Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Аксыда чогулган эл бийликке бир айлык мөөнөт берди


Аксы районунун Жаңы-Жол айылында бүгүн социалдык маселелерге арналган жыйын өттү. Айыл өкмөтүнүн имаратында болгон жыйынга 100дөй адам катышты. Соңунда талаптар жазылган катты райондук бийликке тапшыруу, аны аткарууга бир айлык мөөнөт чегерүү чечими кабыл алынды.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков “Азаттыкка” маалымат берип, беш маселе көтөрүлгөнүн айтты.

Алар: мурда сатылып кеткен жалгыз бала бакча имаратын кайра алуу, 8 миңге чукул калк жашаган айылга маданият үйүн ачуу, бузулган ички жолдорду оңдоо, ооруканадан 50 чакырым алыста жайгашкан аймакка медициналык "Тез жардам" унаасын бөлүү жана балдарга берилүүчү жөлөкпул алуу тартибин жеңилдетүү.

Буга чейин айыл тургундары социалдык төлөмдөргө байланыштуу эки ирет митингге чыккан. (RsK)

XS
SM
MD
LG