Биздин интернет барагыбызды ургаалдуу колдонуу үчүн бул интернет браузердин жаңы вариантын же башка браузерлерди пайдаланыңыз. Төмөндө өзгөчө таанымал браузерлердин тизмеси берилген.
Жүктөй турган баракка жетүү үчүн тийешелүү белгини басыңыз.
"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Кыргыздын кырк уруусу алакандай элди бириктиреби же бытыранды кылабы? (3-бөлүк)
Кыргыздын кырк уруусу алакандай элди бириктиреби же бытыранды кылабы? (2-бөлүк)
Кыргыздын кырк уруусу алакандай элди бириктиреби же бытыранды кылабы? (1-бөлүк)
"Азаттыктын" сатиралык саамалыгы - "Тамашемес" видеоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышы. Ар аптада чыкчу тамашабызды сатирик жазуучу Жолочу Рысбаев алып барат.
Орустардын 1-каналында «Вечерний Ургант» берүүсүнүн алып баруучусу Иван Ургант казактын залкар акыны Абай Кунанбаевдин "Жаз" деген ырынан төрт сап казакча айтты. Москвадагы Абайдын эстелигинин жанында бир нече күндөн бери нааразылык акциясы өтүүдө. (Ютуб булагынан)
Бул берүүдө адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын укуктары тууралуу кеп салмабыз. (3-бөлүк)
Бул берүүдө адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын укуктары тууралуу кеп салмабыз. (2-бөлүк)
Бул берүүдө адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын укуктары тууралуу кеп салмабыз. (1-бөлүк)
3400 орундук "Южные ворота" соода борборунда 1000 орун кыргызстандыктар үчүн берилди. Аталган борбор менен "Дордойдун" жетекчилиги келишим түзүп, кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген шарттар каралаарын, соодагерлер жашай турган өзүнчө мейманкана болоорун макулдашты. (AiK/MiT)
Жекшембиде Москванын борборунда миңдеген шаардыктар ак тасма тагынып, сейилге чыгышты. Виктор Шендерович, Лев Рубинштейн, Людмила Улицкая, Борис Акунин сыяктуу таанымал маданий ишмерлер эл менен бирге чыгып, Кремлдин саясатына нааразылык билдиришти. ("Азаттыктын" Орус кызматы, 13-май, 2012-жыл)
Апта ичиндеги урунттуу окуялардан сүрөт баян.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-майда Казакстанга иш сапары менен барды. Расмий жолугушуулардан кийин казак президенти Нурсултан Назарбаев Атамбаевге Астана шаарын көрсөттү.
Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)
Казакстанда жол кырсыгынан мерт болгон 16 жарандын сөөгү Бишкектеги өлүкканада бир сыйра каралып, жуулуп-тазаланган соң бүгүн (10.05.12.) кечинде Базар-Коргонго жөнөтүлөт. (MiT)
Орусияда жасалган “Sukhoi Superjet -100” 50гө чукул киши менен Жакартанын чеке-белинде кыйрады. Учактын ичиндеги бизнесмендер, дипломаттар жана экипаждын бардыгы көз жумду. “Sukhoi Superjet -100” Орусиянын СССР чачырагандан кийин өндүрүшкө киргизген алгачкы жүргүнчү учагы.
Бишкекте Жеңиштин 67 жылдыгына арналган салтанат өттү. Салтанатта Экинчи Дүйнөлүк согушта набыт болгондор эскерилип, Бишкек аскердик гарнизонунун салтанаттуу жүрүшү өттү. MiT
Бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына арналган салтанат өттү. MiT
Улуу Ата Мекендик согушка арналган Кыргызстандын жети дубанындагы эстеликтерден сүрөт баян. (Обончу Хабибулла Азиреткуловдун акын Атакул Жакыповдун сөзүнө жазылган "Эстелик" аттуу ыры колдонулду)
Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)
"Азаттык+" жаштар берүүсү бул жолу Ошко сапар алды. (3-бөлүк)
"Азаттык+" жаштар берүүсү бул жолу Ошко сапар алды. (2-бөлүк)
"Азаттык+" жаштар берүүсү бул жолу Ошко сапар алды. (1-бөлүк)
Москвада оң миңдеген адамдар В.Путиндин 7-майда президенттикке кайтып келүүсүнө нааразылык билдирди. Полиция ондогон адамдарды, алардын арасында Сергей Удальцов, Борис Немцов менен Алексей Навальныйды камакка алды. Оппозициячыл Гарри Каспаровдун айтуусунда, бийликтин атайын күчтөрдү пайдаланганы - элден коркуп жатканын көрсөтөт. (Reuters)
Эгерде президент Николя Саркози кайра шайланбай калса, Европада каржы кризиси башталгандан бери кызматтан кол жууган 11-лидер болуп калат. Франсуа Олланд жеңсе, соңку 17 жылда бийликке келген 1-социалист болот. (Reuters)
"Азаттыктын" кабарчылары Мухаммедали Токтакунов, Жанарбек Жолдошев жана Мирлан Токталиевдин Ош шаарынан тарткан сүрөттөрүн сунуш кылабыз.
Бишкекте Кыргыз улуттук консерваториясы жана "Одродзение" польшалык маданий-агартуу бирикмесинин ARS POLONIA аттуу VI жаш аткаруучулардын фестивал-сынагы өтүүдө. Сынакка кыргыз, казак, өзбек, америкалык жана түштүк кореялык жаш музыканттар катышууда. MKa/MiT
СПИД илдети тууралуу ыр окуп берди.
Баткенде оппозициялык маанайдагы "Майдан.кж" гезитинин окурмандары өкмөт басма сөзгө кысым жасап жатат деген жүйө менен митингге чыгышты. JA/MiT
Эркин Европа/Азаттык үналгысынын журналисттери өз өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарына болгон коркунучтар жана сөз эркиндиги үчүн күрөш тууралуу ой бөлүшөт. 3-май, 2012-жыл
Бул жолку чыгарылышта июнь коогасында жабыркагандарга турак жай кандай берилип жатканы жана жаңы курулуштардын сапаты талкууга алынды. (3-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта июнь коогасында жабыркагандарга турак жай кандай берилип жатканы жана жаңы курулуштардын сапаты талкууга алынды. (2-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта июнь коогасында жабыркагандарга турак жай кандай берилип жатканы жана жаңы курулуштардын сапаты талкууга алынды. (1-бөлүк)
УКМК төрагасы Шамил Атаханов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. (BuS/MiT)
Жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык “Жаңы толкун” сынагына бул жолу Кыргызстандын атынан Бек Исраилов катышат. MiT (22-апрель, 2012-жыл)
"Азаттыктын" сатиралык саамалыгы - "Тамашеместин" бул чыгарылышы МУРУНга арналды. Ар аптада чыкчу тамашабызды сатирик жазуучу Жолочу Рысбаев алып барат.
Жалал-Абаддын Ноокен жана Курулуш айылдарында 27-апрелде катуу жаандан сел жүрүп, бир топ үйлөрдү, жолдорду, ички каналдарды жарактан чыгарды. (YA/MiT)
Баткен шаарындагы облустук гимназия-жатак мектебинин окуучулары 3 ай ичинде эски тетиктерден робот жасап чыгышты. JsA/MiT
Кыштут жана Кулунду айылындарында катуу жаандан сел жүрүп, бир топ үйлөрдү, жолдорду, ички каналдарды жарактан чыгарды. Мал жандыктар топон сууга агып, айдалган эгин талааларды ылай каптады. Кырсыктын кесепетин четтетүү үчүн ӨКМнин күчтөрүнөн сырткары жергиликтүү тургундар жана чек ара кызматынын жоокерлери да тартылды. JsA/MiT
25-апрелдин кечинде тынымсыз төккөн нөшөрдөн улам Лейлектин Кулунду айыл өкмөтүн сел каптады. (JsA/SM)
Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Гиланини айыптуу деп таап, бирок камакка алган жок. Анын жактоочулары сот имаратынын алдында күтүп турушту. "Азаттыктын" Машаал кызматы, 26.04.2012
"Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышында Кыргызстандагы "Таблиги жамааттын" ишмердиги, башкача айтканда дааватчылар тууралуу кеп козголду.
Казакстандын журналисттер жамааты «Уральская неделя» гезитинин журналисти Лукпан Ахмедяровго кол салууну айыпташты. Алматы, 20-апрель, 2012-жыл.
Кытайдагы буддистердин ибадатканалары туристтердин Мекеси саналат. Кыргызстандачы? Токмок шаарына жакын VII-VIII кылымдарга таандык бутпарастардын ибадатканасы жайгашкан жерде археологиялык казуулар башталып, кийин иш токтоп калган. Чүй боорундагы Навакетке (Ноокатка) "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусубжан барып, тарыхый эстеликтерди көрүп келди.
"Ыңгайсыз суроолордо" МАИ кызматын кантип реформалоо тууралуу сөз болду (3-бөлүк)
"Ыңгайсыз суроолордо" МАИ кызматын кантип реформалоо тууралуу сөз болду (2-бөлүк)
"Ыңгайсыз суроолордо" МАИ кызматын кантип реформалоо тууралуу сөз болду (1-бөлүк)
5 адам өткөн жылдын октябрь айында Атыраудагы жардырууну уюштурганы үчүн айыпталып, 6 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кесилди. Калган 42 киши 5 жылдан 15 жылга чейин абакта отурат. Атырау, 18-апрель, 2012-жыл.
"Азаттык+" бул ирет опера жана балеттеги жаңыдан чыгып келаткан жаш муунду элге тааныштырды. (3-бөлүк)
"Азаттык+" бул ирет опера жана балеттеги жаңыдан чыгып келаткан жаш муунду элге тааныштырды. (2-бөлүк)
"Азаттык+" бул ирет опера жана балеттеги жаңыдан чыгып келаткан жаш муунду элге тааныштырды. (1-бөлүк)
Осло шаарында өткөн жылдын жайында 77 адамды өлтүргөн ашынган оңчул Андерс Брейвиктин соту уланууда. Брейвик сотто адамдарды кырып салганын мойнуна алып “бул акылдуу жол менен жасалган саясий кол салуу” деп айтып, өз кылганына өкүнбөстүгүн билдирди. Терроризм жана массалык адам өлтүрүү үчүн айыпталып жаткан 33 жаштагы Андрес Брейвиктин күнөөсү аныкталса ал 21 жылга камалат.
Апта ичиндеги Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы окуялардан көз ирмемдер.
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөн Чотонов эки өлкөнүн алака-катышы, бул өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын, бактысын издеп барган кыргыз кыздарынын абалы тууралуу суроолорго жооп берди.
Бишкектин "Дордой" базарынын тегерегинде жайгашкан жаңы конуштардын тургундары борбордук таштанды таштоочу жайдын жолун тосушту. MiT
Баткен облусунда жалпысынан 15 миң гектардан ашык өрүк багы бар. Алар жыл сайын 3 миллиард сомдой киреше берет. JAi/MiT
1970-жылдаргы кытайлык манас таануучу тартып алган уникалдуу видео тасмадан 95 жашка кадам таштаган Жусуп Мамайдын "Манас" айтканын көрүңүз.
Он үч жаштагы Айчүрөк Жылдызбек кызы эки инисин сактайм деп өзү катуу келаткан машинанын соккусуна кабылган. Ал учурда оор абалда ооруканада. Айчүрөктүн ата-энеси кызын чет өлкөдө дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Окуя былтыр 28-августта Таластын Көпүрө-Базар айылында болгон. (MiT)
Оппозиция кезектеги митингин 10-апрелде Жалал-Абад шаарында өткөрдү. (YA/MiT)
"Азаттыктын" сатиралык саамалыгы - "Тамашемес" радио-видеоберүүнүн бул чыгарылышы саясатчыларга арналды. Ар аптада чыкчу тамашабызды сатирик жазуучу Жолочу Рысбаев алып барат.
Бул жолку чыгарылышта спортчулардын өлкө намысын коргобой, криминалдык чөйрөгө ооп кетүүсү талкууга алынды. (3-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта спортчулардын өлкө намысын коргобой, криминалдык чөйрөгө ооп кетүүсү талкууга алынды. (2-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта спортчулардын өлкө намысын коргобой, криминалдык чөйрөгө ооп кетүүсү талкууга алынды. (1-бөлүк)
Июнь окуясында жабыркаган ишкерлер 9-апрелде Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыкты. 2010-жылкы июнь коогасында ишкерлер түздөн-түз 2,5 миллиард, кыйыр түрдө дагы 1,5 миллиард сом зыян тартканы эсептелген. (MiT)
2010-жылдагы апрель жана 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүдө набыт болгондордун элесине арналган монумент Бишкекте ачылды. MiT
2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй тараптан атылган биринчи ок Алиясбек Алымкуловго тийген. Ийнине жана башына тийген эки октон ал оор жаракат алып, кийин ооруканада араң эсине келген. Ошол кандуу күндөрдү эскерген Алиясбек 7-апрелге чейин да аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, асып өлтүрмөкчү болгондо жип үзүлүп, аман калганын "Азаттыкка" ачыктады.
Жогорку Кеңеш Пирматовдон кол тийбестикти алуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун четке какты. (3-бөлүк)
Жогорку Кеңеш Пирматовдон кол тийбестикти алуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун четке какты. (2-бөлүк)
Жогорку Кеңеш Пирматовдон кол тийбестикти алуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун четке какты. (1-бөлүк)
Апрель окуясынын айрым жабырлануучулары майып абалында да көртирликке башы малынып келатат. Алардын бири таксист Туратбек Мамбетов. (KKs/MiT)
Апрель окуяларында ок жаңылгандардын басымдуу бөлүгү алигиче ооруканадан башы чыкпай келет.
Жүздөгөн өлкөлөрдүн студенттеринин арасында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн эл аралык AIESEC уюмунун өкүлдөрү "Азаттыкка" маек курушту.
