Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Жалал-Абаддагы мекемелердин 35% мамлекеттик тил эрежесин сактабайт


Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын 35% мамлекеттик тил эрежелерин сактабайт. Бул тууралуу мэриянын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиева “Азаттыкка” билдирди. Андай ишканалардын катарында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Газ чарба башкармалыгы, Архитектура мекемеси, Каржы министрлигинин бөлүмдөрү бар. Алар эскертүү берилгенине карабай, иш-кагаздарынын баарын расмий тилде жүргүзүп келүүдө.

Мындан сырткары өткөн жылы көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышы боюнча ишкерлерге 35 жолу эскертүү берилип, ага көңүл бурбаган 27 ишкердин жарнактары айрылган.

Мамлекеттик тил мыйзамынын 17, 24, 27-беренелерине иш-кагаздар, көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде жазылууга тийиш. (RsK)

XS
SM
MD
LG