Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

“Мен Конституция менен жашайм” аттуу флешмоб өтөт


Иш-чара Конституциянын кабыл алынгандыгынын 23 жылдыгына карата өткөрүлгөнү жатат. Анын башкы максаты – жарандарга Конституция кепилдик берген укук, эркиндиктери туурасында айтып берүү гана эмес, ошол эле учурда мамлекеттик мыйзамга урмат-сыйды калыптандыруунун маанилүүлүгүн да түшүндүрүү болуп саналат.

Флеш-мобго “Көчмөн” жаштар уюму жана жарандык активисттер катышат. Алар “Россия” кинотеатрында жана “Айчүрөк” соода борборунун аймагында чогулуп, Чүй проспектисинен эски аянтка чейин жөө жүрүш жасап, жолдогу жарандарга Конституциянын негиздерин камтыган календарларды таратышат.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Эгемендик жылдарында ал бир нече ирет өзгөргөн. Ар өзгөргөн сайын президенттин бийлиги күчтөнүп келген. Азыркы Конституция 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган. Аны өзгөртүүгө 2020-жылга чейин мараторий киргизилгени менен бүгүн дагы өзгөртүү демилгелери көтөрүлүп келет. Коомчулукта "Конституциянын өзгөртүлүшү авторитаризмге жол ачышы ыктымал" деген кооптонуулар айтылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG