Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Рим папасы менен патриарх Кирилл макулдашууга кол коюшту


Рим папасы Франциск менен Орус чиркөөсүнүн патриархы Кирилл
Рим папасы Франциск менен Орус чиркөөсүнүн патриархы Кирилл

Рим папасы Франциск менен Москва патриархы Кирилл биргелешкен декларацияга кол коюшту. Анда Жакынкы Чыгыштагы христиандарды коргоого эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу маселеси да көтөрүлгөн.

Документте Сирия жана Ирактагы зомбулуктан улам миңдеген өмүрлөр солуп, миллиондогон жарандар ачка калганы белгиленет. Рип папасы менен патриарх жабыркаган элге жана жүз миңдеген качкындарга жардам берүү зарыл экенин кошумчалашкан.

Андан сырткары, Жакынкы Чыгышта кордук көрүп жаткан христиан коомчулугу жардамга муктаж экени айтылат. Бул жаатта чиркөөлөр бир нукка түшкөн ишмердик жүргүзүшү керектиги жазылат документте.

Ошондой эле патриарх Кирилл менен Рим Папасы Франциск Украинадагы согушту тынчтык жолу менен жөнгө салууга да чакырык ташташты.

Декларацияда бир жыныстуу никелердин да туура эместиги жөнүндө белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG