Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

АКШнын коргоо министри Орусияны “кылыч булгалоону” токтотууга чакырды


Коргоо министри Эштон Картер 3-майда Штутгартта cүйлөп жаткан учуру, Германия
Коргоо министри Эштон Картер 3-майда Штутгартта cүйлөп жаткан учуру, Германия

Коргоо министри Эштон Картер Орусияны “кансыз согуш” мезгилине кайтууну, НАТОну күжүрмөн даярдыкка келүүгө аргасыз кылып жаткан “курал менен ойноону” токтотууга үндөдү. Европадагы НАТО күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы генерал Куртис Майк Скапароттинин кызматка киришүүсүнө байланыштуу 3-майда Германиянын Штутгарт шаарында сүйлөгөн Эштон Картер “биз Орусияны душманга айлантууну көздөгөн жокпуз” деди.

“Биз Орусия менен кансыз да, кандуу да согуш издебейбиз. Бирок биз союздаштарыбызды эл аралык нормаларга ылайык коргойбуз, башкача болот дегендер жаңылат” деди. Картер Орусиянын Крымды ээлеп алышын, Чыгыш Украинада жаңжалга аралашуусун айтып, Балтика жээгиндеги мамлекеттерди коркутууга аракеттенүүдө деп сындады.

“Орусиянын өзөктүк куралды колдонуу жөнүндөгү сөздөрү өзгөчө кооптонууларды жаратат” деди Эш Картер. Орусия өз кезегинде НАТО анын чек арасына жакын жерге аскердик инфраструктурасын жайгаштырууда деп айыптап келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG