Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Кыргызстан менен АКШ кызматташууну калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө


АКШ Мамлекеттик департаменти.
АКШ Мамлекеттик департаменти.

Бул багытта тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын АКШнын Кыргызстандагы элчисинин маалымат катчысы Жон Браун 10-февралда билдирди:

-Америка Кошмо Штаттары жана Кыргыз Республикасы эки тарапты кызыктырган суроолор боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүдө. Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өз ара кызматташуубузду бекемдөө максатында биргеликте иштешүүгө даярдыгын жогору баалайбыз. Биз эки элдин кызыкчылыктарына жооп берген ишеничтин, теңдиктин жана өз ара урматтоонун негизинде, бири-бирибиз менен болгон мамилени жакшыртуунун жолдорун табууга умтулабыз.

9-февралда Жогорку Кенештин төрагасы Асылбек Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни айымды кабыл алып, анда эки тарап кызматташуу боюнча жаңы келишимдин үстүндө иштеп жатканы кабарланган.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси "Манас" аба майданынан Транзиттик борбордун чыгарылышы менен салкындап, АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгы Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго ыйгарылышы менен начарлаган. Кыргыз бийлиги Кошмо Штаттар менен 1993-жылы Вашингтондо кол коюлган эки тараптуу кызматташуу келишимин бузууга барган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG