Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 07:40

Эркиндик

Парламент нике жарыясын тыйды

Текст көлөмү - +
17.05.2012
Чет өлкөгө турмуш курууга чакырган нике агенттиктердин жарнамаларын, кулактандырууларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тыюу салынды.

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары - өзүнүн майыптыгын жерибеген дизайнер Үкөй Мураталиева жана алгач таксист, анан жыгач сатып иштөөчү уюм ачууга жетишкен Рустам Орозов.

Журналист жоо бетинде

Ысымдары Вашингтондогу журнализм музейинин дубалына жаңы жазылган 70 журналисттин арасында Азербайжан, Ирак, Ооганстан, Пакистан, Орусиянын да жарандары бар.

Кулчулуктун туткунунда

Кыргызстанда чет өлкөгө жумуш издеп кетип, кулчулукка кабылгандардын саны көбөйүүдө.

Видео тасма Ургант Абайдын саптарын казакча айтты

Орустардын 1-каналында «Вечерний Ургант» берүүсүнүн алып баруучусу Иван Ургант казактын залкар акыны Абай Кунанбаевдин "Жаз" деген ырынан төрт сап казакча айтты. Москвадагы Абайдын эстелигинин жанында бир нече күндөн бери нааразылык акциясы өтүүдө. (Ютуб булагынан)

Рабия Кадыр: Кытайда уйгурлар жоголуу коркунучунда

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин сүргүндө жүргөн жетекчиси Рабия Кадыр Кытай бийликтеринин репрессивдүү саясатынан Шиңжаң провинциясындагы уйгур эли жоголуу коркунучунда турганын айтты.

Видео тасма Ороктогу жер талаш

Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу 27, 4 гектар жердин айланасындагы чыр-чатак кеминде төрт жылдан бери чечилбей келатат.

Видео тасма Москва: Ак тасмачандардын сейили

Жекшембиде Москванын борборунда миңдеген шаардыктар ак тасма тагынып, сейилге чыгышты. Виктор Шендерович, Лев Рубинштейн, Людмила Улицкая, Борис Акунин сыяктуу таанымал маданий ишмерлер эл менен бирге чыгып, Кремлдин саясатына нааразылык билдиришти. ("Азаттыктын" Орус кызматы, 13-май, 2012-жыл)

Куруучу менен иш берүүчүнүн соту создукту

Өндүрүштө иштеп жүрүп бутун кокустатып алган Бөрүбай Мамышев бир жылдан бери "Ошайылкурулуш" ишканасынан чыгымдарын өндүрө албай келет.

Лукашенко адабий шилтемеден жаңылды

Орус адабиятынын залкары Федор Достоевскийдин көзү өтүп, чым жамынганына 100 жылдан эбак ашты. Бирок беларус президенти Лукашенко анын чыгармасынан орунсуз шилтемени «сууруп чыгышы» авторду көрүндө оодарылтты бейм. Буга Достоевскийди таануучулар абдан кыжалат болуп, эгер Лукашенко өз катасын түшүнсө, андан уялышы керектигин айтышууда.

Акун: Кыздарды балдар бузуп жатпайбы

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган видеолор тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыкка" маек курду.

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду.

Түрмө тополоңу боюнча сот башталды

Ушул жылдын башында Бишкектеги №1 тергөө камагында болгон чуулгандуу жаңжал боюнча ишти 10-майда Свердлов райондук соту териштирүүгө киришти.

Тажикстанда өзбек ишмер сабалды

Өзбек жана тажик бийликтерин ачык сындаганы менен таанылган Салим Шамсиддинов Коргон-Төбөдөгү үйүнүн жанында токмоктолду.

Коомдук уюм "шылтоосу көп" депутаттарга кызыгууда

"Эркиндик үнү" уюму парламент жыйынына себепсиз катышпаган депутаттардын тизмесин бербегени үчүн Жогорку Кеңеш аппаратын сотко берген.

Конституциянын багы эми ачылдыбы?

5-май - Конституция күнү. Баш мыйзам кабыл алынган 19 жыл аралыгында 10 жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

Кордолгон ооган келиндин жаңы жашоосу

Былтыр Ооганстанда өз күйөөсүнүн жана кайындарынын колунан зордук көргөн келин Сахар Гүлдү бийликтер оор абалда табышканда анын окуясы дүйнөдө кызуу талкууларды жараткан. Андан бери бир нече ай өттү, азыр эми бул өспүрүм келин турмушун оңдоп, башкача жашоого аракет кылып жаткан чагы.

Кытай: Чэн Гуанчэн четке окууга кете алат

Кытай соңку күндөрү Вашингтон менен Бээжиндин дипломатиялык талашынын борбордук маселесине айланган диссидент Чэн Гуанчэн өлкөдөн сыртка окуу үчүн кете аларын билдирди.

Адам буюм эмес!

Ошто адам аткезчилигине каршы "Адам сатууга жол жок!" аттуу долбоор ишке киришти. Бул долбоордун чоо-жайы тууралуу демилгечилердин бири, Оштогу “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун жетекчиси Авазкан Ормонова ой бөлүштү.

Эркиндик менен жоопкерчилик достошо албай жатат

Кыргызстанда эл аралык Басма сөз эркиндигинин күнү белгиленди.

Рубрикалар

Түрмөк тандоо :

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)