Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 07:29

Эл үнү

Өкмөт 100 күндө элди ишендиргени жатат

Текст көлөмү - +
31.01.2012
Кыргыз өкмөтү жакынкы 100 күндүк иш-чаралар планын сунуш кылганы турат. Эгер ал максаттын өтөөсүнө чыкпаса, премьер Өмүрбек Бабанов керт башы менен жооп берүүгө даяр экенин билдирди.
Январь 2012
31 Январь 2012

Угуу Баары үй-бүлөдөн башталат

Кыргызстан президенти быйылкы жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялады. Жүз миңдеген мигранттар үй-бүлөсүнөн алыста жүргөн, өткөн жылдары кандуу кагылышууларды башынан өткөргөн Кыргызстанда кечиримдүүлүк, үй-бүлө жылы кантип өткөрүлөт?

Акелеев: Коррупционер кадрлардан арылуу керек

Коррупцияга каршы күрөшүү аракетинин күңгөй-тескейи тууралуу "Промотанк" компаниясынын жетекчиси, көз карандысыз экономист Азамат Акелеев “Азаттыкка” ой бөлүштү.

30 Январь 2012

Видео тасма Топоз багуунун тоодой мээнети

Улан Баратов Талас районундагы Түз-Ашуу деген кыштоодо 15 жылдан бери топоз багат. Учурда анын саны 300гө жеткен. (MbA/MiT)

Токтосун уулу: Чек арадагы талаштуу жерлерди басып алышууда

Чек ара жаңжалдары тууралуу “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин юристи Каныбек Токтосун уулу ой бөлүштү.

28 Январь 2012

Угуу Абактарда ачкачылык акциясы токтоду

Акыйкатчы Турсунбек Акундун "Азаттыкка" билдиришинче, бийлик түрмөдөгүлөрдүн саясий талаптарын аткарган жок, бирок алардын жашоо шарттарын жакшыртуу жагы каралмай болду.

27 Январь 2012

Кыргызстан жашыл өлкөлөрдүн тизмесинде 101-орунда

АКШдагы Йел университетинин дүйнө өлкөлөрүндө экологияны коргоо боюнча иликтөөсүндө Кыргызстан коңшуларынан алдыда.

Бүргөндү: "сөөгү" кыргыздыкы, "эти" өзбектики

Мунай, газ кендери жаткан Бүргөндү аймагын Кыргызстанга кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө.

Угуу Ырыс да, ынтымак да үйдөн башталат

Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланды. Ушул тема "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

Угуу Кыргызстан гранттардын көзүн карап калбайбы?

Кыргызстанга келип жаткан гранттар кайда жана кандай жумшалат? Ушул тема “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.

26 Январь 2012

Сыйынуу жайларын салыктан бошотуу каралууда

Жогорку Кеңеште мечит-медреселерди, сыйынуучу жайларды жер салыгынан бошоткон мыйзам долбоору даярдалууда.

Курманалиева: Таласта кендин баары иштебей турат

Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева аймактагы кырдаал тууралуу айтып берди.

Видео тасма "Cүйө бил"

Кыргызстанда киночулардын жаңы толкуну пайда болду. Голливуд жылдызы Жеки Чандын фанаты, актер Адилет Акматов да сүйүү темасында тасма жаратты. Jak/MiT

Угуу От жакпай эле үйдү жылытса болот

Кыргызстан катуу сууктан кандай сабак алды? Кантип үйдү көп каражат жумшабай жылытуу керек? “Азаттыктын" “Арай көз чарай” берүүсү ушул темага арналды.

Угуу Балдарды асыроого берүү ачыкпы?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги чыгарылышы баланы чет өлкөлөргө асырап алууга берүү темасына арналды.

25 Январь 2012

Текебаев: "Кылмыш романтикасы" жайылууда

Кыргыз коомунда кылмышкерлердин лексикону кеңири тараганы таң калтырат. “Черныйлар”, “общак”, “смотрящий”, “пахан”, “положенец” – ушул өңдүү сөздөрдү тестиер балдардан тарта расмий адамдар, депутаттар, акыйкатчынын ооздорунан укканда кылмышкерлердин салт-санаалары бизде өзүнчө бир модага айлангандай таасир калат.

Алты перзентти жарыкчылыкка бир берген эне

Кечээ Ооганстанда Сара Гүл аттуу аял алты бала төрөдү. Жакырчылыктан жапа чеккен үй-бүлө наристелеринин келечегинен кабатыр.

Видео тасма Чехтер казиного каршы күрөшүүдө

Прага - Борбордук Европанын кумарканалар менен казинолор көзөмөлсүз көбөйүп жаткан Лас-Вегасы деп аталат. Учурда Чехияда кумарчылык жана менен күрөш улам курчууда.

"Малчы эмес, кул болдум"

Жалал-Абаддын Сузак районунда түзүлгөн ыкчам топ зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөнү куткарып, коопсуз жайга жеткирди.

Акимдерди район депутаттары тандайт

Кыргызстанда премьер-министр райондук кеңештердин кароосуна акимдикке талапкерлерди сунуштады. Мындай аракет Баш мыйзам жана жергиликтүү бийликтер тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында жасалууда.

Парламент абактагы абалды талкуулады

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 9 күндөн бери уланып жаткан ачкачылык акциясы өлкөдөгү негизги маселе бойдон калууда.

Угуу Бекназаров парламентти таратууну сунуштады

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, сот реформасын аягына чыгарууга жана кадр саясатына көңүл бурууга үндөдү.

24 Январь 2012

Чехия: Курама темир курч болот

Чех жумуриятында улуттук азчылыктар кырылып, депортацияланган оор мезгилдер өткөн. Бирок бүгүн улуттук азчылыктарды коргоо жана жаштарды сабырдуулукка тарбиялоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү. Мындай саясат вьетнам улутундагылардын турмушуна кандай таасир тийгизип жатканын алардын жаңы жылдык майрамында Жаңыл Жусупжан байкоо салып келди.

Видео тасма Курама темир кантип курчуйт?

Кыргызстанда ашынган улутчулдар башка улуттарды эмнеге кыргызча ырдабайсыңар деп жекирген учурлар кездешет. Чехиядагы улуттук азчылыктардын абалы кандай?

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Видео тасма “Кудайберген” базарындагылар митингге чыкты

24-январда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын сатуучулары мэриянын алдына нааразылык билдирип чыкты. (MiT)

Видео тасма Кыш ызгаары кайта элек

Өткөн аптанын соңу Кыргызстанда өтө суук болду. Бир аз жумшарган аба ырайы кайра сууктай турганы айтылууда.

Видео тасма Электрондошпойлубу, өкмөт?

Электрондук өкмөт куруу демилгесин көтөргөн активисттер “Азаттыкка” маек курушту. (JAk/MiT)

Нарында сууктун мизи кайта элек

Катуу суукта тоолуу аймактын эли кантип атканын билүү үчүн Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековду сөзгө тарттык.

Cултанабаддык кыргыздардын сагынычы

Өзбекстандын Анжиян облусундагы Султанабад айылында 50дөн ашуун кыргыз үй-бүлө жашайт. Алар мектепте дээрлик өзбек тилинде окуп, кошуна элдин каада-салттарын тутунуп калышкан.

23 Январь 2012

Видео тасма Сөөктү өрттөөгө болот-болбойт...

Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда. (3-бөлүк)

Тапканын түрмөгө ташыган эне

Кыргызстанда акыркы күндөрү абактардагы абал коомчулуктун назарында. Абактагы кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылган камактагылардын аракеттери тууралуу ар түркүн пикирлер бар.

Видео тасма Бишкектеги түштүк-батыш көрүстөнү толгону калды

Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда. (2-бөлүк)

Видео тасма Көрүстөнгө чейинки азаптуу жол

Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда. (1-бөлүк)

Көрүстөн талаш

Кеминде миллиондой адам байырлаган Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда. Шаардыктарга бөлүнгөн бирден бир түштүк-батыш көрүстөнүндө орун калбай, жаз менен жабылганы турат.

21 Январь 2012

Угуу Энергетика: Айта берсе арман көп

Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев бул тармактагы коррупциялык схемалар четтетилгенин билдирди. Ал кайсы жана кандай схемалар болгон? Энергетикада ошону менен коррупцияга бөгөт коюлдубу? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна ушул тема коюлду.

Видео тасма №1 абактагы башаламандыктан кийин

№1 абактагы башаламандыктан кийинки көрүнүш. 20-январь, 2012. (MiT)

Парламент каттоосу жок никеге тыюу салат

Жогорку Кеңеш кыз ала качууга бөгөт коюунун дагы бир мыйзамдуу жолун талкуулай баштады. Депутаттар “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизип, "жубайлар үй-бүлө куруу алдында мамлекеттен атайын уруксат кагазын алуусу керек", деп мыйзамга жазмай болушту.

Угуу Эркек-аял урушат, кимисине болушабыз?