Ош-Сары-Таш-Карамык-Ленинабад жолу дагы деле толук ачыла элек. Кытай - Кыргызстан -Тажикстан линиясындагы коридор бир аз тегизделгени менен унаалар көрүнгөн жерде тыгылып жатат. Айылдарга кирген жолдордон азырынча машине жүрө албайт. (31-март, 2012-жыл) ErN/MiT
Жаздын алгачкы бир айы аяктаган менен Чон-Алайга баар али келе элек. Жем-чөп маселеси элди дагы деле кыйноого салып, малдар четинен кырылууда. Райондун эн алыскы Карамык айылында чөптүн бир таңгагы 500-800 сомго чыгып кеткен. (31-март, 2012-жыл) ErN/MiT
"Азаттыктын" сатиралык саамалыгы - "Тамашемес" радио-видеоберүүнүн бул чыгарылышы коррупцияга арналды. Ар аптада чыкчу тамашабызды сатирик жазуучу Жолочу Рысбаев алып барат.
Азаттык+ бул жолу 22 чыга элек кыздарды чет өлкөгө коё бербөө жана нике агенттиктерин жарнамалоону тыюуу сунушун талкуулады. (3-бөлүк)
Азаттык+ бул жолу 22 чыга элек кыздарды чет өлкөгө коё бербөө жана нике агенттиктерин жарнамалоону тыюуу сунушун талкуулады. (2-бөлүк)
Азаттык+ бул жолу 22 чыга элек кыздарды чет өлкөгө коё бербөө жана нике агенттиктерин жарнамалоону тыюуу сунушун талкуулады. (1-бөлүк)
Памирдеги ооган кыргыздарынын башчысы Турдакун ажы 3-апрелде Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолукту.
Бүгүн Ак үйдүн алдына чыккан отуз чакты адам "Манастагы" Транзиттик борбордун жабылышын талап кылышты. (MiT)
"ЮТэйр" авиакомпаниясынын ATR-72 учагында 43 киши, анын ичинде 39 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү бар болчу. Тюмень-Сургут багытындагы учак Тюмендин аба майданынан көтөрүлгөндөн бир нече мүнөттөн кийин жерге кулап түшүп, өрттөнүп кеткен. (Тасма орус тилинде)
Парламент сырттан келип жаткан гуманитардык, техникалык, кайтарымсыз жардам, грант тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Сазга батып, уулуу суу ичип жаткан Жеңиш жаңы конушунун тургундарына кабарчыбыз Мирлан Токталиев жолугуп келди.
"Манас" аба майданындагы АКШнын жүк ташуучу Борборундагы экипаждын командири Геннадий Антонов "Азаттыкка" баян курду. (Тасма орус тилинде). JJo\JZh.
"Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышында өспүрүмдөр арасында күчөп жаткан суицид көйгөйү талкууланды.
"Азаттыктын" сатиралык саамалыгы - "Тамашемес" радио-видеоберүүлөрүнүн экинчи чыгарылышы. Бул берүү кошоматчылыкка арналды. Ар аптада чыга турган тамашабызды сатирик жазуучу Жолоочу Рысбаев алып барат.
Европада ызгаардуу кыш маалында Прага зоопаркында Жессика кулундаган. Тилекке каршы кулун ичиндеги жарааттардын айынан тороло албай, өлүп калганын чехтердин гезиттери кабарлады. Дээрлик жок болуп бараткан бул жапайы жылкынын тукумун Жаңыл Жусупжан көрүп келген. (Тасма орус тилинде)
Кыргыз-казак чек арасында “Ак жол” өтмө бекетинде ары-бери жүк ташып иштеген кыргызстандык жарандар казак чек арачыларынын катаал мамилесин айтып даттанышууда. MiT
2005-жылы экс-президент Аскар Акаевдин башкаруусуна нааразы болгон миңдеген демонстранттар өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, милицияны четке сүрүп таштап Ак үйгө кирип барган. MiT
“Ата Мекен” партия ичинде ынтымакка доо кетирди деп эки мүчөсүн өз курамынан чыгарды.
Ташкенде Ноорузду майрамдоо салтанаты. Өзбекстандын мамлекеттик сыналгысынын видео тасмасы.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын мурдагы мүчөсү Равшан Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев катышты.
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Ноорузга арналган иш-чаралар акимчилик алдындагы аянтта өттү. MKo
Бардык эле президенттер менен өлкө башчылары өз үй бүлөсүн коомчулукка көрсөтө бербейт. Борбор Азиядагы айрым президенттердин жубайларынын сүрөттөрүн көрүүгө дээрлик мүмкүн дагы эмес.
"Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышы чет өлкөлүк жердештердин турмушуна арналды.
Нооруз майрамына карата “Супара” этнографиялык борборунда кыргыздын улуттук оюндары жана тамак-аштары тартууланды.
Кыргызстандын бардык аймактары Нооруз майрамын белгилөөдө.
97 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Катча Аманова Нооруз майрамынын мындан токсон, сексен жыл мурдагы маанисине токтолду.
"Азаттыктын" сатиралык саамалыгы - "Тамашемес" радио-видеоберүүлөрүнүн бет ачарын тартуулайбыз. Ар аптада чыга турган тамашабызды сатирик жазуучу Жолоочу Рысбаев алып бармакчы. Алгачкы берүү мамлекеттик тилдин маселелерине жана котормо иши кантип коңтормо болуп жатканына арналды.
Улустун Улуу күнүнүн босогосунда сүмөлөк кантип жасаларын кабарчыларыбыз тасмага тартышкан. MiT
Баткендин Тажикстан менен чектешкен айылдарына жакын жайгашкан тажик жарандары Кыргызстандан электр энергиясын мыйзамсыз жол менен пайдаланып келет. Анткени тажик айылдарына бир суткада 6 саат гана электр энергиясы берилет. JAi/MiT
Жаздын алгачкы айы жарымынан өтүп калганда (19-мартта) жааган кар караламан калкты кыйла түйшүккө салды. KKs/MiT
17-мартта Бишкекте укук коргоочу Шералы Назаркуловго арналган эстелик такта ачылды. Назаркулов 2002-жылы 7-февралда акаевдик режимге жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен берилишине каршы ачкачылык жарыялап, акциянын 22-күнү ажал тапкан. MiT
Бул жолку чыгарылышта оппозициянын талаптары канчалык орундуу жана аны аткарууга мүмкүнбү деген суроолордун тегерегинде сөз болду. (3-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта оппозициянын талаптары канчалык орундуу жана аны аткарууга мүмкүнбү деген суроолордун тегерегинде сөз болду. (2-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта оппозициянын талаптары канчалык орундуу жана аны аткарууга мүмкүнбү деген суроолордун тегерегинде сөз болду. (1-бөлүк)
Аксы окуясына 10 жыл: 2002-жылы 17-мартта Боспиек айылына жакын жерде милициянын огунан беш киши мерт болгон.
Микрокаржылык компаниялардан насыя алып, карыздап калгандар Жогорку Кеңештин алдына митингге чыкты. Алардын айтымында, насыясын төлөй албай калгандар арасында өз жанын кыйгандар да болууда. Кыргызстанда жалпы калктын 7 пайызы насыя алат. 15.03.12. (ZB/MiT)
Болот Атабаев жетектеген "Ак сарай" көчмө театрынын «Көчкү» спектаклинен түшкөн каражат Жаңы Өзөндөгү каргашада запкы чеккендерге жиберилет. Алматы, 14-март, 2012-жыл.
14-мартта Ошто "Улуттар биримдиги" партиясынын тарапкерлери митингге чыгып, партияга шаар кеңештен 23 орун берилишин талап кылышты. (ErN/SM)
Бул берүүдө кийит кийгизүү салтынын оң жана терс жактары талкууланды.
Террористтик деп шектелген “Жайшул-Махди” уюмунун мүчөлөрүнүн үстүнөн башталган сот иши былтыртан бери токтоп турат. Алардын колунан мерт болду делген милиция кызматкерлеринин жакындары буга нааразы болуп, маалымат жыйынын өткөрүштү. Бул боюнча бүгүн кечки Азаттыктан толук уга аласыздар.
Бул жолку чыгарылышта президент Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы бир катар саясий билдирүүлөрү туурасында сөз болду. (3-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта президент Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы бир катар саясий билдирүүлөрү туурасында сөз болду.(2-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта президент Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы бир катар саясий билдирүүлөрү туурасында сөз болду. (1-бөлүк)
11-мартта Жапонияда 19 миң адамдын өмүрүн алган зилзала менен цунами каптаган кырсыкка 1 жыл толот. Бул сүрөттөр өлкөнүн чыгыш батышында болгон кырсыктан кийинки жана азыркы жагдайды көрсөтөт.
Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кыргыз аскерлеринин абалы, армиядагы жат көрүнүштөр тууралуу суроолорго жооп берди.
