Биздин интернет барагыбызды ургаалдуу колдонуу үчүн бул интернет браузердин жаңы вариантын же башка браузерлерди пайдаланыңыз. Төмөндө өзгөчө таанымал браузерлердин тизмеси берилген.
Жүктөй турган баракка жетүү үчүн тийешелүү белгини басыңыз.
"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Орусияда мигранттар орус тили, тарыхы жана негизги мыйзамдары боюнча милдеттүү түрдө сынактан өтөт. Мындай жардыкка Орусиянын лидери Владимир Путин 7-майда кол койду.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-майда Казакстанга иш сапары менен барды. Расмий жолугушуулардан кийин казак президенти Нурсултан Назарбаев Атамбаевге Астана шаарын көрсөттү.
Орусияда жасалган “Sukhoi Superjet -100” 50гө чукул киши менен Жакартанын чеке-белинде кыйрады. Учактын ичиндеги бизнесмендер, дипломаттар жана экипаждын бардыгы көз жумду. “Sukhoi Superjet -100” Орусиянын СССР чачырагандан кийин өндүрүшкө киргизген алгачкы жүргүнчү учагы.
Москванын борборунда он миңдеген адамдар катышкан “Миллиондордун маршы” 3-президенттик мөөнөтүн баштап аткан Владимир Путиндин ант берүү аземин утурлай өткөрүлдү. Жүрүш Чоң Якиманкадан башталып, Болотная аянтында митинг менен аяктайт.
Апта ичиндеги урунттуу окуялардан сүрөт баян.
25-апрелдин кечинде тынымсыз төккөн нөшөрдөн улам Лейлектин Кулунду айыл өкмөтүн сел каптады. (JsA/SM)
Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, Кыргыз-клаб сыяктуу уюмдарды түзүшкөн. ("Мекен" ассоциациясы "Азаттыкка" жиберген сүрөттөр/GA)
Апта ичиндеги Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы окуялардан көз ирмемдер.
Бардык эле президенттер менен өлкө башчылары өз үй бүлөсүн коомчулукка көрсөтө бербейт. Борбор Азиядагы айрым президенттердин жубайларынын сүрөттөрүн көрүүгө дээрлик мүмкүн дагы эмес.
14-мартта Ошто "Улуттар биримдиги" партиясынын тарапкерлери митингге чыгып, партияга шаар кеңештен 23 орун берилишин талап кылышты. (ErN/SM)
11-мартта Жапонияда 19 миң адамдын өмүрүн алган зилзала менен цунами каптаган кырсыкка 1 жыл толот. Бул сүрөттөр өлкөнүн чыгыш батышында болгон кырсыктан кийинки жана азыркы жагдайды көрсөтөт.
Москвадагы № 154 шайлоо бекетине "карусель" ыкмасы менен добуш берүүгө келген полиция кызматкерлери.
4-мартта Ош шаардык кеңешине шайлоо өттү (ErN/SE)
Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы апта ичиндеги урунттуу окуялардан сүрөт баян.
Ошто өткөн митингдин соңунда бийликке кайрылуу кабыл алынып, оппозиция талаптарын аткарууга 15-мартка чейин убакыт бергенин жарыялады.
Апта ичиндеги Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы урунттуу окуялардан көз ирмемдер.
Апта ичиндеги урунттуу окуялардан фотоирмемдер. (13.02.12 - 17.02.12) (SM)
Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук
Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)