Кыргызстанда киши колдуу өлүмгө кириптер болгондордун 25 пайызы үй-бүлөлүк чатактарга туура келээрин Ички иштер министрлиги билдирди. “Арай көз чарай” талкуусу үй-бүлөлүк чырлар темасына арналды.

Иран: кыздар менен балдар эки башка китеп окуйт

Ирандын Билим берүү министрлиги мындан ары окуу китептери кыздар менен балдар үчүн өзүнчө басып чыгарыларын жарыялады.

20 Январь 2012

Видео тасма №1 абактагы "өзгөчө" шарттарды ким түзгөн?

20-январда журналисттер дүйшөмбү күнү тополоң болгон №1 тергөө абагына кирип, абал менен таанышып чыкты.

Видео тасма Абак: башаламандыктан кийин

Журналисттерге Бишкектин №1 тергөө абагына кирип чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди. MiT

Видео тасма №1 абактагы башаламандыктан бир көрүнүш

Бүгүн Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы 16-январда №1 абакта болгон башаламандыкты чыгылдырган тасма таратты. MiT

Ишкердин бир аты тобокел

Бишкек ишкерлер клубу кыргызстандык жаштарды бизнес жасоого чакырууда. Клубдун активисттери өлкөдө ишкер болууну модага айлантып, жаштардын калың катмарына бизнес жасоону үйрөтө баштады.

Оштогу түрмөдө ачкачылык уланууда

Ош шаарындагы №25 жаза аткаруу мекемесинде кармалгандар 3 күндөн бери ачкачылык акциясын улантып жатышат. Алар Бишкектеги №1 убактылуу кармооочу жайда болгон тополоңдон улам ушундай кадамга барышкан.

Угуу Тил талаш

Мамлекеттик жана расмий тилдердин айланасындагы парламенттик талаш коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Угуу Бишкекте айкелдер парады

Шаарларда эстеликтер жамыроодо. Алардын тарыхый-архитектуралык, маданий-эстетикалык талаптарга канчалык төп келээри "Азаттыкта" талкууланды.

Кочкорбаев: Мааракелерди чектөө керек

Белгилүү мамлекеттик ишмерлердин мааракелерин чектөө тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев ой бөлүштү.

Кадырбеков: Мэрлерди шайлоодо көмүскө оюндар көп

Кыргызстандын 4 шаары менен 16 айыл өкмөтүндө өтүп жаткан шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков маек курду.

Видео тасма "Кош бол, жумушсуз Кыргызстан"!

Кумарканалар жабылып, жумушсуз калгандар Бишкектин борбордук аянтында флэш-моб өткөрүштү. (19-январь, 2012-жыл) MiT

19 Январь 2012

Freedom House: 2011 - үмүттүн жылы

Былтыр жаз айларында Араб өлкөлөрүн тербеткен элдик толкундоолор репрессиячыл бийлик астында жашаган адамдарды авторитардык режимдерге каршы көтөрүлгөнгө шыктандырды.

Угуу Алма багып, агарып-көгөрүү кыйын тура!

Жалалабаддык Орозбү Маматованын ар жылда түшүм берген алмасы арзан сатылгандыктан башына үй бүтпөй, батирде отурат.

Абдирасулова: Маңзатты түрмөгө ким киргизип жатат?

Абактарда видео камераларды орнотуп, уюлдук байланышка бөгөт коюу демилгелери тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ой бөлүштү.

Жалгыз тамы барлар банктан насыя алалбай калабы?

Кыргызстандын Банктар союзу Жарандык кодекске жана “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан жаңы өзгөртүүлөргө тынчсызданууда.

18 Январь 2012

Тургуналиев: Түрмөдө бийлик бекемделе элек

№1 абактагы жаңжал парламенттин деңгээлине чейин көтөрүлүп, тиешелүү расмий тараптар абак жайлардагы кырдаалдын курчуш себептери жана аны жөнгө салуунун жолдорун издеп жатат. Чынында эле мындай кырдаалдын жаралышына эмне түрткү болду жана андан кантип чыгуу керек? "Азаттык" коомдук жана саясий ишмер, 3 ирет абийир туткуну макамы берилген Топчубек Тургуналиевге кайрылды.

Угуу Исламчылар менен теңирчилер тиреши күчөбөйбү?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу Кыргызстандагы исламчылар менен теңирчилердин тирешүү себептерине арналды.

Макамы эл аралык, тейлөөсүчү?

Ош эл аралык аба майданынын дарегине көп доомат айтыла баштады.

Видео тасма Кумаркана кызматкерлери митингге чыкты

18-январда Ак үйдүн алдына чыккан митингчилер өкмөттөн иш таап берүүнү талап кылышты. Жаңы жылдан тарта өлкөдө кумаркана, оюн автоматтарына тыюу салынган. (MiT)

Угуу Балдар үйү азаят, жөлөк пул көбөйөт

Социалдык өнүктүрүү министрлиги Социалдык өнүктүрүү стратегиясынын үч жылдык долбоорун иштеп чыкты. Анда балдар үйлөрүн азайтып, жөлөк пулду 7 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Кулуева: Өспүрүмдөр бөлөк улуттан коркуп турушат

Оштогу “Сити Хоуп Интернешнл” кайрымдуулук уюмунун психологу Гүлбара Кулуева июнь коогасында психикалык сокку алгандардын абалынан кеп салды.

17 Январь 2012

Данияр: Кудай ушундай жаратса, күнөөлүү эмеспиз да

Кыргызстанда адаттан тыш сексуалдык багытта жаралып калган адамдар укуктары басмырланып жатканы тууралуу эл аралык уюмдарга даттанышкан.

Коогалаңда жабыркагандар: Милиция опузалап жатат

Ошто июнь коогалаңында жабыркап, компенсация алгандар күч органдарынын опузасына кабылып, акчасын тарттырып жибергенин ырасташууда.

"Конкордияда" бараткан 29 киши дайынсыз

Соңку маалыматтарга караганда, 13-январда Италиянын жээгинде кырсыкка учураган кемеде бараткан дагы 29 киши дайынсыз болууда.

Видео тасма Учкаш, Ат-Башыга алып барам!

Саясий башпаанек алып Финляндияда жүргөн журналист, сүрөтчү Асыран Айдаралиев өздүк архивин аңтарып, “Азаттыкка” тестиер балдардын сүрөттөрүн жиберди. JKe/MiT

Видео тасма Бишкек асманында учма шамдар

Бишкектин “Жеңиш” багында “Менин Кыргызстаным” аттуу фестивал башталды. Фестивалдын ачылышы от оюндары менен коштолуп, 250 учма шамдар асманга кое берилди. Фестивал кыргызстандыктарга шаңдуу маанай тартуулап, ынтымакка үндөө максатын көздөйт. (14-январь 2012-жыл.) MTo/MiT

Абдырахманов: Мэрлерди эл шайлашы керек

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдырахманов Бишкек жана Ош шаар башчыларын түздөн-түз шаар калкы шайлаш керек деп эсептейт.

16 Январь 2012

Видео тасма №1 абактагы тополоң

Бишкектеги №1 тергөө абагында чыр чыгып, кан төгүлгөнү айтылууда. Муну угар замат чогулган абактагылардын жакындарын милиция күчтөп таратты. 16-январь, 2012. (MiT)

Турсунбеков: Жогорку Кеңеште "жөн эле" жүргөндөр көп

Жогорку Кеңештеги кыскартуулардын демилгечиси, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков кыскартуулар тууралуу ой бөлүштү.

14 Январь 2012

Угуу Түрмөлөрдөгү абалды кантип түзөйбүз?

Кыргызстан жаза аткаруу мекемесинин дарегине олуттуу сындар айтылып жатат. Анын ичинде коррупция, абактарда шарттын жоктугу жана башка маселелер.

Сүрөт баян Сулайман-Тоо ЮНЕСКО тизмесинен чыгып калабы?

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучунда калды.

Угуу Жалал-Абад: Кутурмага каршы вакцина жок

Жалал-Абад облусунда 9-январда кутурган ит капкан эки адам ооруканада дарыланууда. Алардан азырынча кутурма оорусунун белгилери табыла элек.

Угуу Медицина акысыз дегенге ким ишенет?

Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүү акысыз дегенге ишенесизби? Сиз ноокастап калганда бекер дарылаган күн болду беле? Саламаттыкты сактоо тармагын акылуу кылып, бирок сапатын талап кылуу керек деген көз карашка кандай карайсыз?

Угуу Вена: адегенде театр, андан кийин жаңы жыл

Австриянын башкалаасы Венада жаңы жыл тосоор алдында, 31-декабрь күнү кечинде опера, балет, опереттага баруу кадимки салтка айланган.

Угуу Милиция: былтыр реформа, быйыл реформа...

Жаштар жана жарандык активисттерден турган топ Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча Концепциянын альтернативдүү долбоорун сунуштап жатышат. Буга чейин ИИМ байкоочу кеңеш менен бирге өзүнүн реформалоо концепциясын иштеп чыккан.

13 Январь 2012

Тил маселеси кайрадан талкууга түштү

Кыргызстанда кыргыз жана орус тили боюнча парламенттик талаш коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Депутаттардын Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилде иш алып барууга болгон чакырыктары орус тилдүү жарандар арасында нааразычылык жаратууда. Талдоочулар мындай талаштар өлкөдөгү ансыз да араң турган улут аралык кастык сезимин курчутушу ыктымал деп эскертип жатышат.

Угуу Мигрант кыздын сөөгү жерге берилди

13-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү жерге коюлду. Ал Москвада 9-январда италиялык ресторанда өрттө набыт болгон. Маркумдун жакындары үйүндөгүлөрдүн эң кенжеси болгон бул кыздын мыкты сапаттарын эскеришүүдө.

Угуу "Сабакка" келбеген депутаттар

Депутаттардын теңинен көбүнүн жыйынга катышпаганы, бирине бири добуш берүүсү жарандык уюмдардын сынына кабылды. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу парламенттеги депутаттардын жүрүм-турумуна арналды.

Сүрөт баян Мамыралиев: Кыргыз стили калыптанат

“Оббо” кийимдер брэндинин негиздөөчүсү Сумсарбек Мамыралиев кол өнөрчүлүк жана аны өнүктүрүү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Карыпбеков: Тилди мажбурлап үйрөтүүдөн майнап чыкпайт

Эксперт Илим Карыпбеков Жогорку Кеңеште кыргыз тилине байланыштуу чыккан маселелер боюнча маек курду.

12 Январь 2012

Кулчулук куураткан тагдырлар

Ошто Эл аралык миграция уюму студенттерге кулчулукка кабылбоо жолдорун үйрөтүүдө. Уюмдун маалыматында, чет өлкөгө иштегени кетип, адам сатууга кабылгандардын көпчүлүгү жаш жигиттер менен кыз-келиндер.

Ош: ВИЧке кабылгандар словак адистердин кароосунда

Ошко ВИЧке кабылган наристелерди көрүү жана дарылоо үчүн Словакиядан адистер келди.

Угуу Москва: Өрттөн эки кыргызстандык ажал тапты

9-январда Москвадагы италиялык ресторанда чыккан өрттөн Анваржон Сатволдиев менен Толгонай Сатыбалдиева көз жумду. Дагы 6 кыргыз ооруканада.

11 Январь 2012

Видео тасма Муса Мураталиев: "Теңирим колдойт"

20 жылдык чыгармачыл тыныгуудан кийин маскөөлүк кыргыз жазуучусу Муса Мураталиевдин жаңы китеби жарык көрдү. Чыңгыз Айтматов менен Төлөгөн Касымбековдон кийинки муундун калемгери жазган роман, аңгеме, макала, жомоктор ондогон тилдерге которулган. Орус тилинде жаңы жарык көргөн «Бурхан менен Мария» китеби, мигранттар, теңирчилик, чыгармачылык жана интернет темаларын келерки айда 70 жашка толуп жаткан жазуучу Жаңыл Жусупжан менен талкуулайт.

Видео тасма Ош: Хуснидиндин атактуу самсаканасы

Ош шаарынын кире беришиндеги самсаканадан адам аягы үзүлбөйт. Күн сайын кезек күтмөй. Самсадан даам сызганы барган "Азаттыктын" кабарчысы самса жапкан Хуснидинди кепке тартты. JAk

07 Январь 2012

Видео тасма Кыргызстанда Исанын туулган күнү белгиленүүдө

7-январда Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Исанын туулган күнүн белгилөөдө. Таң эрте Бишкектеги жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынып, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.

Фонограмма менен жандуу үндүн тиреши

Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган “Музыкалык чыгармаларды аткарууда фонограммаларды пайдаланууга чек коюу жөнүндө” мыйзам долбоору өнөр адамдарынын ортосунда кайчы пикирлерди жаратууда.

Угуу Жалал-Абад: Дыйкандарды кыйнаган кыш

Жалал-Абад облусунун дыйкандары тоңуп калган жерлерин тоңдурмалай албай кыйналууда. Алар жер айдоо иштери кеч күздө, же чилде айында да болбогондуктан бул быйылкы түшүмгө таасир этет деп бушайман.

