Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Ошто эки журналистке байланыштуу сот иши жылдырылды


Ошто эки журналистке байланыштуу сот иши 25-январга жылдырылды. Буга айыпталып жаткандардын адвокатынын бири Айгүл Матиеванын иш менен таанышып чыгуу өтүнүчү себеп болду. Кара-Суу районунун тургуну Абдураим Аманбаев “Ынтымак” жана “Ош шамы” гезитинин журналисттеринин үстүнөн “бир тараптуу маалымат берилди” деген жүйө менен эки журналисттен 500 миң өндүрүп берүү талабын коюп Ош шаардык сотуна кайрылган. Айып гезиттин кабарчысы Элира Чынтемир кызы жана телеканалдын кабарчысы Хилола Ашуровага коюлууда.

2015-жылдын август айында таяке-жээндин ортосундагы үй талаш тууралуу макала “Ынтымак” телеканалы менен “Ош шамы” гезитинде чагылдырылган болчу. Журналисттердин сотун чагылдырууга 20дан ашуун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү барышкан. Доогер Абдураим Аманбаев арызы боюнча журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты. (ErN)

XS
SM
MD
LG