Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 08:00

Атайын баракчалар

Аралаш отурукташтыруу ара жолдо

Текст көлөмү - +
12.05.2012
Июнь коогасынан кийин этникалык топторду аралаш отурукташтыруу демилгеси ишке ашпай жатат.

Жабыркаган ишкерлер: жардам чеке жылытпайт

БУУнун колдоосунда Ишкерлер ассоциациясы коогалаңда жабыркаган ишкер аялдардын көйгөйлөрүн иликтеп чыкты.

Видео тасма Франция президентин тандоодо

Жаңы президенттин ысмы жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегизде белгилүү болоору күтүлүүдө.

Видео тасма Франциядагы добуш берүү

Эгерде президент Николя Саркози кайра шайланбай калса, Европада каржы кризиси башталгандан бери кызматтан кол жууган 11-лидер болуп калат. Франсуа Олланд жеңсе, соңку 17 жылда бийликке келген 1-социалист болот. (Reuters)

"Санпанын" жанындагы эстелик бузулду

Жалал-Абадда жабырлануучулар Бишкек – Ош жол боюндагы июнь коогалаңда набыт болгон туугандарына тургузган эстелик талкаланды.

Ынтымакка данакер чайкана

2010-жылкы капсалаңда жабыр тарткан Оштогу аксакалдар чайканасы кайрадан ишке кирди.

Ош: кырдаал канчалык кооптуу?

Ош шаардык бийлиги Эл аралык Кризистик уюмунун жана Брюсселдеги Алишер Навои институтунун "Ошто тополоң дагы кайталанышы мүмкүн" деген билдирүүлөрүн четке кагууда.

Батыровдун жаңы "барактары" ачылууда

Башкы прокуратура июнь калабасын уюштурган деп шектелип, чет өлкөдө бозгунда жүргөн Кадыржан Батыровго таандык мүлктөрдү териштирип, соттун чечими менен мамлекетке өткөрүү иш-чаралары башталганын жарыялады.

Ош шаар кеңеши: жаңжал ырбады

Ош шаардык кеңешинин алгачкы сессиясы коалициялык көпчүлүктү түзүү, төраганы шайлоо менен аяктады.

Түштүктөгү этностук абал боюнча баяндама чыкты

Эл аралык кризистик топ Оштогу этностук абал боюнча жаңы баяндамасын жарыялады.

Оштук окутуучу: Кесиптештерим жекелешкен

Оштук жаш окутуучу, илимдин кандидаты "Азаттыкка" өз иш ордунда кандайча кодуланганын айтып берди. Өткөн аптада Эл аралык кризистик топ “Кыргызстан: түштүктө этностук ажырым кеңейүүдө” деген аталыштагы баяндамасын жарыялады. Анда 2010-жылы болгон этностук кагылыштардан бери өлкөнүн түштүгүндө өзбек улутундагылар ар кандай басмырланууларга дуушар болуп, Ошто улуттар аралык чыңалуу кеңейип бараткандыгы айтылат.

Айылдык кеңештерге шайлоо тынч өттү

25-мартта Кыргызстандын 6 айыл округунда айылдык кеңештерге, мындан тышкары Балыкчы шаардык кеңешине шайлоо өттү.

Текебаев менен Жолдошева талашкан чындык

Бишкек шаардык соту июнь коогалаңын иликтеген баяндамалардын бирине байланыштуу Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин карайт деп болжолдонууда.

Маевка тополоңу: Кылмыш иштер сотко өттү

УКМК Маевка тополоңу боюнча козголгон беш кылмыш иштин үчөө сотко өтүп, беш адам камакка алынганын билдирди.

Ош окуялары жөнүндө тасма жактырылбады

Өзбекстандык кинорежиссер жана жазуучу Абдулазиз Махмудов Кыргызстанда алгач 1990-жылы, кийин 2010-жылы болгон “Ош окуялары” жөнүндө даректүү тасма тарткан. Бирок “Өзбеккино” мамлекеттик ишканасынын эксперттер тобу 14-мартта аны жактырбай койду.

Шайлоо: нааразылык толкуну токтой элек

4-мартта Кыргызстандын үч шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыгы алигиче нааразылыктарды жаратууда.

Сүрөт баян Ош: «Улуттар биримдиги» эки орун үчүн күрөшүүдө

“Улуттар биримдигинин” тарапкерлери бул партияга шаардык кеңештен 23 орун берилишин талап кылып чыкты.

Сүрөт баян Ош: "Улуттар биримдигинин" тарапкерлери митингге чыкты

Митингчилер БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган үч участокто кайра шайлоо өтүшүн талап кылышты.

Кубатбеков: Ошто орун бөлүштүрүүдөн чыр чыгышы мүмкүн

“Демократия жана адам укуктары” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков Ош шаардык кеңешиндеги мандат бөлүштүрүүлөр боюнча кеп салат.

Дарыгер Рахима - калаба каарманы

2010-жыл июнь калабасында ар кандай жаракат алгандарга медициналык көмөк көрсөтүп, көпчүлүгүнө экинчи өмүр берген хирург Рахима Кашакпаева ошондон бери быйыл алгачкы жолу 8-мартты майрамдап жатат.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)