Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында эле эмес жалпы Кыргызстанда музыкалык аспаптардын эскилиги жетип, алмаштырууга муктаж. Ага карабай аталган окуу жайда жетимиш жылдан ашуун мезгилден бери кыргыздын таланттуу уул-кыздары билим алышып, музыка өнөрүнө зор салым кошууда.