Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

“Түнкү карышкырлар” Москва-Берлин мотожүрүшүн баштады


Александр Залдостанов баштаган байкерлер 29-апрелде сапарга чыгышты.
Александр Залдостанов баштаган байкерлер 29-апрелде сапарга чыгышты.

Мотожүрүшкө байланыштуу Польшанын Москвадагы элчиси Катажина Пельчинская-Наленч Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Орус өкмөтү андан поляк бийлиги жыл сайын уюштурулуучу мотожүрүшкө уруксат берүүсү керектигин сурады. Буга чейин Польша орусиялык байкерлердин өлкө аралап өтүүсүнө макул болгон эмес эле.

Өздөрүн “Түнкү карышкырлар” деп атаган топ Жеңиш майрамына карата жыл сайын Европанын бир катар мамлекеттерин аралап мотожүруш уюштурушат. Алардын акыркы чекити Берлин болот.

Топтун лидери – Александр Залдостанов. Ал Европа Биримдигинин жана АКШнын "кара тизмесине" киргизилген жана анын аталган аймактарга кирүүсүнө тыюу салынган. Ага карабай “Түнкү карышкырлар” 29-апрелде эртең менен Москвадан жолго чыгышты. План боюнча алар Беларус, Польша, Словакия, Австрия жана Чехиядан өтүшүп, 9-майда Берлинде болушат.

XS
SM
MD
LG