Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Мамлекет “Айыл банкты” субсидиялай албай жатат


Буга байланыштуу айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн берилүүчү жеңилдетилген насыялар акыркы эки айдан бери берилбей турат. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Бизге өткөн айда дыйкандар кайрылышкан. Ага байланыштуу мен каржы министрлигине суроо жибергем. Мага келген жоопко караганда, мамлекет банктан 12% менен берилүүчү акчанын калган пайызын субсидиялап берүүчү каражатты банкка которо албай калгандыктан, насыя берилбей жатыптыр. Каржы министрлиги бул үчүн бөлүнгөн акча келип түшөрү менен, “Айыл банкка” которуларын маалымдады.

“Айыл банк” айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн 12% жеңилдетилген насыя берүүнү апрель айында токтоткон. Бир нече күн мурун аталган банкка “Кумтөр” ишканасы тарабынан тийиштүү 46 млн доллардын да которулбаганы анык болду.

Расмий сайтындагы маалыматы боюнча, банктын карамагында 17 672 938 миң сом активи бар, апрель айы үчүн банктын көргөн пайдасы 79 909 миң сом болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG