Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Кыргызстанда 61 адамга чочко тумоосу жукту


Кыргызстанда сасык тумоонун H1N1 түрүн (чочко тумоосу) жуктургандардын саны 61ге жетти. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалымат катчысы Шабдан Рыскулов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча өткөн жылдын декабрынан бери 325 бейтап кайрылып, алардын 61и чочко тумоосуна чалдыкканы тастыкталган. Учурда бейтаптардын баары ооруканаларда дарыланууда, өмүрүнө коркунуч келгендери жок. Дарыгерлер чочко тумоонун алгачкы белгилери кадимки сасык тумоодон көп деле айырмаланбай тургандыгын, андыктан ооруканага убагында көрүнүүнү эскертишет.

Чочко тумоосу 2009-жылы дүйнөнүн улам бир аймагында тездик менен жайылып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия коркунучу тууралуу эскерткен. Анда тумоо бир жылда 18 жарым миңден көп кишинин өмүрүн кыйган. (UEz)

XS
SM
MD
LG