Kытайлык ырчы Арзыгүл Турган «Кытайдын Мамлекеттик биринчи даражадагы ырчысы» деген наам алды. Муну Азаттыкка үрүмчүлүк калемгер Бектур Илияс сүйүнчүлөп, анын сүрөттөрүн, ырын салып жиберди. jch/mit
АКШ президенти Барак Обама Ирандык ядролук маселесин дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болоорун айтты. Вашингтондо өткөн маалымат жыйында президент Обама Ирандын ядролук жайларына сокку уруу боюнча Израилдин сунушу ишке ашпай тургандыгын белгиледи. (Reuters)
Бүгүн МАИ кызматкерлери айдоочу айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, гүл белек кылышты. (JJo/MiT)
Бул көрсөтүүдө атактууларды кумир туткан жаштар тууралуу сөз болду (3-бөлүк)
Бул көрсөтүүдө атактууларды кумир туткан жаштар тууралуу сөз болду (2-бөлүк)
Бул көрсөтүүдө атактууларды кумир туткан жаштар тууралуу сөз болду (1-бөлүк)
Калпак күнүнө карата Бишкектеги Тарых музейинин алдында майрамдык концерт өттү. Калпак күнү Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу белгиленип жатат. ( MiT)
Польшанын түштүгүндө темир жолдун бир тилкесинде бетме-бет чыккан 2 поезд кагылышып, кеминде 16 киши каза таап, 50дөн ашуун жүргүнчү жаракат алды. Бул өлкөдөгү соңку 20 жылдагы оор кырсык болду. (AP video)
Орусиядагы президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулардын бири катары "карусель" ыкмасы менен добуш берүү болгону айтылууда.
Москвадагы № 154 шайлоо бекетине "карусель" ыкмасы менен добуш берүүгө келген полиция кызматкерлери.
Бүгүн Орусияда президенттик шайлоо өтүүдө. Беш талапкердин ичинен премьер-министр В.Путин жеңишке ээ болоору күтүлүүдө. Шайлоого чейин Кремлге каршы нааразылык митингдер Орусияда бир нече жолу өттү. 4-март 2012-жыл
Today voters are choosing between eight parties to select members of the 45-seat city council of Osh city. The controversial mayor of Osh Melis Myrzakmatov’s “Nations’ Unity” Party is among of eight. Security measures are increased in the city. Osh was at the center of clashes between ethnic Uzbeks and Kyrgyz in June 2010, in which around 450 people were killed and thousands of homes and businesses destroyed. (RFE/RL's Kyrgyz Service)
Бишкекте Ала-Тоо аянтында Мамлекеттик тууну салтанаттуу түрдө көтөрүү аземи болду. Иш-чара Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун 20 жылдыгына карата өткөрүлдү. MiT
Ошто өткөн митингдин соңунда бийликке кайрылуу кабыл алынып, оппозиция талаптарын аткарууга 15-мартка чейин убакыт чектеди. ErN/MiT
Бишкектеги Фрунзе музейинде Кыргызстандагы дунган диаспорасынын көргөзмөсү ачылды. (MiT)
Тажикстандын спорт тарыхына 18 жаштагы Сабина Тагойназарова таэквондо ITF боюнча дүйнө чемпионатын жеңген 2-спортчу катары кирет. Тажик спорт журналисттер ассоциациясы Сабинаны 2011-жылдын мыкты спортчусу деп атады. "Азаттыктын" Тажик кызматы
Бул жолку чыгарылышта эртелей турмуш куруунун оң-терс жактары талкууга алынды. (2-бөлүк)
Бул жолку чыгарылышта эртелей турмуш куруунун оң-терс жактары талкууга алынды. (1-бөлүк)
Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш жашап жатат. (3-бөлүк)
Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш жашап жатат. (2-бөлүк)
Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш жашап жатат. (1-бөлүк)
Баткендин Боз-Адыр айылында ишке жарамдуу калктын көбү четке иш издеп кетип, дээрлик чал-кемпирлер неберелерин карап калган. (JAi/MiT)
Өмүрбек Текебаев ажаан аялдарды пайдалануу Бакиевдин бийлиги менен кылмыш дүйнөсүнүн жуурулушуп кетишинин анык күзгүсү болуп турган деп эсептейт.
Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы оппозиция жүрүшү. 2008-жыл, апрель.
Македониянын Струмица карнавалынын тарыхы кылымдарды камтыйт. Көчөдөгү жүрүштөн кийин маскачан жигиттер сөйкө салынган селкилердин үйлөрүн кыдырышат. Ар бир селки беткапчандардын арасынан өз сүйгөнүн таануусу керек. (Түштүк славян кызматы, 2012-жыл)
Кой-Таш айылынын жанында жайгашкан 73809-аскер бөлүгүнүн жоокерлерине "Азаттыктын" кабарчылары жолугуп келишти. (MiT)
Бүгүн Ала-Тоо аянтында Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин саясатын колдогон акция өттү. Аны коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин санаалаштары уюштурду. MiT
Бул чыгарылышта кыргыз депутаттарынын көпчүлүккө белгисиз жактарын чагылдырабыз. (3-бөлүк)
Бул чыгарылышта кыргыз депутаттарынын көпчүлүккө белгисиз жактарын чагылдырабыз. (2-бөлүк)
Бул чыгарылышта кыргыз депутаттарынын көпчүлүккө белгисиз жактарын чагылдырабыз. (1-бөлүк)
Белгияда жашаган сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакировдун Брюсселде сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Кыргызстандын башкы прокуратурасы Мун сектасынын ишмердүүлүгүнө сот аркылуу тыюу салууну көздөөдө. Тасмада: Мун сектасынын диний жөрөлгө менен коштолгон жыйыны. Бишкек, филармония, 18-июнь, 2006. (ZB)
УКМКнын тергөө абагында асынып өлдү делген Жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаевдин туугандары 17-февралда бул мекеменин алдына нааразылыкка чыкты.
