Туулган жерге күйгөн Штокерт
Кыргызстанда туулуп өсүп, 20 жыл мурда тарыхый мекени Германияга көчүп кеткен Вольдемар Штокерт Кыргыз-герман достук коомунун, Аморбах-Мильтенберг Lions клубунун президенти. Штокерт туулган жеринен алыс болсо дагы Кыргызстандагы маданиятты өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, Бишкекте бир топ сынактарды өткөрүп келет. “Жибек жолунун жылдыздары” эл аралык фестивалын уюштурган.