Басып чыгаруу
Тамганын көлөмүн тандоо
-
+
19.04.2007
МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГ, 19-АПРЕЛЬ: ТОПОЛОҢ (сүрөт баян)
Бишкекте 19-апрелде караңгы киргенде Өкмөт үйүнүн жанындагы каршылык акциясына чыккан митингичилерге каршы милиция ышкырып жарылган, көздөн жаш агызган газ гранаталарды атышты. Митингичилер качып борбордук аянтка сүрүлдү. Милиция митингичилерди борбордук аянттан жана чоң көчөлөрдөн сүрүп-кууп таркатты. Жарадар болгондор тууралуу маалымат жок. 11-апрелден бери каршылык акциясын өткөрүп жаткан Бириккен фронт бийлик башчыларынын чагым иш-аракеттери ушундай баш-аламандыкка алып келди деп Бишкектеги түнкү тополоң үчүн бийликти айыптаган билдирүү менен чыкты.
Эркин Европа / Азаттык үналгысы © 2010 RFE/RL, Inc. Бардык укуктар корголгон.