Биздин интернет барагыбызды ургаалдуу колдонуу үчүн бул интернет браузердин жаңы вариантын же башка браузерлерди пайдаланыңыз. Төмөндө өзгөчө таанымал браузерлердин тизмеси берилген.
Жүктөй турган баракка жетүү үчүн тийешелүү белгини басыңыз.
"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Бишкек шаардык маданият башкармалыгы уюштурган “Ырдаган Кыргызстан” аттуу кароо-сынакка 6 жаштан 80 жашка чейинки курактагы өнөрпоздор катышты.
Бишкекте Кыргыз улуттук консерваториясы жана "Одродзение" польшалык маданий-агартуу бирикмесинин ARS POLONIA аттуу VI жаш аткаруучулардын фестивал-сынагы өтүүдө. Сынакка кыргыз, казак, өзбек, америкалык жана түштүк кореялык жаш музыканттар катышууда. MKa/MiT
СПИД илдети тууралуу ыр окуп берди.
Драматург Токтоболот Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасын режиссер Аманбек Жапаров жакында сахнага чыгарды.
Жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык “Жаңы толкун” сынагына бул жолу Кыргызстандын атынан Бек Исраилов катышат. MiT (22-апрель, 2012-жыл)
Жетимишинчи жылдары Ошто студент балдар түзгөн «Ариет» рок эстрадалык тобу кайрадан сахнага кайтты. Бир кездери эл арасында аябай популярдуу болгон топтун жигиттеринин чачтарына азыр ак түшкөн.
Кинорежиссер Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” кинотасмасы коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө көрсөтүлө электе эле кызуу талкууга түштү. Тасманын режиссеру бул жаңы фильмдин тегерегинде ой бөлүштү.
Баткен шаарындагы облустук гимназия-жатак мектебинин окуучулары 3 ай ичинде эски тетиктерден робот жасап чыгышты. JsA/MiT
Азамат Сыдыков музыка сүйүүчүлөргө белгилүү пианист. Эл аралык конкурстардын лауреаты.
Бишкектин этегиндеги Бакай-Ата конушунан Сезим аттуу 8 жаштагы манасчы кыздын аты жумурай журтка дүң этти.
Кызыл-Суу кыргыз аптоном областындагы Ак-Чий ооданында Кыргызстанда жарык көргөн Жүсүп Мамайдын айтуусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененым», «Ажыбек баатыр» эпосторунун жана Чолпон Субакожоеванын замандын улуу манасчысы жөнүндө китебинин бет ачар аземи болду. (Бектур Илияс, Үрүмчү)
Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз аптоном облусунун Ак-Чий ооданында залкар манасчы Жүсүп Мамай атанын туулган күнүнө утур, кыргызстандык чыгармачыл топтун иш сапары болду. Ага кытайлык кыргыз окумуштуулары жана жетекчилери катышты.
Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева 88 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү дүйшөмбү күнү Ысык-Көлдөгү өзү туулуп өскөн айылы Жолголотко коюлду.
Улуттук китепканада таланттуу акын Курбаналы Сабыровду эскерүү кечеси өтүп, анын китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.
1970-жылдаргы кытайлык манас таануучу тартып алган уникалдуу видео тасмадан 95 жашка кадам таштаган Жусуп Мамайдын "Манас" айтканын көрүңүз.
Байыркы жана орто кылымдарда Алтай өңүрүндө жашаган көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгүн жана ак сөөктөрдү жайга койуу маданиятын чагылдырган көргөзмө Нью-Йоркто өтүүдө.
Европалык этнограф жана социолог Жанна Фео де ла Кроа Кыргызстандын жаратылышы, эли, салт-санаасы туурасында "Азаттыкка" маек курду.
Швециянын жараны, 11 жаштагы скрипач Даниэл Лозакович Венадагы симфониялык оркестр менен концерт берүүгө чакыруу алды. Даниэлдин апасы Бишкекте төрөлгөн.
Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук
Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)