Кыргызстан тарых коому (КТК) деп аталган илимий-агартуу багытында иш алып бара турган эл аралык коом түзүлдү. (11-февраль, 2012-жыл) MiT
Ишенбай Кадырбеков
№1 Тергөө абагынын кызматкери
Эркин Бөлөкбаевдин "Азаттыкка" берген маеги
Ыйык Валентин күнү, же махабат майрамын кыргызстандык жаштар да белгилеп жатат.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен "Азаттык" үналгысынын жамааты менен жолукту. MiT
Кыргызстанда райондордун акимдерин шайлоо партиялык, кландык, жердешчилик кызыкчылыктар менен коштолууда. MiT
Бүгүн "Кумтөр" кенинин жумушчулары нааразылык акциясына чыкты. (MiT)
Бишкекте жер сатуудагы мыйзам бузууларга каршы митинг өттү.
АКШнын “THE RED STATE RAMBLERS” кантри тобу менен Кыргызстандын "Устат-шакирт" фольклордук топтору биргеликте концерт тартуулады.
6-февралда Хомс шаарында жардылуу болуп, уюган кара түтүн асманга чыкты. Оппозициялык булактар өкмөт тик учактардан шаарды бомбалап жатканын билдирди. (АР агенттиги тараткан тасма)
4-февралда Орусияда бийликке каршы он миңдеген адамдардын нааразылык акциялары өттү. Москванын Болотная аянтындагы митингге бир нече миңдеген киши катышты. "Азаттыктын" Орус кызматынын тасмасы.
Поклонная Гора деген жерде премьер-министр Владимир Путиндин колдоочулары чогулду. Ал эми Болотная аянтына бийликке каршы он миңдеген адамдар чыкты. 4.02.2012
Бүгүн Орусиянын бир катар шаарларында Кремлге каршы митингдер өтүүдө. Москвада полициянын маалыматында 70 миңден ашуун киши Болотная аянтына чыкты. 4.02.2012
Жаштар арасында өзгөчө белгилүү болуп жаткан Non-stop дуэти "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна жооп берди.
Кыргыз өкмөтүнүн жүз күндүк программасы, өкмөттүн жаңы реформа саясаты жаатында “Азаттыктын” суроолоруна вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жооп берди. BuS/MiT
Бул жолку чыгарылыш кышкы эс алууга арналды. (3-бөлүк)
Бул жолку чыгарылыш кышкы эс алууга арналды. (2-бөлүк)
Бул жолку чыгарылыш кышкы эс алууга арналды. (1-бөлүк)
Таластын Кызыл-Октябрь айылында 12 жаштагы Чынара Мадимкулова үй шартында акробатикалык кыймылдарды жасайт. (MbA/MiT)
Улан Баратов Талас районундагы Түз-Ашуу деген кыштоодо 15 жылдан бери топоз багат. Учурда анын саны 300гө жеткен. (MbA/MiT)
Ишембиде Алматыда президент Назарбаевге жана соңку шайлоонун жыйынтыгына каршы акцияга оппозициянын миңге чукул колдоочусу чогулду. "Азат" жалпы улуттук социалисттик демократиялык партиясы бир нече активисттер кармалганын маалымдады. Президент Назарбаев Жаңы-Өзөндө чукул кырдаал 31-январда токтотулаарын билдирди.
Кыргызстанда киночулардын жаңы толкуну пайда болду. Голливуд жылдызы Жеки Чандын фанаты, актер Адилет Акматов да сүйүү темасында тасма жаратты. Jak/MiT
АКШ президенти Барак Обама экономикалык теңсиздикти азайтуу менен тышкы саясаттагы жетишкендиктерге токтолду.
Чех жумуриятында улуттук азчылыктар кырылып, депортацияланган оор мезгилдер өткөн. Бирок бүгүн улуттук азчылыктарды коргоо жана жаштарды сабырдуулукка тарбиялоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү. Мындай саясат вьетнам улутундагылардын турмушуна кандай таасир тийгизип жатканын алардын жаңы жылдык майрамында Жаңыл Жусупжан байкоо салып келди.
Кыргызстанда ашынган улутчулдар башка улуттарды эмнеге кыргызча ырдабайсыңар деп жекирген учурлар кездешет. Чехиядагы улуттук азчылыктардын абалы кандай?
Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)
24-январда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын сатуучулары мэриянын алдына нааразылык билдирип чыкты. (MiT)
Электрондук өкмөт куруу демилгесин көтөргөн активисттер “Азаттыкка” маек курушту. (JAk/MiT)
Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда. (3-бөлүк)
Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда. (2-бөлүк)
Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда. (1-бөлүк)
№1 абактагы башаламандыктан кийинки көрүнүш. 20-январь, 2012. (MiT)
Журналисттерге Бишкектин №1 тергөө абагына кирип чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди. MiT
Бүгүн Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы 16-январда №1 абакта болгон башаламандыкты чыгылдырган тасма таратты. MiT
Кумарканалар жабылып, жумушсуз калгандар Бишкектин борбордук аянтында флэш-моб өткөрүштү. (19-январь, 2012-жыл) MiT
18-январда Ак үйдүн алдына чыккан митингчилер өкмөттөн иш таап берүүнү талап кылышты. Жаңы жылдан тарта өлкөдө кумаркана, оюн автоматтарына тыюу салынган. (MiT)
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Кыргызстандын Чек ара кызматына техникалык жардам берди. (MiT)
Саясий башпаанек алып Финляндияда жүргөн журналист, сүрөтчү Асыран Айдаралиев өздүк архивин аңтарып, “Азаттыкка” тестиер балдардын сүрөттөрүн жиберди. JKe/MiT
Бишкектин “Жеңиш” багында “Менин Кыргызстаным” аттуу фестивал башталды. Фестивалдын ачылышы от оюндары менен коштолуп, 250 учма шамдар асманга кое берилди. Фестивал кыргызстандыктарга шаңдуу маанай тартуулап, ынтымакка үндөө максатын көздөйт. (14-январь 2012-жыл.) MTo/MiT
Бишкектеги №1 тергөө абагында чыр чыгып, кан төгүлгөнү айтылууда. Муну угар замат чогулган абактагылардын жакындарын милиция күчтөп таратты. 16-январь, 2012. (MiT)
“Оббо” кийимдер брэндинин негиздөөчүсү Сумсарбек Мамыралиев кол өнөрчүлүк жана аны өнүктүрүү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
20 жылдык чыгармачыл тыныгуудан кийин маскөөлүк кыргыз жазуучусу Муса Мураталиевдин жаңы китеби жарык көрдү. Чыңгыз Айтматов менен Төлөгөн Касымбековдон кийинки муундун калемгери жазган роман, аңгеме, макала, жомоктор ондогон тилдерге которулган. Орус тилинде жаңы жарык көргөн «Бурхан менен Мария» китеби, мигранттар, теңирчилик, чыгармачылык жана интернет темаларын келерки айда 70 жашка толуп жаткан жазуучу Жаңыл Жусупжан менен талкуулайт.
Кубанын Гуантанамо кысыгында террорчулукка шектелгендер үчүн курулган америкалык абакта учурда 171 киши отурат. 10 жыл ичинде бул түрмөдө 779 киши кармалган. Чырга айланган абактын кийинки тагдыры азырынча беймаалым.
Орусияда Муса Мураталиевдин «Бурхан жана Мария» китеби жарык көрдү. Китептеги эки романда миграция, тарых, дин, өзгөргөн замандагы адамдар ортосундагы алака, анын ичинде жалгыздык темасы бир каармандын тагдыры аркылуу жаңыча чагылдырылат.
Ирандын "Фарс" агенттиги 28 жаштагы Амир Хекмати "АКШнын Башкы чалгын башкармалыгы менен кызматташкан жана Ирандын аймагында террордук иштерге катышкан", деп айыпталганын кабарлайт.
Праганын "Морна" залында кыргызстандык сүрөтчү Сүйөркул Дооровдун "Туңгуч" деп аталган жеке көргөзмөсү ачылды. Газбүбү Бабаярова тарткан сүрөттөр. Прага, 6-январь, 2012-жыл
Апта ичинде Борбор Азия чөлкөмүндө болгон окуяларды камтыган программанын жаңы чыгарылышы.
"Алма-Ата Инфо" гезитинин редактору Рамазан Есергепов Тараз шаарындагы түрмөдөн бошонуп чыкты. Тараз, 6-январь, 2012-жыл.
4-январда Ак үй алдында кумарканалардын жабылышын талап кылган митинг өттү. Анда тыюу салынганына карабай бир топ кумарканалар иштеп жатканына нааразылык айтылды. Анын алдында кабарчыбыз кумарканадан жапа чекендердин жакындары менен кошо Бишкектеги бир канча оюн клубдарын кыдырып чыкты.
“Азаттык+” мал киндиктүү Ат-Башыдагы малчылардан кабар алды. (3-бөлүк)
“Азаттык+” мал киндиктүү Ат-Башыдагы малчылардан кабар алды. (2-бөлүк)
“Азаттык+” мал киндиктүү Ат-Башыдагы малчылардан кабар алды. (1-бөлүк)
Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук