Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Украин президенти реформалар токтобосун Эл аралык валюта коруна маалымдады


Украин президенти Петро Порошенко.2016
Украин президенти Петро Порошенко.2016

Президент Петро Порошенко Эл аралык валюта корунун жетекчиси Кристин Лагард менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөдө экономикалык реформа жана коррупцияга каршы күрөш токтотулбасын билдирди. Сүйлөшүүдө эки тарап реформаларды жылдыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча “жол картасын” түзүп, анын негизинде иштөөнү макулдашты.

Эл аралык валюта корунун жетекчиси 10-февралдагы билдирүүсүндө Украинада экономикалык реформа жана коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүргүзүлбөсө 17 млрд. доллар өлчөмүндө жардам токтотулуш мүмкүндүгүн эскерткен. Мындай билдирүү Украинанын экономика министри Айварис Абромавичустун башкаруучу коалициядагы коррупцияга байланыштуу кызматынан кетүүсүнөн кийин чыкты. (AiT)

XS
SM
MD
LG