Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Балбан Руслан Царев Олимп оюндарына жолдомо алды


Кыргызстандык балбан Руслан Царев Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды.

Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилүүчү дүйнөлүк мелдеште Руслан Царев грек-рим күрөшүнөн 66 килограммга чейинки салмакта күч сынашууга чыккан.

Жарым финалдык беттеште молдовалык Даниэл Катараганы 10:0 эсебинде таза утуп финалга чыгып олимпиада жолдомосуна ээ болду.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайты кабарлангандай, Царев жарым финалдык таймаштарга чейин колумбиялык Алексис Куеро Мунозду 11:0, украиналык Армен Вардаянды 8:1, америкалык Раваун Ричард Равеллени 4:3 эсебинде жеңип алды.

Эми финалда азербайжандык Расул Гунайев менен күч сынашат.

Олимпиадага жолдомо берилчү мелдеште грек-рим күрөшүнөн 75 килограммга чейинки салмакта Данияр Көбөнов да күч сынашты. Ал алгачкы беттешинде Швециянын өкүлү Роберт Патрик Росенгренге жеңилип, мелдештен четтеп калды.

98 килограммга чейинки салмакта Бексултан Махмудов кийинчерээк күч сынашат. Учурда Рио-де-Жанейродо өтчү Олимп оюндарына Кыргызстандын эсебине 11 жолдомо чогулду.

Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбекова, боксчу Эркин Адылбек уулу олимпиадага катышууга жолдомо алышкан. Ошондой эле оор атлетика боюнча улуттук курама командага бир жолдомо берилген. (ECh)

XS
SM
MD
LG