Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 07:49

Эл үнү

Ош: митинг алдында кооптонуу күч алды

Текст көлөмү - +
29.02.2012
Ошто 1-мартта оппозициянын митинги жана 4-мартта депутаттарды шайлоо алдыда калк ичинде кооптонуулар күч алды.
Февраль 2012
29 Февраль 2012

Улуттук сезимди козуткан саясий оюн

Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында эл арасына этникалык маселелерди көтөргөн видео тасмалар таратылууда.

28 Февраль 2012

Коогалаң: кылмышкерлердин көбү эркиндикте

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиевдин айтымында, июнь коогасындагы кылмыштардын 7 пайызынын бети ачылган.

Чатакка себепкер чек ара

Быйылкы жазда Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралаш аймактарындагы жер-суу талаштардан улам кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.

Жума намазга миң түркүн адамдар келет

Ар аптанын жума күнү Бишкек шаарынын борбордук мечитинде, анын айланасында өзгөчө жашоо башталат.

Видео тасма ОБОН: таржымалы жана тагдыры

Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш жашап жатат. (3-бөлүк)

Видео тасма ОБОН: таржымалы жана тагдыры

Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш жашап жатат. (2-бөлүк)

Видео тасма ОБОН: таржымалы жана тагдыры

Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш жашап жатат. (1-бөлүк)

Керимбаев: Жол кырсыгын таптакыр тыюу мүмкүн эмес

ИИМдин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Темиркан Керимбаев “Азаттыкка” маек курду.

27 Февраль 2012

Орусиядагы элчинин жоопкерчилиги каралат

Парламент депутаттары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улугбек Чыналиев Орусиядагы мигранттар менен талаптагыдай иш алып барбайт деп тапты.

Видео тасма Элет: Бозоргон Боз-Адыр

Баткендин Боз-Адыр айылында ишке жарамдуу калктын көбү четке иш издеп кетип, дээрлик чал-кемпирлер неберелерин карап калган. (JAi/MiT)

Видео тасма Түптөгү тополоң

Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы оппозиция жүрүшү. 2008-жыл, апрель.

25 Февраль 2012

Сузак: Паспорт машакаты калкты кыйнады

Жалал-Абаддын Сузак районунда көптөгөн адамдар жаңы жылдан бери паспорт алалбай, убара тартууда.

Биогаз элеттиктерди жыргатмак

Жалал-Абадда фермерлер биогазды колдонууну үйрөнүштү. Көмүр-отун, электр тогунун каатчылыгын бодо мал, кой-эчки, канаттуулардын кыгынан алынуучу биогаз менен жеңилдетсе болот.

Кочкор-Атада карылар үйү талашка түштү

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында мындан жыйырма жыл мурун ачылган карылар үйү талашка түштү.

Ичимдикке берилген аялдар көбөйдү

Кыргызстандык адистер аялдар арасында аракечтер көбөйүп, курагы жашарып бараткандыгын айтып жатышат. Ичкиликтин айынан майып болуп калгандар да арбын катталууда.

Тажик мектептер талкууга түштү

Кыргызстандын түштүгүндөгү тажик жана өзбек мектептерин жабуу демилгесине Тажикстандын элчилиги жооп кайтарды.

Угуу Клубдун кулпусун ким ачат?

Сиз айылда кечкисин кайда барып, көңүл ачасыз? Район борборлорундагы, шаарлардагы маданият үйлөрү, айылдардагы клубдардын бүгүнкү жашоосу кандай?

24 Февраль 2012

Сүрөт баян Кара-Сууда өгөйлөнгөн айыл бар

Оштун Кара-Суу районундагы төрт улуттун өкүлү жашаган Тажик маале айылын мында жашагандар "өлкөнүн өгөй айылы" деп коюшат.

Саясий элитанын көчө күрөшү

Оппозиция лидерлери 1-марттан тарта бийликке каршы митингдер башталарын жарыялады.Бийлик-оппозиция тиреши басым көрсөтүүгө багыт алдыбы?

Кендирбаева: Токойго көңүл бурулбай калды

Кыргызстанда токойлордун кыскарып жатканы туурасында геоботаник, эколог Алмагүл Кендирбаева "Азаттыкка" кеп курду.

23 Февраль 2012

Токой жеке колго өтөбү?

Кыргызстанда токойчулар Токой чарба агенттигинин жоюлушуна каршы чыгууда. Алар бул агенттиктин ордуна акционердик коом түзүлсө, токойлор жеке менчикке өтүп, жапырт кыйылат деп кабатыр.

Видео тасма Жоокердин бир күнү

Кой-Таш айылынын жанында жайгашкан 73809-аскер бөлүгүнүн жоокерлерине "Азаттыктын" кабарчылары жолугуп келишти. (MiT)

Ымыркайлар алмашып кеткени 12 жылда билинди

Орусиянын Копейск шаарынын соту төрөт үйүндө алмашып кеткен балдардын ишин карай баштады.

Абдирасулова: Кыйноого каршы борбор түзүш керек

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жектекчиси Азиза Абдирасулова кыйноону алдын алуу боюнча "Азаттыкка" маек курду.

22 Февраль 2012

ЖК Байзаковду кызматтан алууну сунуштады

Жогорку Кеңеш Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.

“Атам Skype аркылуу батасын берди…”

Сыртта жүргөн кыргызстандык жаштар үйлөнүү үчүн атайын Кыргызстанга барып көп чыгым болбой эле өздөрү жашаган шаарда чакан үлпөт той өткөрүп, баш кошуп жатышат.

21 Февраль 2012

Видео тасма Путинди колдогон акция өттү

Бүгүн Ала-Тоо аянтында Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин саясатын колдогон акция өттү. Аны коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин санаалаштары уюштурду. MiT

Сайназаров: Окуу бекер деп, өзүбүздү алдап келатабыз

Бишкектеги бир катар мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу маселеси коомчулукта кызуу талкууланууда.

Кыргыз балетин алыска тааныткан Сарбагышев дүйнө салды

Кыргыз эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, таланттуу балет бийчиси жана балетмейстр-режиссер Уран Сарбагышев 77 жаш курагында дүйнө салды.

Мунаса комиссиясы: сотторду коркутуу күч алды

Кыргызстанда соттор психологиялык жана моралдык кысымга кабылып, өтө оор шартта иштеп жатканы айтылууда.

19 Февраль 2012

Ынтымактуу бүлөнүн үйү жылуу, тапканы берекелүү

Узакка созулган ызгаар кимдин кышка кандай камданганын сынап жатат. Сарамжал адамдар саратан жайда эле үйүн жылуулап, отун-ташын камдап алышат эмеспи.

Жалал-Абад: Майып балдар тамга таанууда

Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен Сузак районундагы Таш-Булак айылында майып балдардын реабилитациялык борбору ачылды.

Жалал-Абад: Малга тоют жетпей жатат

Жалал-Абад облусунда жем-чөптүн жетишсиздигинен мал арасында өлүм-житим болууда. Ошондуктан малчылар чөптү кымбат болсо да сатып алышууда.

17 Февраль 2012

Саясий шоубу же реформабы?

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун 16-февралда Бишкектеги Калкты тейлөө борборуна күтүүсүз барышы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

16 Февраль 2012

Угуу Гранттар көзөмөлдөнүшү мүмкүн

Сырттан келген гранттарды көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоору даярдалды.

Сайкалов: Жаштарга жумуш керек

Баткендеги жаш лидерлер клубу тууралуу Жаштар министрлигинин аймактык бөлүм башчысы Кубанычбек Сайкалов маек курду.

15 Февраль 2012

Кумтөрдүн экологиясы кайрадан иликтенет

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кениндеги экологияны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү.

