Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Ош шаары таза суусуз калды


Ош шаарынын тургундары кечээтен бери таза суусуз отурат. Шаардын суу чарба башкармалыгынын инженери Талант Байкишиевдин "Азаттыкка" айтымында, буга аймактагы сел себеп болду. Учурда адистер Ак-Буура дарыясындагы суунун тунушун күтүп жатат.

Ош шаары суткасына 160 миң куб метр таза суу керектейт.

Суу башкармалыгында катталган абоненттердин саны 206.

Ал эми статистика боюнча Ошто 247 миң адам жашайт.

Бейрасмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө шаар тургундарынын саны 500 миңге жетти.

Таза суу көйгөйү турак үйлөр үчүн гана эмес, оорукана, төрөт үйлөрү сыяктуу социалдык объекттерге да проблема жаратууда. Бейтаптар ичүүчү сууну дүкөндөн сатып алууга мажбур болуп жатканын билдиришти. (YI)

XS
SM
MD
LG