Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Ош: Жаңы жылды майрамдоого мэрия бир миллион сом жумшады


Жаңы жылдык иш-чараларды уюштурууга Ош шаардык казынасынан 1 млн. 100 миң сом жумшалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаанын вице мэри Кутманалы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган балаты жылдагыдан бийик болду. Майрамдык соода-сатык үчүн аянттын эки тарабына атайын жайлар да курулган. Аянтка кошумча жарык берилип, жасалма муз тебүүчү аянтча уюштурулган.

Калаанын борбордук аянты шаар жолдорунун бир бөлүгү экенине карабай эки жагы майрам алдында жабылган болчу. Ал жол 10-аянварга чейин жабык бойдон калат. Анткени аянттагы балатыга келип, көңүл ачып, сүрөткө түшүп жаткан шаардыктардын аягы тыйыла элек. (YI)

XS
SM
MD
LG