Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Порошенко Путинди айыптады


Украина президенти Петро Порошенко
Украина президенти Петро Порошенко

Украина президенти Петро Порошенко Мүнхенде өтүп жаткан эл аралык коопсуздук жыйынында сүйлөп жатып, Орусия президенти Владимир Путинди агрессияга алдырып жатат деп айыптады:

– Путин мырза, Украинада жарандык согуш болгон жок. Бул сиздин агрессияңыз. Сиздин аскерлериңиз менин өлкөмө бастырып кирип алды,-деди Порошенко.

Украина мамлекет башчысы Донбасстагы кандуу калабаны басуу үчүн Москваны Минскиде кабыл алынган келишимди аткарууга чакырды.

Быйыл Мүнхендеги эл аралык коопсуздук жыйынына орус президенти Владимир Путин барган жок. Кремлдин атынан өкмөт башчы Дмитрий Медведев катышып, Минск келишимин сактабай жатат деп Киевди айыптады. (SE)

XS
SM
MD
LG