14 Февраль 2012

Жалал-Абад: Селсаяктар үчүн жайдын шарты начар

Жалал-Абадда январда үй-жайсыз адамдар түнөөчү жай ачылган. Бирок жерге салынган төшөнчүлөрү менен электр жылыткычтары эле болбосо, он орундуу бул эски үйдө жашоо мүмкүн эмес.

Тергөө абагындагы табышмактуу өлүм

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында өз жанына кол салды делген МАИ кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөттөр сүйлөйт 14-февраль - Ашыктар күнү

Ыйык Валентин күнү, же махабат майрамын кыргызстандык жаштар да белгилеп жатат.

13 Февраль 2012

Угуу Кайран Доке...

13-февралда Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү коомдук, саясий жана маданий ишмер Дооронбек Садырбаев тирүү болгондо 73 жашка чыкмак.

Кыргызстанды айың кеп аралап жүрөт

Эл ичинде жазында өлкөдө кырдаал курчуп, тирешүүлөр күч алат экен деген мазмундагы ушак-айыңдар көбөйдү.

11 Февраль 2012

Сүрөт баян Бакай-Ата таза сууга зар болду

Таласта Бакай-Ата айылынын калкы таза суунун зардабын тартууда. Мыйзам боюнча район борборлору өзүн өзү каржылоо режиминде болгондуктан, Бакай-Ата айылы да “Таза суу” программасына киргизилген эмес. Бир кудуктан адамдар менен кошо жаныбарлар да суу талашат.

Жалал-Абад: Энергетикадагы көйгөйлөр талкууланды

10-февралда Жалал-Абадда электр жарыгына байланыштуу абал талкууланды. Анын катышуучулары тармактык адистердин айынан керектөөчүлөрдүн укугу бузулганын айтышты.

Угуу Жапайы жаныбарларсыз жашоо кандай?

Жаратылышты коргоочулар Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарлар жоголуп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатышат.

10 Февраль 2012

Жаштардан сабыр качты

Кыргызстанда жаштардын чыр-чатакка жакын болуп баратканы айтылууда. Акыркы убакта жаштар этностор аралык араздашууларга активдүү аралашып жатат.

"Кыргызмунайгаз" жамаатынын митинги уланды

9-февралда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жамааты нааразылык акциясын кайра улантты.

Жаңы акимдер жалаң бир улуттан

Кыргызстанда шайланган 34 акимдин ичинде башка улуттун бир да өкүлү жоктугуна жарандык коом лидерлери көңүл бурууда.

Жетимдер үйүндөгү жаңжал ырбап барат

Бишкектеги жетим балдар үйүнүн жетекчиси Алексей Петрушевскийдин айланасындагы жаңжал уланууда.

Угуу Запкы көргөн аялдарга мечиттер кол сунат

Ззапкы жеген аялдарга колдоо көрсөтүү фонддору ачылып, иштей баштады.

Энергетика министрлиги: Сарамжал бололу

Акыркы аптанын ичинде энергетика маселеси кайрадан курчуду. Көгүлтүр оттун көлөмү да азайып, керектөөчүлөргө жетпей жатканы айтылууда.

Ош: жаш туруп жалгыз бой калган келиндер көбөйдү

Ошто ажырашуулардын 40 пайызын 20 жашка толо элек жаш келиндер түзөөрү аныкталды.

09 Февраль 2012

“Апрелчилерди” араздаштырган эмне?

7-апрелдеги козголоңдо жакындарынан ажырагандардын айрымдары “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчилигин эки жылдан бери которулган акчалай жана материалдык жардамдар боюнча отчет бербей жатат деп айыптап чыкты.

Угуу Эл куралдарды кайтаргысы келбей жатат

Апрель-июнь окуялары учурунда элге өтүп кеткен курал-жарактын калгандарын кайтарып алуунун бүгүнкү абалы "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

08 Февраль 2012

Психолог: Баланын суицидге жөндөмү эрте эле байкалат

Акыркы кездери Кыргызстанда өз өмүрүнө кол салган, же өз жанын кыйгандар айрыкча жаштар арасында көп жолугууда.

Ооганстан: кыздуу болуунун "бактысы"

Жакында Ооганстанда бир киши жубайын эркек бала төрөбөгөнү үчүн муунтуп өлтүргөн деген жаңылык көпчүлүктү айран таң калтырды. Эркек балага артыкчылык берүү Ооганстанда кадимки көрүнүш.

07 Февраль 2012

Орусияда мушташтан эки кыргызстандык ажал тапты

Сургут шаарындагы мушташтан мерт болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине шаршембиде жөнөтүлөт.

Кыш ызгаарында дарыяга түшкөн Кайрат -“морж”

Элдин көбү кыш ызгаарында тумчуланып, жылуу үйдөн чыккысы келбей жатса, кээ бир кишилер шыргалаң сууга чүмкүп жатат. Оштук Кайрат Жапаров да өспүрүм кезинен бери кышкысын муздак сууга жуунуп жүрөт.

Грузия Кыргызстанды реформага үндөйт

Коррупцияны дээрлик жок кылууга жетишкен Грузия Кыргызстан тартип коргоо, экономика өңдүү тармактарды реформалоону кечеңдетпеши керек дейт.

Уу көмүрдүн артында ким турат?

Казакстандан радиациялык көмүр ташып келүү фактысы боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов жооп берүүгө тийиш.

Кыргыз армиясы: Курсанттын табышмактуу өлүмү

Бишкектеги Аскер окуу жайынын курсантынын өлүмү коомдо көп талкууну жаратты. Каза болгон курсант Болотбек уулу Таалайбектин ата-энеси уулунун өз өмүрүн кыйуусуна окуу жайдан көргөн ыдыктарды себеп көрүүдө. Аскер окуу жайынын өкүлдөрү болсо муну четке кагып жатышат. Ал арада 18 жаштагы курсант каза болгон соң анын сүйлөшкөн кызы да өз жанын кыйганы дайын болду.

06 Февраль 2012

Видео тасма Ишкерлер жер сатуудагы коррупцияга каршы

Бишкекте жер сатуудагы мыйзам бузууларга каршы митинг өттү.

05 Февраль 2012

Сузак: мигранттын тапканы той-ашка эмес...

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Винсовхоз айылында сыртта иштеген мигранттардын эсебинен көз жоосун алган заманбап үйлөр түшө баштады.

04 Февраль 2012

Укук коргоочулар Айдаркендеги окуяны айыпташты

Айдаркенде банктын кассирин өлтүрдү деп шектелген жарандын жакындары шаарчадан күч менен чыгарылган. Укук коргоочулар кабатырланган билдирүү таратты.

Угуу Жаз алды оор болот, эмне кылабыз?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча калың кар жаткандыктан жаз алды кар жана жер көчкү, суу ташкындары көп болоорун эскертүүдө.

03 Февраль 2012

Уу көмүр чуусу басаңдай элек

Кыргызстанда Казакстандан сатылып келген уу көмүрдүн чуусу уланууда. Радиациялуу көмүр таратылган мектептерде иштегендердин айрымдары саламаттыгы начарлаганын ырастоодо.

Жабыркаган мигранттар жөлөк пулдан куру калабы?

9-январда Москвада ресторанда өрт чыгып, анда иштеген эки кыргызстандык набыт болуп, 6 адам ооруканага түшкөн. Башында материалдык жардам сөзсүз көрсөтөбүз деген Москванын бийлиги эми Орусиянын жарандарына гана жөлөк пул берилээрин айтып чыгышты.

Тынаев: Ветеринары жок жерди ылаң басат

Кыргызстандагы ветеринарлардын жетишсиздиги, дыйканчылыктын айрым маселелери боюнча айыл чарба министри Сапарбек Тынаев маек курду.

Угуу Казинолордун тагдыры арсар

Казино ээлери бюджетке кирешени эселеп көбөйтүүнү сунуштап жатышат. Азыр аларды жаппастан, алыскы аймактарга көчүрүү сунуштары айтылууда.

Көкүлова: Бачабаздык тууралуу ачык айта баштадык

Кыргызстанда өспүрүмдөргө сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү, бачабаздык көрүнүштөрү тууралуу “Баланын укугун коргоочулар лигасы” фондусунун программаларынын координатору Айзат Көкүлова ой бөлүштү.

Кароосуз балдар борборундагы зомбулук

Бишкектеги кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдар зомбулуктун түрлөрүнө кириптер болууда.

02 Февраль 2012

Видео тасма Иштин үзүрү үч айда

Кыргыз өкмөтүнүн жүз күндүк программасы, өкмөттүн жаңы реформа саясаты жаатында “Азаттыктын” суроолоруна вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жооп берди. BuS/MiT

Жалал-Абад: Жабырлануучулар нааразы

Коогалаңда жабыр тарткан Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун отуз тургуну өрттөлгөн үйлөрүн калыбына келтирүүнүн азыркы абалын Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын өкүлдөрү менен бирге талкуулашты.

Угуу Жети баштуу ажыдаар менен кантип күрөшөбүз?

Кыргызстандын Коргоо кеңеши 30-январда коррупцияга каршы күрөш маселесин талкуулады. Анда президент Алмазбек Атамбаев соттордун, прокуратуранын жана УКМКнын антикоррупциялык комитетинин дарегине олуттуу сын айтты.

Угуу Памир кыргыздары көчөбү?

Кыргызстанда ооганстандык кыргыздарды түпкү мекенине, же болбосо башка ыңгайлуу бир жайга көчүрүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Мындай кадам зарылбы жана ага түрткү болгон жагдайлар кайсылар?

Исаков: Уулуу көмүрдү эбак эле чыгарыш керек эле

Казакстандын Кулан кенинен келген көмүрдөгү радиациянын деңгээли тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлөн Исаков маек курду.

Акималиев: Жазында жут болушу мүмкүн

Кыргызстандын алыскы аймактарында жут коркунучу тууралуу академик Жамин Акималиев ой бөлүштү.

01 Февраль 2012

Уу көмүрдүн арты чууга апкелди

Кыргызстанда сырттан сатылып келген уулуу көмүргө байланыштуу чуу күчөдү. Жарандык лидерлер Казакстандын Кулан кенинен ташылып келинген көмүр бир катар мектептер менен карылар үйлөрүнө таратылганын билдиришти. Тиешелүү органдар бул маселе боюнча ачык түшүндүрмө бере албай жатышат.

Видео тасма Оторбаев: Ишибиздин үзүрү үч айда билинет

Кыргыз өкмөтүнүн жүз күндүк программасы коомчулукта көп кырдуу пикирлерге жем таштоодо. Өкмөттүн жаңы реформа саясаты жаатында “Азаттыктын” суроолоруна вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев жооп берди.

"Мекен шейиттери" ич ара келише албай жатат

Жабырлануучулардын бири Жаңыл Иманкулова “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчилери алардын атынан акча жасап, коомдук бирикмени саясий куралга айлантып алышты деп айыптап чыкты.

Сүрөт баян Ош: кыш ызгаарындагы жылуулук

Ошто ата-энесиз калган балдарды колдоо акциясы өттү. Балдар үйлөрүндөгү 100гө жакын жетим наристелер 6 лимузинге түшүп шаарды кыдырып чыгышты. Көрктүү жерлерди көргөндөн кийин балдар оюн аянтчаларында болушту. Биринчи жолу болуп жаткан мындай акцияны жеке ишкерлер соопчулук үчүн уюштурушканын айтышты.

Февраль 2012

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2311 - жалпы саны)

Умарали: Түштүктө шалыны (күрүч) отогондо да "сол" сөзү колдонулат. Мисалы: "Күн көтөрүлгөнчө 3-4 сол ... Толук

Сөз таануу