Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Омбудсмен шайлоого жети талапкер катышмай болду


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо өтөт. Омбудсмен тандоо парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында карала турган алгачкы маселе болуп күн тартибине киргизилди. Акыйкатчы болууга арыз берген 36 талапкердин ичинен фракциялар алгач сегиз адамды тандап, кийинчерээк жети киши ат салыша турганы маалым болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кызматка КСДП фракциясы Кубат Оторбаевди, “Республика-Ата-Журт” Рита Карасартованы, "Кыргызстан" фракциясы Нуркамил Мадалиевди, “Ата Мекен” Мавлян Аскарбеков менен Толкун Исаковду, “Бир бол” фракциясы Абдыжапар Бегматовду, “Өнүгүү-Прогресс” - Алишер Мамасалиевди көрсөтүштү.

10-декабрда өткөн шайлоодо фракциялар сегиз талапкерди сунуштап, үч айлампа менен добуш берүүдө алардын эч кимиси жетиштүү добуш алган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG