: анда www.azattyk.kg/m интернет дарегин ачыңыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)