Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

2016-жылдан тарта милициянын ишин аныктоо ыкмасы өзгөрөт


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Гүлмира Баратова билдирди. Анын айтымында, жарандардын милицияга ишенимин арттыруу максатында алардын ишин баалоонун жаңы критерийлери иштелип чыкты. Ага ылайык, көз карандысыз сурамжылоо жүргүзүлүп, тартип коргоо органдарынын ишине баа берилет. Министрликтин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Алихан Рустамовдун белгилешинче, айыл жерлеринде мурдагыга салыштырмалуу милицияга ишеним арткан.

Буга чейин “Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдиги жүргүзгөн анализге ылайык, сурамжылоого катышкандардын 83 пайызга жакыны ИИМде реформа болуш керек экенин айтышкан. Ал эми 55 пайызы милицияга ишенбей турганын билдиришкен.

Кыргызстанда Ички иштер министрлигин реформалоо аракети дээрлик беш жылдан бери көрүлүүдө. Бирок адистер бул жаатта эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын сындап келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG