Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Ысык-Көлдө кыргыз чабанынын музейи ачылат


Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында Ысык-Көл районунда кыргыз чабанынын музейи ачылганы жатат. Ал Жаркынбаев айылындагы «Кызыл Таш» кашарынын базасында уюшулууда.

Долбоордун авторлорунун айтымында, бул кашар өзү тарыхый объект болуп эсептелет. Ал 1960-жылдары ачылган. Жалпы аянты 220 чарчы метр.

Учурда музейди ачуу үчүн илимий жактан негизделген маалыматтар жана фотоматериалдар менен коштолгон атайын стенддер даярдалууда.

Ал жакка келгендер райондун тарыхы менен гана таанышпасатан, кыргыздардын байыртадан берки мал чарбачылыгы, чабандын жашоо образы, койдун уникалдуу породалары тууралуу кеңири маалымат ала алат. (RK)

XS
SM
MD
LG