Боронов: Жер көчкү жүрүшү ыктымал 300дөй аймак бар

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткендеги иш сапары маалында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Өкмөт бизнести көмүскөдөн чыгарууну көздөөдө

2012-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы өкмөтү ишканаларды жөнү жок текшерүүгө бөгөт коюуну көздөөдө. Бирок ишкерлер бул демилгелер сөз бойдон калбайбы деп чочулап жатышат.

06 Январь 2012

Видео тасма Борбор Азия апта ичинде

Апта ичинде Борбор Азия чөлкөмүндө болгон окуяларды камтыган программанын жаңы чыгарылышы.

Мырзаибраимов: Диний эркиндикти туура колдонолу

Кыргызстанда акыркы учурда пайда болуп жаткан жаңы диний агымдар өлкө коопсуздугуна канчалык коркунуч туудурат, алардын көздөгөн максаты эмне? Теология илимдеринин доктору, саясий илимдердин кандидаты Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” маек курду.

Түштүктө белгисиз диний агымдар пайда болду

Кыргызстандын түштүгүндө, айрыкча Баткен аймагында ар түрдүү диний агымдардын аракети күчөп жатат.

Угуу Кумарканалар эмне үчүн жабылбай жатат?

Кумарканаларга тыюу салган мыйзамга карабай борбор калаада айрым казино, оюн автоматтар ишин улантууда. Аталган мыйзам 1-январдан тартып күчүнө кирген.

Көп тил билүү кыйынбы?

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу көп тил билүү өнөрүнө арналды.

05 Январь 2012

Видео тасма Кумарканаларды ким калкалоодо?

Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам аткарылбай жатат.

Өзбек аке, газ берчи?..

Өзбекстан Тажикстанга эскертпестен эле газдын оозун бууп койду. Ал ортодо Кыргызстанга өзбек газы бирде берилип, бирде токтотулуп жатат.

Акматов: Талапка жооп бербеген май куючу жайлар көп

Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин жетекчи орун басары Союзбек Акматов май куючу жайлардагы жана май кампаларындагы коопсуздук боюнча кеп салды.

Бакиров: Экстремизм боюнча кылмыш көбөйдү

ИИМдин 10-башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча жетекчи орун басары Станбек Бакиров экстремизмге каршы күрөш тууралуу маек курду.

04 Январь 2012

Сүрөт баян Республикачылар Обама менен таймашчу "шерди" тандай баштады

Кошмо Штаттарда Республикачылар партиясы президенттикке талапкерди тандоо өнөктүгүн баштады.

Кыргыз ишкер Кытайда мусапыр болуп калды

Кытайдын Үрүмчү шаарында документи жоголуп, барар жери жок калган Кылычбек Мергенбаев мекенине кайтуу үчүн 38 миң сом айып төлөөгө мажбур.

Шинжаңдагы абакта 15 кыргызстандык отурат

Кытайда кыргызстандык жарандардын абалы тууралуу Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин Кытайдын Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаев кеп салды.

Сот системасы туңгуюкта

Кыргызстанда 70тен ашык судьянын мөөнөтү аяктап, Сотторду тандоо кеңеши толук кандуу иштебегендиктен, бошогон орундарга сынак жарыяланбай турат.

03 Январь 2012

Сүрөт баян Ош: Кармоочу жайдын абалы кандай?

Оштогу убактылуу кармоочу жайлардын абалы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу акыйкатчынын аймактагы өкүлчүлүгү айтып чыкты.

Видео тасма Кумарканалар дагы эле иштеп жатабы?

Ош жана Бишкек шаарларында айрым кумарканалар жана оюн автоматтары тыюу салууга карабай иштеп жатканы айтылууда.

Молдошева: Улуттук кийимдин күнү тууду

Стилист Замира Молдошева Кыргызстандагы этностиль жана анын жайылышы тууралуу ой бөлүштү.

02 Январь 2012

15 жаштагы ооган келиндин азабы

Мусулман калктуу Ооганстанда өлкө түгүл, сырткы дүйнөнү кейитип, боор ооруткан окуя болду.

01 Январь 2012

Дүйнө калкы 2012-жылды тосту

Жаңы жылды эң биринчи Тынч мухитиндеги Самоа жана Токелау аралдары тоссо, Ниуэ, Мидуэй (АКШ) аралдары эң акыркылардан болуп узатат.

Январь 2012

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2311 - жалпы саны)

Умарали: Түштүктө шалыны (күрүч) отогондо да "сол" сөзү колдонулат. Мисалы: "Күн көтөрүлгөнчө 3-4 сол ... Толук

Сөз таануу