Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Трамп республикачылардын расмий талапкери болууга жакындады


3-майда Индиана штатында өткөрүлгөн праймеризде Дональд Трамп жеңип чыкты. Шайлоонун жыйынтыгынан кийин анын негизги атаандашы Тед Круз шайлоо өнөктүгүнөн чыкканын жарыялады. Республика партиясынын төрагасы Рейнс Прибус Дональд Трампты “Республика партиясынын мүмкүн болуучу талапкер” деп атап, калган республикачыларды биригип Хиллари Клинтонду жеңүүгө чакырды.

Ошол эле күнү Индиана штатында демократтар дагы праймериз өткөрүп, анда Хиллари Клинтон Берни Сандерстен утулуп калды. Ага карабай талапкер болууга зарыл болгон 92% добуш жыйнаган Клинтон июль айында Демократиялык партиянын курултайында президенттикке талапкер болуп көрөтүлөрүнө ишенимдүү экени айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG