Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Бишкекте кримтөбөлдөрдүн бирин атып кетишкени айтылууда


Бишкекте 1-февралда кечинде атышуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча кримтөбөлдөрдүн бири каза тапты. Милициядан билдиришкендей, окуя кечинде Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрү кесилишкен жерде болду. Октон мерт кеткен адам “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин жакын санаалашы экени кабарланууда. Ага бир канча жолу ок атылып, үчөө тийген жана ошол жерде жан берген. Иликтөө иштери жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG