Биздин интернет барагыбызды ургаалдуу колдонуу үчүн бул интернет браузердин жаңы вариантын же башка браузерлерди пайдаланыңыз. Төмөндө өзгөчө таанымал браузерлердин тизмеси берилген.
Жүктөй турган баракка жетүү үчүн тийешелүү белгини басыңыз.
"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Кыргызстанда чет өлкөгө жумуш издеп кетип, кулчулукка кабылгандардын саны көбөйүүдө.
Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу 27, 4 гектар жердин айланасындагы чыр-чатак кеминде төрт жылдан бери чечилбей келатат.
Өндүрүштө иштеп жүрүп бутун кокустатып алган Бөрүбай Мамышев бир жылдан бери "Ошайылкурулуш" ишканасынан чыгымдарын өндүрө албай келет.
Ош шаарында өз жанын кыюу фактылары эки жыл мурункуга салыштырмалуу төрт эсе өсүп кетти.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Аскер институтундагы үрөй учурган видео боюнча тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатат.
15-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында өзүн өрттөп, набыт болгон Каныбек Сейитбековдун сөөгү, жазып кеткен керээзине ылайык, Гүлчө айылындагы Памир жолунун четиндеги мүрзөгө коюлат.
Милиция академиясынын 5-курста окуп жаткан курсанты, Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө практикадан өтүп жаткан Тагай Мырзалиев УКМКнын кызматкерлери сабаганын айтууда.
Июнь окуясында жабыркаган ишкерлер 9-апрелде Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыкты. 2010-жылкы июнь коогасында ишкерлер түздөн-түз 2,5 миллиард, кыйыр түрдө дагы 1,5 миллиард сом зыян тартканы эсептелген. (MiT)
Чарбасы кар көчкүнүн алдында калган Тургуналы Садыков өкмөттөн жана коомчулуктан жардам сурап кайрылды. Тургуналы аксакалдын 160 коюн кар көчкү басып калган.
Ош-Сары-Таш-Карамык-Ленинабад жолу дагы деле толук ачыла элек. Кытай - Кыргызстан -Тажикстан линиясындагы коридор бир аз тегизделгени менен унаалар көрүнгөн жерде тыгылып жатат. Айылдарга кирген жолдордон азырынча машине жүрө албайт. (31-март, 2012-жыл) ErN/MiT
Токмок шаарынын мурдагы прокурору Марсбек Кыдыкбаев бийликтин саясий кысымына кабылганын билдирүүдө. Ал анын себебин агасы, оппозициячыл саясатчы Кубанычбек Кадыровдун ишмердигине байланыштырып жатат.
Сазга батып, уулуу суу ичип жаткан Жеңиш жаңы конушунун тургундарына кабарчыбыз Мирлан Токталиев жолугуп келди.
Прокуратура өткөн жылы кыйноо фактылары боюнча 50дөн ашык кылмыш ишин козгоп, анын жарымынан ашыгы сотко өттү.
Ош облусунун Өзгөн калаасында христиандардын көрүстөнү бүлгүнгө учурап жатканы тууралуу жергиликтүү славян жамааттары коңгуроо кагууда.
Жалал-Абаддын Шамалдуу-Сай шаарчасындагы аскер бөлүктүн жоокери Абдымажит уулу Пазылдын өлүмү бул чөлкөмдө жандуу талкууну жаратууда.
Кыргыз-казак чек арасында “Ак жол” өтмө бекетинде ары-бери жүк ташып иштеген кыргызстандык жарандар казак чек арачыларынын катаал мамилесин айтып даттанышууда.
Тоюттун жетишсиздигинен аймактарда мал кырыла баштады. Алыскы тоолуу аймактарга жем-чөп жеткирүү жолдорду кар бөгөп калганынан улам мүмкүн болбой жатат.
Турмуш запкысын өмүр бою тартып келаткан аялдардын бири Канайым Абдыкеримова Алайдан.
17-мартта Аксыда мындан он жыл мурда болгон окуяны эскерүү каадасы өттү. Ага катышкан президент Алмазбек Атамбаев бийликтин булагы эл болгонун Аксы окуясы далилдегенин билдирди.
Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук
Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)