Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Калифорнияда Дональд Трамптын эл менен жолугуусу кыйынчылык менен коштолууда


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Берлингем шаарында жүздөгөн демонстранттар мейманканага жакын жердеги тосмону бузуп кирип, ал жердеги полицияларга жумуртка ыргытышты. Ал жерде президенттикке республикачылардан талапкерликке ат салышып жаткан Дональд Трамп сүйлөмөк.

Чогулгандар мейманканага кирчү негизги эшиктерди тосуп алгандыктан, Трамп сүйлөй турган жерге кошумча эшик аркылуу чыгып барууга аргасыз болду. Буга байланыштуу ал сөзүн кечирээк баштап калды. Трамп мындан кийин өзүн чек арадан өтүп бараткандай сезгенин жана кир, чаң жерлер аркылуу өтүүгө мажбур болгонун билдирди. Бир күн мурда анын Калифорниядагы Коста-Меса шаарындагы сөзү дагы каршылык акциялары менен коштолгон. Анда чогулгандар полициянын унаасынын терезелерин талкалап, 20 киши камалган. Демонстранттар негизинен Трамптын иммиграциялык демилгелерине каршы болууда. Анткени ал АКШ менен Мексиканын чек арасында дубал куруу керектигин айтып, мексикалыктарды "зордукчул жана наркодилерлер" деп атаган. Калифорнияда болсо мексикалыктар калктын басымдуу бөлүгүн түзөт. Трампка каршы акциялар бул аймакта 7-июнга чейин, республикачылардын праймеризине (алдын ала шайлоо) чейин созулары айтылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG