Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Кочкорго логистикалык борбор салынат


Быйыл Кочкор районунда 800 тонна картошка сактаганга ылайыкталган логистикалык борбордун курулуш иштери башталат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалым болгондой, бул борборду курууга каражат жагынан эл аралык JICA уюму жардам берет. Бул үчүн 100 миң доллар бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бийлик райондун борборунан 1 гектардан ашуун жер бөлүп берди. Логистикалык борборду ушул жылдын октябрь айына чейин ишке берүү пландалууда.

Кочкор районунда 30 миң гектарга чукул айдоо аянты бар. Жылына анын 3 миң гектарына картошка айдалып, 38-39 миң тоннага чейин түшүм алынат. Бирок өткөн жылы дыйкандар эмгектери акталбай калганын айтышкан. Анткени былтыр күзүндө картошканын бир килосу 4-6 сомго бааланган. (MiK)

XS
SM
MD
LG