Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Укук коргоочулар Исмаилова менен Абдирасулова президентке кайрылуу жолдошту


Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова кайрылууда бүгүн президенттин сөзүнө байланыштуу жарандык каршылыгын билдиришкен. Алар президент Конституцияны сактап, кайсы бир жарандын айыбы сот менен далилденип, чечим чыкмайын айыпсыздык презумпциясы болорун билиши керектигин, эч кимдин сот чечимисиз бирөө жарымга жалаа жаап, айыптоого укугу жогун белгилешкен.

Мындан тышкары укук коргоочулар аларды "Элдик парламенттин" бир бөлүгү деп атап, азыркы бийликке каршы аракеттерге даярдык көрүп жаткандай көрсөтүү аракетине нааразылык билдирип, укук коргоочулар мониторинг жүргүзүү жана бийликтин да, оппозициянын да иш-чараларына катышуу укугуна ээ экендигин эскертишкен. Алар укук коргоочулардын миссиясы бейтарап экенин жана Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышына көз салуу экенин белгилөөдө.

Алар президентти коомчулукту адаштыруудан оолак болуп, президенттен дүйшөмбү күнгө чейин жооп күтөрүн, эгер президент алардын билдирүүсүнө кошкөңүл мамиле жасаса, аны сотко берерин билдиришкен.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, 12-майда алардын жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы грантын актаганы келгендер деп белгилеп өткөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG