Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Ар бир окуучунун Мамкаттоо кызматында жеке номуру болот


Мамлекеттик каттоо кызматы мектеп окуучулары боюнча маалыматты санарипке өткөрүп, ар бирине жеке ПИН-номур ыйгаруу ишин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Бүгүн кызматтын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйын куруп, каттоо ишиндеги соңку жаңылыктарды айтып берет.

Мектеп окуучуларынан тышкары учурда айдоочулук күбөлүктөр боюнча автоматташтырылган маалымат системасы ишке берилип, унаага тагылуучу мамлекеттик номурларды даярдай турган жаңы жабдуу колдонула баштады.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт алууда талап кылынуучу «дарек баракчасы» жоюлганын, бул маалымат бирдиктүү электрондук системага киргизилгенин кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG