Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 19:28

Жаңылыктар

Уулуу көмүрдүн күлү кайра ташылып кетет же өлкө аймагына көмүлөт

Текст көлөмү - +
08.02.2012
Жогорку Кеңеште Казакстандан алынып келинген радиоактивдүү көмүр боюнча маселе каралууда. Парламенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 14 мектепте уулуу көмүр жагылбаганын, карылардын Серафимовкадагы жатак үйүндө жагылып кеткенин айтты. Депутат Гүлнара Жамгырчиева жагылып кеткен көмүрдү зыянсыздандырууга кызыкты. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун билдиргенине караганда, жагылган көмүрдүн күлүн жоготууда эки жол каралууда. Ташып келген компания кайра Казакстанга көмүр менен кошо жүктөп кетет. Экинчиси - республика аймагындагы радиация таштандылары көмүлгөн жайларга алып барып, көмүү. (RK)
08 Февраль 2012
08 Февраль 2012

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :
  • Жаңылыктар
  • Алатоо жаңылыктары
  • Эл аралык жаңылыктар
  • Шайлоо жаңылыктары

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive