Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

АКШ окумуштуулары гравитация толкундарын табышты


АКШ илимпоздору эки кара туңгуюктун кагылышынан пайда болгон гравитациялык толкундарды байкашканын билдиришти. Дүйнө окумуштууларынын кызыгуусун арттырган ачылыш космоско байкоо салуунун жана гравитацияны түшүнүүнүн жаңы ыкмасын пайда кылары айтылууда.

Астрофизиктердин эл аралык командасы Гравитациялык-толкундук обсерваториянын лазердик интерферометрлери (LIGO) деп аталган, баасы 1,1 млрд долларлык сезгич приборлорду колдонуп келишет. Аны Кошмо Штаттардын эки жерине коюшуп, Жерден 1,3 млрд жарык жыл аралыктагы кара туңгуюктардан пайда болгон гравитациялык толкундарды байкоого пайдаланды. Илимдеги бул жетишкендик тууралуу толук бир кылым мурда эле Альберт Эйнштейн болжолдогон экен. Гравитациялык толкундар илимде мейкиндик-убакыт чегинде жыбыраган, көзгө элестелбеген, убакытты өйдө-төмөн, оң-сол ченемдерине айкалыштырган төртүнчү ченем деп айтылат.

XS
SM
MD
LG