Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Оппозициялык кыймылдар жандана баштады


Азимбек Бекназаров чоң саясатка кайтып келгенин, азыркы өкмөткө оппозиция болоорун жарыялады.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ыңкылапчы саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча жаңы кыймылга кошулаарын билдирди. Ал арада “Кыргызстанды сактоо” аттуу жаңы оппозициялык блок түзүлдү. Бул топ президентти, өкмөттү жана парламентти кетирип, бийликти эл ишениминдеги өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылып жатат.


Бекназаров парламентти өзүн-өзү таратууга чакырды


Азимбек Бекназаров азыркы бийликти Убактылуу өкмөт баштаган реформаларды андан ары улап кете алган жок деп сындады. Сот реформасы, паракорчулукту жоюу, мамлекеттик башкаруу жана кадр саясатына байланыштуу кемчиликтерди атады:

- Президенттин аппаратынын телефон маалымдамасын минтип ачып карасаң баягы эле эски ысымдарды көрөсүң, анан Акаевдин заманы келгенби, же Акаев кайра президент болуп калганбы деп ойлойсуң. КСДПдан жаңы аттар жок, баягы эле эски ысымдар. Ошондуктан мен Алмаз досума (ред: Атамбаев) эгер КСДПдан иштей турган жаш, жаңы кадрларың жок болсо эки революцияда тең КСДП менен чогуу, үзөңгүлөш жүргөн “Асаба”, “Ата Мекен”, БЭК жана Жашылдар партияларынын жаштары жок беле деп айтып жатам.

Бекназаровдун айтымында, учурда Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча жаңы кыймыл түзүлүп жатат жана ал топко кошулат. Саясатчы депутаттарды эл эмес, партиянын кызыкчылыгы үчүн гана жүрөт деп айтып, өзүн өзү таратууга чакырды. Саясатчы муну тазалануунун жалгыз жолу катары көрөт:

-Бул өзүнчө эле люстрация. Эки жылдан бери эл бул депутаттардын кандай экенин көрдү. Эми эл “сенин миң долларыңа да алданбайм, көрдүм кандай экениңерди, кана июнь окуясынын күнөөкөрлөрүн тапканыңар, биз силерге ишенбейбиз”, дейт. Дагы кандайдыр бир 20 пайыз шайлоочуларда “балекет болсо да ушунун мээси бар экен, таза экен, ушуну шайлайлы”, дегендей пикир түзүлөт. Ушул жолду тандап алышыбыз керек. Бул жолу 100 пайыз мен айтып жаткандай болбошу мүмкүн. Дагы эле чөнтөктүүлөр келиши мүмкүн. Бирок алардын проценти азаят. Мен мындан башка жолду көрбөй турам. Биз кайра-кайра бийликти революция менен алмаштыргандан көрө элге чыгарып, эл таразасына коюп, бийлик кураганды үйрөнүшүбүз керек. Тез-тез шайлоо өткөргөндөн коркпошубуз керек.

Бекназаров ошондой эле коррупциялык схемалардын тизмесинин биринчи бөлүгүн жарыялады. Анда мурунку президент Аскар Акаев башкарып турган убактагы жемкордук фактылары көрсөтүлгөн. Ал эми азырынча жарыялана элек экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө Курманбек Бакиев жана азыркы бийликтеги коррупциялык схемалар камтылганын билдирди.


Оппозициялык жаңы бирикме


Ал арада айрым партиялар жана коомдук кыймылдар “Кыргызстанды сактоо” аттуу оппозициялык блокко бириккени маалым болду. Аталган топтун мүчөсү Мукар Чолпонбаев алардын максаты президентти, өкмөттү жана парламентти кетирип, бийликти эл ишениминдеги өкмөткө өткөрүп берүү, 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайтып келүү экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Бул бийлик кетсин деген талапты коюп жатабыз. Биринчиден, системасы туура эмес Конституция. Экинчиден, ошол Конституция менен шайланып келген бийликте таза эмес адамдар отурат. Бийлик дегенде биз президенттен баштап Жогорку Кеңештен өкмөткө чейин айтып жатабыз.

“Кыргызстанды сактоо” оппозициялык блогу талаптар аткарылбаса жер-жерлерде нааразылык акциялар уюштурулаарын эскертти.

Жанданып баш көтөрө баштаган оппозициялык күчтөр тууралуу коомчулукта түрдүү пикир айтылууда. Легендарлуу парламенттин мүчөсү, коомдук ишмер Жамин Акималиев парламент мактоого арзыбай тураганын, бирок депутаттарды таркатууга каршы экенин билдирди:

- Эми Жогорку Кеңешти жакшы иштеди деп айта албайбыз. Эгер жакшы иштесе өкмөтүбүз ушинтип 8 айдан кийин кулап, фракциялар кайра чогулуп, кайра элдин башын минтип айлантып отурбайт эле да. Андан сырткары мыйзам чыгаруу боюнча чоң кемчиликтер деле болду. Ошентсе да мен парламентти тарасын деген кишилерге кошула албайм. Мунун баары мыйзам чегинде болушу керек. Эң негизгиси элибиздин турмушу начарлап, өлкөдө туруктуулук, тынчтык болбой дагы бир нече жылга артка кетебизби деп ойлойм.

Серепчи Турат Акимов Жогорку Кеңештеги жана парламентке кирбей калган оппозицияга мүнөздөмө берди. Азимбек Бекназаровдун кыргыз саясатына келгени өзгөртүү жаратпай турганын, бирок саясий кырдаалда бурулуштар болушу ыктымалдыгын айтты:

- Көчөдөгү структурасы жок оппозиция бирдиктүү чоң маселени чече албайт. “Ормон опузага” эле айланышы мүмкүн. Бирок эгер саясий кыраакылык менен караса бизде азыр бир бийлик бутагы – өкмөт жок. Бийликтин экинчи бутагынын үстөмдүк кылышы мамлекетке зыян алып келиши мүмкүн. Анда баягыдай башаламандыктар көбөйүп, тополоң болуп кетиши мүмкүн. Ошонун учурунда Атамбаев өзү да бийликтен айрылып калышы мүмкүн.

Ошентип Кыргызстандын саясий айдыңында оппозициялык күчтөр баш көтөрүп, бийликти кетирүү талабы менен чыгууда. Башкы маселе - бул күчтөр парламенттин ичиндеги оппозиция менен биригеби, алар Жогорку Кеңештин тарашын колдойбу дегенде турат окшойт.

XS
SM
MD
LG