Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Ош мэриясы жаңы курулган жолдорду кабыл алуудан баш тартты


Ош шаарындагы Навои көчөсү.
Ош шаарындагы Навои көчөсү.

Ош шаардык мэриясы өткөн жылы транспорт министрлиги курдуруп берген үч жолду кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов билдирди.

Анын айтуусунда, транспорт министрлигинин көзөмөлү алдында курулган Ош шаарындагы А. Навои, А. Масалиев жана Р. Абдыкадыров көчөлөрүнө төшөлгөн асфальт стандарт талаптарына жооп бербейт. Ош мэриясы ал жолдор талапка ылайык жасалмайынча кабыл албай турганын билдирүүдө.

Былтыр Ош шаарындагы ички жолдорду оңдоого республикалык казынадан 125 миллион сом бөлүнгөн. Транспорт министрлиги ал каражатка Ош шаарындагы Абдыкадыров, Навои жана Масалиев көчөлөрүн толук капиталдык оңдоодон өткөрмөй болгон. Тендер жарыялап, курулуш компанияларын тандоо, курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө иштерин транспорт министрлиги аткарган. Курулган жол бир жылга жетпей бузула баштады. (YI)

XS
SM
MD
LG