Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Bellingcat Малайзия учагын Орусияга таандык "Бук" атып түшүргөнүн билдирди


Bellingcat изилдеген сүрөттөрдөгү "Бук" системасы
Bellingcat изилдеген сүрөттөрдөгү "Бук" системасы

Ачык маалымат булактарына таянып иликтөө жүргүзгөн топ Малайзияга таандык учакты Украина асманында Орусияга таандык "Бук" системасы атып түшүргөнү аныкталууда деп билдирди. Bellingcat баяндамасы 3-майда жарык көрдү. Анда британиялык иликтөөчүлөр Амстердамдан Куала Лумпурга учуп бараткан MH 17 каттамындагы учак 2014-жылы 17-июлда Орусиянын Курс облусундагы ракетадан коргонуу бригадасына таандык "322" номерлүү "Бук" системасы менен атып түшүрүлгөнүн аныкташкан. Иликтөөчүлөр колдогу бардык фактыларды, фотосүрөттөрдү, социалдык тармактардагы маалыматтарды топтоп, салыштыруу менен ушундай жыйынтыкка келишкен.

Учакты атып түшүрүүдөн 298 киши каза тапкан. Орусия колдогон жикчилдер Bellingcatтын баяндамасын төгүнгө чыгарып, алар көзөмөлдөгөн жерлерде Орусиянын эч кандай куралы болгон эмес деп билдирүүдө. Орусия өзү да андай айыптоолорду четке кагып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG